Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 11.10.2020

Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү

Azattyk.org 

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында "кворум болгон жок, андыктан ал мыйзамдуу күчкө ээ эмес" деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде айтты. “Мекенчил” партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев “парламент жыйынында кворум болгон жана Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамдуу” – деп санайт.

Исаев: Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кворум болгон жок

Azattyk.org 

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда Ала-Арча резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында "кворум болгон жок" деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде айтты. Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарылдыгын, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан “Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын” белгиледи.  “Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес”, - деди Исаев. Читать дальше...



Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолукканы кабарланды

Azattyk.org 

Президент Cооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева жолуккканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиришти. Жекшембиде өткөн жолугушуу жөнүндө 24.kg агенттиги да жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жолугушууда алар учурдагы өлкөдөгү абал тууралуу  пикир алмашып, саясий кризистен чыгуу үчүн кеңири консенсус табууну сүйлөштү. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга... Читать дальше...

Мурдагы мэр Мырзакматов президент Жээнбековду абал турукташкыча кызматтан кетпөөгө чакырды

Azattyk.org 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстанда абал турукташканга чейин кызматын тапшырбай турууга чакырды. Бул тууралуу Мырзакматов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.  «Кыргызстандын көп улуттуу калкы акылмандык жана өлкөнүн тагдыры, тынчтык, тартип үчүн жоопкерчиликти күтүп жатат. Кыргызстанда туруктуулук камсыз болгонго чейин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын тапшырбашыңыз керек» деп жазган Мырзакматов. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн... Читать дальше...

Рахмондун президенттик мөөнөтүн узартуучу шайлоо

Azattyk.org 

Тажикстандагы президенттик шайлоону өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон жеңип чыгаары күтүлүүдө. Бул шайлоого Рахмонго чыныгы атаандаш боло турган бир да талапкер катышкан жок.

«Республика» партиясы саясий күчтөрдү мыйзамдуулук үчүн биригүүгө чакырды

Azattyk.org 

“Республика” партиясынын саясий кеңеши Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка шайлануусун мыйзамсыз деп эсептейт. Буга байланышкан билдирүүдө: «өкмөт башчынын жана өкмөттүн курамы шайлануусунун легитимдүүлүгү шектүү. Буга байланыштуу өкмөттүн легитимдүүлүгүн жокко чыгарып, мыйзам жолуна түшүүгө чакырабыз” деп жазылган. Партия бардык саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлерин чогулуп, тынч сүйлөшүүлөр аркылуу элдин ынтымагын, тынчтыкты сактап калуу аркылуу мыйзамдуулукка келүү зарылчылыгын белгилеген. Читать дальше...

Жапаровдун легитимдүүлүгү кайрадан талаш жаратты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң өлкөнү укуктук талаага кайтаруу аракети боюнча талаштар дагы эле бүтө элек. 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамын бекитилген. Бул жыйынга мыйзам талап кылгандай 120 депутаттын жарымынан көбү катышканы расмий түрдө жарыяланган. «Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жок өттү» Бир катар депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер парламенттин 10-октябрдагы жыйыны кворум жок өткөнүн жана... Читать дальше...



Шеримкулов: Президент парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана өз эрки менен кызматын тапшырууга милдеттүү

Azattyk.org 

"Легендарлуу парламенттин" төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов 11-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Экс-спикер кайрылуусунда 10-октябрь күнү парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлаганы түрдүү пикирлерди жаратып жатканына карабай, өлкөнүн мыйзам жолуна кайтып келе жатканын көрсөтүп турганын, бирок бул чечимдин сот аркылуу жокко чыгып калуу да ыктымалдыгы барын белгилеген. Шеримкуловдун кайрылуусунда: “Конституциядан жана мыйзамдардан четтебөө... Читать дальше...

Баку менен Ереван кайрадан бири-бирин айыптады

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжан ок атышпоо макулдашуусун бузду деп бири-бирин күнөөлөп жатат. Расмий Баку Арменияны жекшембинин таңында Азербайжандагы экинчи ири шаар Гянжага артиллериялык чабуул жасады деп айыптады. Азери бийлиги бул чабуулдан 8 жөн-жай тургун каза болгонун, дагы 33ү жаракат алганын билдирүүдө. "Reuters" жаңылыктар агенттигинин кабарчылары Гянжада артиллериялык аткылоого кабылган бир үйдөн кеминде бир адамдын сөөгүн алып чыгышканын көргөнүн айтышты. Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын... Читать дальше...

Индияда коронавирусту жугузуп алгандар 7 миллиондон ашты

Azattyk.org 

Индияда 11-октябрда дагы 74 383 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен 1,4 миллиарддай калкы бар бул өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 7 миллиондон ашты. Пандемия башталгандан бери Индияда бул илдеттен 108 миңден ашуун адам көз жумду. Вирустун жайылышы боюнча Индия АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Кошмо Штаттарда соңку эки айда биринчи жолу коронавирусту жугузгандар эң жогорку чегин көрсөттү. Бул өлкөдө 10-октябрда 58 миңден ашык адамдан коронавирус табылды. Кеминде... Читать дальше...

Абдыганы Эркебаев: 6-10-октябрдагы парламент жыйындарында Конституция бузулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев 11-октябрда Кыргызстандагы акыркы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда Эркебаев эки чакырылыштагы парламенттин экс-спикери катары президент менен Жогорку Кеңештин саясий кырдаалды турукташтыруу жана укуктук талаага кайтуу боюнча аракеттерин колдой турганын айткан. Ошол эле кезде парламент депутаттарынын 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы жыйындарын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген. Эркебаевдин пикиринде, бул жыйындарда Конституциянын 75... Читать дальше...

