123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 06.04.2019

Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек»

Azattyk.org 

Апрель окуяларынын тогуз жылдыгынын алдында «Азаттык» радиосу «Ата-Мекен» партиясынын лидери, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, учурда камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаевге бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

Караколдогу бейөкмөт уюмдун кеңсесинде өрт чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан "Спектр" коомдук фондунун кеңсесинде өрт чыкты. Өрт өчүрүү кызматынын алдын ала маалыматына ылайык өрт атайылап коюлган. "Тилсиз жоодон" жабыркагандар жок.  Эки бөлмөлүү кеңседеги буюмдар ар кайсы жерде чачылып жатат. Уюмдун кызматкерлери кеңседе баалуу буюмдар болбогонун, бирок көп жылдан бери чогултулуп келген баалуу документтер күйүп кеткенин айтышууда. Кыйноого каршы коалиция өрттү "Спектр" коомдук фондунун ишмердигине жана жарандык позициясына байланыштырды. Читать дальше...



Атамбаев КСДПнын курултайын өткөрдү

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) курултай өткөрдү. Жабык өткөн жыйындан кийин Атамбаев саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин маалымдады.

Алмазбек Атамбаев: Эл алдында тазамын

Azattyk.org 

6-апрелде Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өттү. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер иш-чарага киргизилген жок. Курултайда мурдагы саясий кеңеш жоюлуп, жаңы саясий кеңеш түзүлдү.

Эмгек сиңирген артист Жаркын Балыкбаева дүйнө салды

Azattyk.org 

Эмгек сиңирген артист, театрдын алдыңкы актрисаларынын бири Жаркын Балыкбаева узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнө салды. Актриса Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштечү. Жаркын Балыкбаева Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ырчы Мойдунов мындан төрт жыл мурун жүрөгүндөгү дарттан каза тапкан. Ооруканада көз жумган актрисанын сөөгү 8-апрелде жерге берилет. (KR)



Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 7-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Талас жергесинде түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17, Баткен облусунда түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

Базар-Коргондогу базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлдү

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы борбордук базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлүп, акыркы бир аптанын ичинде эки жолу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун акими Айбек Бегимкулов «Азаттыкка» билдирди:  - Жаз алды менен райондогу айылдарда элдик жыйындар өтүп, анда жергиликтүү тургундар борбордук базарды иретке келтирүүнү талап кылышты. Чындыгында район борборундагы чоң базарга башка жактан да келип соода кылышат. Өткөн жумада өрт өчүрүү жана башка тийиштүү кызматтар менен базардын ичинде рейд... Читать дальше...

КСДПнын саясий кеңешинин жаңы курамы 42 кишиден турат (тизме)

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайында мурдагы саясий кеңеш жоюлуп, жаңы саясий кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу партиянын өкүлү Асел Кодуранова кабарлады.  Саясий кеңештин курамына парламенттин сегиз депутаты, журналисттер жана коомдук ишмерлер кирди. 1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович. 2. Абдыразаков Батырбек Шайдуллаевич 3. Айтикеев Мирбек Онолбекович 4. Артыков Анвар Артыкович 5. Ашканбаев Таалай Таабалдиевич 6. Борбукеева Рита Нурманбетовна 7. Докенов Эрнис Шарапидинович 8. Читать дальше...

Абдирасулова: коомчулук Атамбаевди өзү бузду

Azattyk.org 

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова экс-президент Атамбаевдин кечирим сураганын кабыл алып, ага ыраазы экенин «Азаттыкка» билдирди: - Биздин коомчулук эки жүздүү. Бийликте турган кишиден коркуп, айбыгып, сыйлап турабыз. Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде катачылык кетирип жатты. Анын катачылыгын айтсак, башкалар бизге чабуул коюп жатышты. А бүгүн Атамбаевди «жакшы» дегендер ага каршы чыгып жатышпайбы. Мен ошого ыза болдум. Эгер биз Атамбаевди колдосок ал жакшы эле президент болмок. Атамбаевди коомчулук, өзүбүз буздук. Читать дальше...

Муфтият тор соода, пластикалык операция жана эмдөө боюнча чечим чыгарды

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.  Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам түйүндүк маркетингге (тор соодага) тыюу салынды.  Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды. «Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган... Читать дальше...

«6-апрелди жек көрөм...»

