БУУ: Триполиде бери дегенде 56 киши каза болду
Триполинин чет жакасындагы салгылаштардан алты күн ичинде эле бери дегенде 56 киши каза болуп, жүздөгөн адам жараат алды. Миңдейи үй-жайын таштап, бул райондон чыгып кетишти. Бириккен Улуттар Уюму 11-апрелде “өлкө абдан кооптуу абалда” турганын эскертти.
БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга үндөп, “Азыр да кеч эмес” деп аскерий аракеттерди токтотууга чакырды.
“Ок атууну, Триполи үчүн кандуу согушту токтотууга убакыт келип жетти”, - деди ал.
“Рейтерс” агенттигинин журналисти 11-апрелде баш калаадан жана салгылашууда талкаланган эл аралык аэропорттон алыс эмес жерде атышуу, жардыруунун добушу чыгып жатканын жазды.
Өткөн жумада Ливиянын Халифа Хафтар жетектеген улуттук армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулун баштаган. Анын кесепетинен ондогон адам өлүп, жүздөгөн киши шаарды таштай качты. Хафтар эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу тууралуу чакырыктарына моюн сунган жок.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон.