Анклавдын түндүк тарабынан ооп келген, айлап алачыктарда башкалкалаган газалыктар бир жарым миллиондой киши кайда барат деп түшүнбөй отурушат. Ал арада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу сүйлөшүүлөрүнөн бул ирет майнап чыгабы деген суроо ачык бойдон калууда.
Дүйшөмбүгө караган түнү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан дагы бир сокку урулду. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын сот артка кайтарды. Кыргыз бийлиги жарандарын Орусиянын аймагына баруудан карманып турууга чакырды.
3-майда Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын бул өлкөдөгү ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанатка элчи Төлөндү Макеев, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин, бир катар өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.
Өкмөттүн соңку жыйынында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишине айтылган сын-доомат, жетекчисине берилген эскертүү бул жааттагы талкууну жандантты.
Туунун өзгөрүшүнө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун камалганына алты ай болду. Учурда сотто анын ишин кароо токтоп турат. Анткени кайра дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Мурдагы омбудсмен, укук коргоочу Турсунбек Акун Орусияга барып, ал жактагы мигранттар менен жолугушуп жүрөт. Ал "Азаттыкка" курган маегинде “Крокус Ситидеги” окуядан кийинки жагдай, орус жергесиндеги мигранттардын абалы тууралуу айтып берди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.