Министрди ташыган кымбат машина аймактарды кыдырууда
![Министрди ташыган кымбат машина аймактарды кыдырууда](https://gdb.rferl.org/FB42115B-9FE3-4ACC-8E8C-D8BB8142A7D1_w800_h450.jpg)
Саламаттыкты сактоо министри айдатып жүргөн кымбат автоунаа “Жыйынтыктын негизинде каржылоо” долбоорун ишке ашыруунун негизинде аймактарды кыдырууга пайдаланылып жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна долбоордун жетекчиси Клара Өскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишин жакшыртуу максатында эксперттер дээрлик бардык облустарды кыдырып келишти.
- Мурда эскирген Нива менен жүрүп, бузулуп, жолдо калып адистерибиз барбайбыз деп ыйлачу. Азыр кичине жакшы.
Быйыл жыл башында Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн Дүйнөлүк банктын акчасына 82 миң долларлык деген жолтандабас сатылып алынганы тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланган.
Депутат Абдувахап Нурбаев да тармактын абалы оор болуп турган учурда министрдин мындай кымбат машине менен жүрүүгө моралдык акысы жок экенин айтып чыккан.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Азаттыктагы” маегинде кызматтык машине алуу маселеси ага чейин эле чечилгенин айтып, “Мен бул кызматтык автоунааны минбей деле коём. Аны гаражга токтотуп коюп же өкмөткө деле өткөрүп беребиз,” - деген.
Коомчулуктун кескин сынынан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилгенин депутат Аида Исмаилова парламент жыйынында билдирген. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин донорлук жана гранттык каражаттарды кандай сарптаганын текшерүүнү да сунуш кылды. Ушундай эле кымбат автоунаа Медициналык камсыздандыруу фондуна да сатылып алынган.
Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Дүйнөлүк банктын акчасына 82 миң долларлык жолтандабас сатылып алынганы тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланган. (КЕ)