Сербияда 20 жыл мурдагы журналисттин өлүмү боюнча өкүм чыкты
Сербияда чалгын кызматынын мурдагы төрт кызматкери 20 жыл илгери журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу узак жылдарга кесилишти. Көз карандысыз эки гезиттин редактору жана ээси Славко Курувия 1999-жылдын 11-апрелинде Белграддагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал ошол кездеги Югославиянын президенти Слободан Милошевичти сындап жүргөндөрдөн болчу. Белграддын соту 5-апрелде ал маалдагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Раде Марковичти, чалгын офицери Милан Радоничти 30 жылдан кести. Ушул... Читать дальше...