123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 28.04.2019

Испаниядагы шайлоодо социалисттер алдыга чыгышты

Azattyk.org 

Испанияда соңку төрт жылдын ичинде үчүнчү жолу өтүп жаткан чукул парламенттик шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты. Экзит-поллдор премьер-министр Педро Санчес жетектеген Испаниянын социалисттик жумушчу партиясы жалпы добуштардын 30 пайызга чукулун алганын көрсөтүп жатат. Алдын ала жыйынтыктар ырасталса, социалисттер коалиция түзүү үчүн башка партиялардын колдоосуна муктаж болот. Экзит-поллдорго ылайык, Пабло Касадо жетектеген "Элдик партия" добуштардын 16,8 пайызын, Альберт Риверанын "Жарандар" блогу 14 пайызын алды. Читать дальше...

Судан: армия менен оппозиция бирдиктүү кеңеш түзмөй болушту

Azattyk.org 

Судандын аскердик жетекчилери менен оппозиция лидерлери эки тараптын өкүлдөрүнөн турган бирдиктүү башкаруучу кеңеш түзмөй болушту. "Биз жарандык коомдун жана армиянын өкүлдөрүнүн биргелешкен кеңешин түзүүнү макулдаштык", - деп билдирди 27-апрелде демонстранттардын лидери Ахмед ал-Рабиа. Мындай чечим эки тараптын өлкөнү дээрлик отуз жыл башкарган Омар ал-Башир кызматтан четтетилгенден берки биринчи расмий сүйлөшүүсүндө кабыл алынды. Бирок азырынча жаңы түзүлө турган кеңешке эки тараптан канча киши мүчө болоору айтыла элек. Читать дальше...

Ооганстан: "Лоя жырга" тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулайт

Azattyk.org 

Ооганстандын "Лоя жырга" деген ат менен белгилүү улуттук курултайы 29-апрелде АКШ жетектеген тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулаганы жатат. Уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген бул жыйынга Ооганстандын аймактарынан 2 миңге чукул киши катышмакчы. 28-апрелде президент Ашраф Ганинин атайын чабарманы Омар Даудзай "Лоя жырга" "Талибан" кыймылы менен "оогандардын өз ара сүйлөшүүсүнө" шарт түзөөрүн айтты. Бирок бир катар жогорку даражалуу расмий өкүлдөр... Читать дальше...



Журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгы тапшырылды

Azattyk.org 

27-28-апрель күндөрү “Internews” уюму уюштурган “MediaToptoo” форуму журналисттерге “Умтулуу” сыйлыгын тапшыруу менен аяктады. Калыстар тобунун төрагасы, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марс Төлөгөнов бул ирет 158 макала-баян түшкөнүн айтты. Алардын арасынан жети багытта жеңүүчүлөр аныкталды. -"Коом жана бийлик" номинациясы "Media kitchen" уюмуна "Демилге" тасмасы үчүн берилди. -"Балалыкты коргоо" номинациясы НТС каналына балдарды багып алган үй-бүлө тууралуу видеобаяны үчүн берилди. Читать дальше...

Иран өзөктүк куралга каршы келишимден чыгаарын кыйытты

Azattyk.org 

Тегеран Вашингтондун санкцияларды күчөтүү аракетине жооп катары Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 28-апрелде билдиргенин ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап чыгышты. "Ислам республикасынын тандоосу көп. Өлкө бийлиги аларды караштырып жатат. Алардын арасында Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимден чыгуу жолу да бар", - деп билдирди Зариф. Анын алдында Ирандын башкы генералы Мохаммад Багхери эгер кастык мамиле улана берсе... Читать дальше...

Шри-Ланка: жардырууга шектелген кишинин жакындары окко учту

Azattyk.org 

Шри-Ланкада бир жума мурдагы "жанкечти жардырууларынын артында турат" деп шектелген Захран Хашимдин атасы менен эки бир тууганы полициянын рейди маалында окко учту. Бул маалыматты өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жана шектүүнүн туугандары 28-апрелде ырасташты. Эки күн мурда полиция шектүүнүн Шри-Ланканын чыгышындагы үйүнө басып кирген. Натыйжада ортодо атышуу чыгып, андан 15 киши менен кошо Заини Хашим, Рилван Хашим жана алардын атасы Мохамед Хашим мерт болгон. Шри-Ланканын полициясы Захран Хашим... Читать дальше...



Балыкчыда уран кенинин иштешине каршы тынчтык митинги өтөт

Azattyk.org 

Эртең, 29-апрель күнү Балыкчы шаарында уран кенинин иштешине каршы тынчтык митинги болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» Балыкчынын вице-мэри Алишер Таабалдиев билдирди. Анын айтымында, 29-апрелге пландалып жаткан Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тыюу салган. Ал эми митингге уруксат берилген. Митинг Балыкчы мэриясынын имаратынын алдында таңкы саат 10дон 12ге чейин өтөрү белгиленген. (AsM)

«Ала-Арча» резиденциясындагы өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди: - Бүгүн резиденциянын аймагындагы имараттардын биринин чатыры күйдү, толук эмес, бир бөлүгү. Өрт өчүрүүгө беш автоунаа тартылган. Жабыр тарткандар жок. Өрт чектөөгө саат 16:37де алынып, андан ары өрчүшүнө жол берилген жок. «Ала-Арча» резиденциясы баш калаанын түштүк тарабында жайгашкан. Анда президент, өкмөттүн, парламенттин башчылары жана башка жетекчилер жашайт. Читать дальше...

