Раисинин бийлиги: Аялдардын өлүмү, күч менен басылган акциялар, өзөктүк курал
![Раисинин бийлиги: Аялдардын өлүмү, күч менен басылган акциялар, өзөктүк курал](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6cf7-08dc7825f8fa_cx0_cy18_cw85_w800_h450.jpg)
19-майда Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагы кырсыкка учурады. Ал Азербайжанга иш сапарга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен бирге өлкөнүн түндүк-батышындагы жаңы плотинаны ачкан. Бортто тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан, Ирандагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем болгон. Алардын баары каза тапты.