Мэрия Бабановдун тарапкерлерине Горький гүлбагын сунуш кылууда
![Мэрия Бабановдун тарапкерлерине Горький гүлбагын сунуш кылууда](https://gdb.rferl.org/268C14DA-1946-444F-9DDA-B204BAA83B2D_w800_h450.jpg)
13-апрелде Бишкектеги Эски аянтта өкмөт башчынын катышуусу менен Саламаттык сактоо министрлигинин чоң иш-чарасы өтөт. Ошондуктан мэрия Бабановдун тарапкерлерине ал күнү аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бере албайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди:
- Мэрия тынч митинг өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок бизге Саламаттык сактоо министрлиги 27-мартта эле кат менен кайрылып, 13-апрелде Эски аянтта иш-чара өтөрү тууралуу кабар берген. Биз эки иш-чараны бир жерге өткөрүүгө уруксат бере албайбыз. Ал эми борбордук аянтта Шаар күнүнө карата ири репетиция болот. Ошондуктан борбордук аянтка да уруксат бере албайбыз. Биз аларга митингин аянттарга танапташ эле жайгашкан Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылдык. Бул жерге деле он миң киши батат.
Түлөбаевдин айтуусунда, шаардын жетекчилиги митингчилердин коопсуздугун да камсыз кылып берүүнү мойнуна алган.
Мурдараак «Республика» партиясы өз лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишинин урматына 13-апрелде Эски аянтта митинг өткөрөрүн билдирген. Кийинчерээк «буга шаардык мэрия тоскоолдук кылып жатат» деген жүйө менен сотко кайрылган.
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.
УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.
Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (ZKo)