Испанияда кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Испанияда бүгүн 28-апрелде кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жыйынтыгында Конгресске 350, Сенатка 208 өкүл шайланып келет. Добуш берүүчүлөрдүн саны 37 миллион испан жараны, алардын эки миллиону чет мамлекеттерде жашагандар. Социологиялык сурамжылоолорго караганда, алдыда премьер-министр Педро Санчестин Социалисттик жумушчу партиясы келе жатат. Анын башкы атаандашы – консервативдик Элдик партия. Үгүт өнөктүгү жүрүп жатканда оппозиция Педро Санчести каталониялыктарды «коштоп жатат» деп айыптаган... Читать дальше...

Жээнбеков Кытайдын «Sinomach» корпорациясын кызматташууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайдын ири ишканаларынын бири «Sinomach» корпорациясын кызматташууга чакырды. Бээжинде иш сапарында жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 28-апрелде аталган ишканага барды. Ал биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылып, Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлорго зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстанда калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашай турганын, ошондуктан айыл чарба долбоорлоруна чоң көңүл буруларын айтты. Аталган комания өнөр жай... Читать дальше...

Кара сөздүн жомокчусу

Azattyk.org 

Студенттик күндөрдө Бейшебай Усубалиевдин аңгемелери менен алгач таанышканымда кудум Чеховду окуп жаткандай тамшанып да, таң калып да окуганым эсимде.

29-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

29-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23, Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,  Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20, Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Мал чарбасына 60 миллион доллар бөлүнөт

Azattyk.org 

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд (IDAF) Кыргызстанга 60 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, «Мал чарбасынын туруктуулугу» долбоорун ишке ашыруу 2020-жылы башталат. Өткөн аптада IDAF уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, абал менен жеринен таанышып кетишти. Алар аймактарды кыдырып, агроөнөр жай ишканаларынын жетекчилери, жеке мал доктурлар... Читать дальше...


Музыкальные новости
Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.





Персональные новости
Анастасия Ивлеева

Суд рассмотрит 25 апреля протокол на Ивлееву за дискредитацию ВС России





Зеленский Путинге: Паспорт беребиз деп азгырып убара болбогула

Azattyk.org 

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кремлде бардык украиналыктарга орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканы тууралуу билдирүүсү боюнча пикирин айтты. «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Зеленский  «Украинанын жарандарына паспорт беребиз деп азгырып убара болбой эле койгула» деп жазды. «Украиналыктар орус паспорту бере турган укуктар кайсылар экенин жакшы билишет. Бул – тынч акцияга чыкканы үчүн камалуу укугу... Читать дальше...

Кыргызстандын мыкты азанчылары аныкталды

Azattyk.org 

Бишкекте азанчылардын республикалык сынагынын жыйынтыгы чыкты. Жалпысынан бардык аймактардан сынакка 1000дей адам катышып, арасынан тандалып алынган 27си финалдык таймашка катышты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна сынакка демилгечи болгон «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмесинин өкүлү Арыпбек Айтбаев билдирди: - Азанчылардын деңгээлин көтөрүү, азанды жакшы айткандарды даңазалоо максатында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлдү. Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан үчтөн азанчы тандалып алынды. Читать дальше...

Православ чиркөөсү Пасха майрамын белгилөөдө

Azattyk.org 

Бүгүн 28-апреле Кыргызстанда православ христиандары Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күндү белгилөө Бишкектеги борбордук чиркөөдө түндө башталган.  Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Пасха жашоонун жарыгынын жана жаңылануунун, гуманизмдин символу экенин белгилеп, бул майрам адамдардын жакшылыкка жана акыйкаттыкка үмүтүн бекемдерин айтты.  «Кыргызстан эли Нооруз, Орозо Айт, Курман Айт, Рождество жана Пасха майрамдарын чогуу белгилеп жүргөнү кубандырат» деди президент. ... Читать дальше...

Өмүркулов: Атамбаевдин тушунда «кол тийгистер кастасы» түзүлүп калган

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда жетекчилик кызматтарга билими жана тажрыйбасы жоктор дайындалып, алар өзүнчө катмарга айланып калышкан. Мындай пикирин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Өмүркуловдун айтымында, Атамбаев президент болуп турганда өлкөдө саясий куугунтукка жол берилген.  - Ошол куугунтук, албетте, коомго, айрыкча күч органдарынын ишине таасирин тийгизди, - деди ал. - «Кол тийгистер кастасы» пайда болду. Читать дальше...

АКШ: Синагогада ок атылып, бир аял каза болду

Azattyk.org 

АКШда синагогага курал менен коюлган чабуулдан бир аял курман болду. Окуя ишемби күнү Калифорниянын Сан-Диего шаарында болгон. Дарыгерлердин айтымында, дагы үч адам, анын арасында бир жашар ымыркай бар, бирок алардын өмүрү коркунучта эмес. Полиция кол салуу үчүн жергиликтүү тургун, 19 жаштагы Жон Эрнст шек саналып жатканын, ал 10 жолу ок атып, машине менен качып кеткенин билдирди. Бирок көп өтпөй колго түшүрүлгөн. Өлкө президенти Дональд Трамп полицияга жана кылмышкерди кармап калууга жетишкен кароолчуга ыраазычылыгын билдирди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Продлить жизнь помогут движение, отсутствие стресса и добрые друзья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Россиянин Сафиуллин потерял четыре места в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московскую компанию заподозрили в хищении 103 млн рублей при реализации нацпроекта в Орле





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

VII Всебелорусское народное собрание: основные заявления Александра Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

В РПЦ отказались называть причины запрета в служении иерея Сафронова, отпевавшего Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Маркелова

Продолжается реализации проекта - победителя 1 конкурса 2024 года Фонда президентских грантов «Интеграция в общество детей и подростков с ментальными особенностями методами адаптивной гимнастики»



Москва

Синоптик Вильфанд: в Москве завтра и послезавтра ожидаются дожди с грозами

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net