Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчетун угат
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (КЕ)