Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн. доллар күтүп жатат
Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев 17-апрелде билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү, Европа өнүктүрүү банктары жана башка бир катар эл аралык каржы уюмдары менен 456 млн. доллар алууну сүйлөшкөн. Мындан тышкары Кытай, Түркия, Жапония, Корея, Швейцария, Орусия жана башка коңшулаш өлкөлөрдөн акчалай жана гуманитардык жардам катары азык-түлүк жана медициналык жабдуу түрүндө алынган жардам бар.
«31-мартта ЭВФтен 120 млн. доллар 31-мартта келип түшкөн. Калган сумма келе элек. ЭВФтен алынган каражат бюджеттик чыгашаларга: айлык акы, жөлөк пул, пенсия жана Саламаттык сактоо министрлигинин чыгашаларына жумшалып жатат», - деди Эркин Асрандиев.
Анын маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү Мамлекеттик материалдык резерв фондунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам иретинде 5370 тонна ун бөлгөн. Анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 4250 тоннасы таратылып берилди.
Мындан тышкары Социалдык коргоо фондунун атайын эсебине 14,7 млн. сом келип түшкөн. Бул акчадан 167 миң аз камсыз болгон үй-бүлө азык-түлүк алды. Дагы 260 миңден ашуун үй-бүлөгө берилет. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 129 млн. сом келген. Анын ичинен 38,5 млн. сому медицина кызматкерлеринин айлык акысына кошумча сый акы катары берүүгө бөлүнгөн.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул эсептерге акча которуп, оор кырдаалда мамлекетке жардам берип жаткан бардык жарандарга, ишкерлерге ыраазычылык билдирди. (ZKo)