Энергетиктердин насыя боюнча карызы 102 миллиард сомго жетти
![Энергетиктердин насыя боюнча карызы 102 миллиард сомго жетти](https://gdb.rferl.org/27E07F40-AF84-485C-8EB1-8543ED9AF5E2_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга алган насыялар боюнча карызы бүгүнкү күндө 102 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.
Өкмөт башчынын белгилешинче, “Бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көп”.
- Быйыл биз бул карыздын 4,6 миллиард сомун төлөшүбүз керек. Ал эми карыз төлөөнүн чокусу бул тармак боюнча 2025-жылы 10 млрд 300 млн сомго чыгат. Бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулук алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт, - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (RK)