Юстиция министрлиги референдум боюнча мыйзам долбоорун каттады
Юстиция министрлиги "Мекенчил күчтөр" кыймылы иштеп чыккан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун каттоого алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бусурманкулов билдирди.
- Биз Юстиция министрлигинен күбөлүк алдык. Эми мыйзамда көрсөтүлгөн убактылар менен кол топтоону баштайбыз.
Мыйзам боюнча 10 миң кол топтолгон соң референдум дайындоо үчүн мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке тапшырылат.
Кыргызстандагы "Коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр" кыймылы "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны ишке ашыруу үчүн 12 кишиден турган демилге тобу түзүлгөн. Аны жарандык активист Айбек Бусурманкулов жетектейт.
Мыйзамдын долбооруна конституциялык реформа, мамлекеттик башкаруу системасынын кайсы бир түрүн коолдоо, "элдик курултай" институту жана ЖК депутаттарын шайлоо системасы боюнча төрт суроо киргизилген. (КЕ)