ИИМ: Чыңгыз Жумагулов кармалды
![ИИМ: Чыңгыз Жумагулов кармалды](https://gdb.rferl.org/92618203-55F0-4EB8-AACF-0D08B1416132_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Эки кишинин өлүмү үчүн шектелип жаткан, кылмыш дүйнөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал болгон 38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында ал борбор калаанын Исанов көчөсүнөн кармалган. Сурак берген соң, убактылуу кармоочу жайга киргизилери айтылды.
Чыңгыз Жумагулов быйыл февраль айында эле түрмөдөн жатак абакка которулган.
ИИМдин маалыматы боюнча, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик «Камек» клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жатып каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү жан берген. Кылмышка шектүү катары эки киши кармалып, үчүнчү киши, Жумагуловго издөө жарыяланган болчу.
Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага «киши өлтүрүүгө катышкан», «бийлик өкүлүнө күч колдонгон», «ээнбаштык кылган» жана «кылмыш тобун түзгөн» деген айыптар тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2018-жылы 17-январда Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон.
Эки апта өтпөй ал Жогорку соттун чечими менен кайра камакка алынып, №3 колонияга киргизилген. 2019-жылы февраль айында ал жатак абакка которулган. (КЕ)