Azattyk.org 

2010-жылдагы апрель окуяларына быйыл тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган. 6-апрелде Талас районунун тургуну Нурлан Рыскуловго эки ок тийген. Каргашалуу окуядан кийин бир топ жыл ооруп жүрүп, 2013-жылы 37 жашында кырсыктан каза тапкан. Маркумдун жубайы Тамара Рыскулова апрель ыңкылабын, күйөөсүнүн тагдырын ый аралаш эскерди.

Момбеков: Атамбаев башкаруу учурундагы каталарын мойнуна алды

Azattyk.org 

6-апрелде өткөн КСДПнын курултайынан чыгып, журналисттерге сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаев өз каталарын мойнуна алганын айтты. Ал ошондой эле өзүнө жана учурда Атамбаевдин жанында жүргөндөргө карата бийлик кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады: - «Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. Читать дальше...

Кодуранова: жаңы саясий кеңеште парламенттин 8 депутаты бар

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Асел Кодуранова партиянын курултайынан кийин журналисттерге чыгып сөз сүйлөп жатып, мурунку саясий кеңеш жоюлганын жана жаңысы түзүлгөнүн айтты: - Мурунку саясий кеңешти жокко чыгарып, жаңысын шайладык. Анын курамына 55 киши кирди. Анда Жогорку Кеңештен 8 депутат бар. Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП курултай өткөрдү. Ага «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок.

Экс-президент укук коргоочудан кечирим сурады

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев алар менен биригүүгө кол сунган адамдарга ыраазычылыгын билдирди: - «Биригебиз» деген ар бир адамга сүйүнөбүз. Жарандык коомдун өкүлдөрү жазган сөздөрүн окуп ыраазы болуп жатам. Азиза Абдирасуловага рахмат. Менден күнөө кетсе кечирип койсун. Ошондой адамдарга ыраазымын, - деди Атамбаев. Бүгүн «Форум» имаратында КСДПнын курултайы жабык өттү.


Музыкальные новости
Валерий Гергиев

Валерий Гергиев — о судьбе театров после объединения Мариинки и Большого





Персональные новости
Виктор Золотов

Генерал армии Виктор Золотов поздравил военнослужащих, сотрудников и ветеранов Сибирского округа Росгвардии с годовщиной создания объединения





Алмазбек Атамбаев: Биз саткандарга кошулбайбыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, 4-апрелде экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирди: - Чектөөлөр мыйзамсыз. Алар Конституцияга каршы келет. Берки курултайды уюштургандардан "Негизги максатыңар кандай?" деп сураган турбайсыңарбы. Негизги максаты - Атамбаевди каматуу. Ал партиянын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турат. Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен эл алдында, Кудай алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөш эмес... Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык келинди өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

5-апрелде Түркиянын Манавгат 2-аймактык соту кыргызстандык Екатерина Четиндин өлүмү боюнча өкүм чыгарды.  Сотто 42 жаштагы түрк жараны Мехмет Четин "жеңеси Екатерина Четинди өлтүргөн" деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. 2018-жылы 27-февралда Анталиянын Манавгат аймагында 34 жаштагы Екатеринанын сөөгү табылган. Екатеринаны кайниси муунтуп өлтүрүп, андан кийин полиция чакырганын жергиликтүү басылмалар жазышкан. Анталия шаардык прокуратурасы чогулткан далилдерге караганда, келин күйөөсү менен ажырашуу үчүн сотко кайрылган. Читать дальше...

Бишкекте түрдүү дин өкүлдөрү көчөт отургузушту

Azattyk.org 

Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдо эс алуу паркына 100 даана көчөт тигишти. 6-апрелдеги саамалыкка элүүдөн ашуун адам чогулду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат Токтомушев, Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн эпискобу Даниил жана башка диний уюмдардын лидерлери жана өкүлдөрү эс алуу багынын түрдүү аймагына жаңы көчөттөрдү отургузушту. Дарактарды Бишкек мэриясынын Жашылдандыруу чарбасы берди.  Көчөт отургузуу иш-чарасын Дин иштери... Читать дальше...

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: кечээ жана бүгүн

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, мамлекетти 15 саясатчыдан турган Убактылуу өкмөт колуна алган. «Азаттык» Убактылуу өкмөттө мүчө болгон саясатчылардын жолуна жана учурдагы абалына сереп салды.

Спорт в России и мире
Москва

Пункты проката спортинвентаря откроются в парках Москвы 1 мая


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Запрещено в служении проводившему панихиду по Навальному священнику



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Коммерсантъ

ДЭГ местного значения // Суд оставил в силе итоги электронного голосования на выборах президента



Москва

Житель Приморья получил 17 лет за убийство на встрече выпускников

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net