Тилчи-түрколог Четин Жумагулов 87 жашында дүйнө салды. Анын илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө болгон.
Жыл сайын жүз миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет жактарга, негизинен Орусияга барат. Ошол эле учурда бул борборазиялык өлкөнүн өзүндө Түштүк Азиядан барган эмгек мигранттары көбөйүүдө.
Акыркы коңгуроого жакын Кыргызстанда окуучулар катышкан эки жол кырсыгы катталды. Билим берүү министрлиги жыл сайын ушул маалда оюн-зоок кечелерине тыюу салганына карабай, бүтүрүүчүлөр катышкан ар кандай кырсыктар болуп келет.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Уюм 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн доллардан ашуун жардам көрсөткөн. Кыргызстанга аталган уюмдун өкүлү Зейна Салахи иш сапары менен келип, “Азаттыкка” маек курду.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды. Республика боюнча 2236 мектепте 9-классты 128 миң, 11-классты 73 миң бүтүрүүчү аяктап жатат.
Кыргызстандык Сания Щинар Америкадагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот.
Бишкектеги 18-майга караган түндөгү окуялардан кийин Кыргызстан менен Пакистандын расмийлери бир нече жолу жолугуп, бул өлкөнүн тышкы иштер министри сапар менен келип кетти.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.