Жылына 600 млн. долларлык айыл чарба азыгы сырттан ташылууда
![Жылына 600 млн. долларлык айыл чарба азыгы сырттан ташылууда](https://gdb.rferl.org/03C8A899-05AD-4CD2-8B59-3B3B5FEDD6D8_w800_h450.jpg)
Кыргызстан айыл чарба өндүрүмүн сырттан бир жылда 600 миллион долларга сатып алып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.
Ал эми экспортко айыл чарба азыктары, өкмөт башчынын айтымында, бир жылда 200 миллион долларга жетпеген көлөмдө жөнөтүлүүдө.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
Кыргызстан айыл чарба өндүрүмүн чыгарууга шарты ыңгайлуу агрардык мамлекет экени белгилүү. (RK)