Тажикстан: шайлоочулардын 70 пайызы добуш берди

Azattyk.org 

Тажикстандагы президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 70,7 пайызы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мыйзамга ылайык, тизмедеги шайлоочулардын 50 пайыздан көбү добуш бергенде шайлоо өттү деп эсептелет. Бийлик добушканалардын жанында концерттерди уюштуруп, бекер тамак таратып жатат. Байкоочулар айрым аймактарда шайлоочуларды автобус менен ташып келип жатышканын билдиришти. Тажикстандагы бул шайлоого 68 жаштагы президент Эмомали Рахмондон тышкары... Читать дальше...

Вице-спикер Касымалиева: 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсиз

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу расмий маалымат таратып, 10-октябрь күнү “Ала-Арча” резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз сессиясын расмий жыйын деп таанууга болбойт деп билдирди. Буга негиз катары депутаттардын Конституцияга ылайык жетиштүү санда чогулбагандыгын жана отурум өткөрүү шарттарынын сакталбаганын келтирди. Касымалиеванын билдирүүсүндө: “Жыйында кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз. Бул документтерге токтом катары ким кол койсо... Читать дальше...

Минскидеги митингде 50дөй демонстрант кармалды

Azattyk.org 

Беларустун баш калаасы Минскиде демонстранттар менен күч кызматкерлери кагылышып, анын натыйжасында 50дөй киши кармалды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду жана чогулгандарга суу бүрктү. Беларустун Журналисттер биримдиги кармалгандардын арасында кеминде 10 журналист бар экенин кабарлады. Орусиялык ТАСС жаңылыктар агенттиги үч кабарчысы кармалганын билдирди. Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келет. Александр... Читать дальше...

Парламент жыйынынын мыйзамдуулугу талашка түштү

Azattyk.org 

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты. - Сиз Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо учурунда кворум болгон жок деп айтып жатасыз. Эмне үчүн мындай ойдосуз? Ошондой эле сиз Ала-Арча резиденциясындагы жыйынга келип, кайра кетип калдыңыз. Эмне себептен андай кадамга бардыңыз? - Кечээги жыйындын күн тартибинде премьер-министрди дайындоо эмес... Читать дальше...

ИИМ: Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 11-октябрда кармалды. Алар учурда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгында көрсөтмө беришүүдө. 6-октябрга оогон түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, абактардан ондогон жарандар бошотулган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) менен кылмыш иши козголуп, бирдиктүү реестрге катталган. Читать дальше...

Вице-спикер депутаттарга коркутуу болгонун айтты

Azattyk.org 

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты. Ал 11-октябрда парламенттин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын «Азаттыкка» билдирди. Бирок ал депутаттардын ысымдарын ачык айткан жок. Читать дальше...

Бакыт Аманбаев: Аида Касымалиеванын айткандары негизсиз

Azattyk.org 

“Мекенчил” партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган парламент жыйынында депутаттар коркутууга кабылды деген пикирин негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирди. Бакыт Аманбаевдин айтымында, парламент жыйынында кворум болгон жана Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамдуу. Ошондой эле ал Аида Касымалиеванын эл өкүлдөрүн... Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт в честь 9 мая завершился в Петрозаводске совместным исполнением песни «День Победы»





Персональные новости
#123ru.net

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".





Өзбекстанда коронавирус стационарында жарылуудан бир киши каза болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Гүлистан шаарындагы “Алпомиш” спорттук комплексинде кычкылтек баллону жарылып, коронавирустан дарыланып жаткан бир адам каза болгонун “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жазды. Сырдарыя облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты ырастады. Окуя 10-октябрда болгон. Бирок өзбек тилдүү социалдык медиа “ондогон адамдар өлгөнү” тууралуу жазууда. Каза болгондордун арасында жасалма өпкө жабдуусу өчүрүлгөн бейтаптар да болушу мүмкүн деп жазгандар бар. “Азаттыктын” өзбек кызматы бул... Читать дальше...

Аида Касымалиева кезексиз жыйында Урмат Самаев өзүн жана башка депутаттарды коркутканын билдирди

Azattyk.org 

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Биримдик" партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты. Ал 11-октябрда парламенттин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев "добуш бересиң" деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын "Азаттыкка" билдирди. Бирок ал депутаттардын ысымдарын ачык айткан жок. Читать дальше...

Мелис Аспеков: Парламент жыйынында кворум болду, Жапаров легитимдүү өкмөт башчы

Azattyk.org 

“Мекенчил” партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин бекиткен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгонун “Азаттыкка” билдирди. “Азыркы тапта өлкөдөгү жалгыз легитимдүү орган – парламент. Парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип берип жатат. Өткөндө “Достук” мейманканасында анын талапкерлигин депутаттар бекиткен. Бирок ошондо шашып, өкмөттүн программасы менен курамын бекитпей калышкан эле. Ошондуктан... Читать дальше...

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов ишин улантууда

Azattyk.org 

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов кызмат ордунда экендигин, 11-октябрда өздүк курамдын,  Бишкек шаарынын, Чүй облусунун райондук прокурорлору менен ыкчам кеңешме өткөргөнүн мекеменин  басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.  5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин Сыймык Жапыкеев өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү ыктыярчылар Жапыкеевди Башкы прокуратуранын имаратына киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тараган. Кыргызстанда парламенттик... Читать дальше...

Дастан Бекешев: Садыр Жапаровду премьерликке шайлоодо регламент бузулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 10-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо боюнча кезексиз жыйында кворум чогулган жок деп билдирди. Ал жыйында парламенттин регламенти бузулганын "Азаттыкка" маалымдады. "Кворум болгон эмес. Себеби, 61 депутат ошол жерде отурушу керек болчу. 61 депутаттын ишеним катын санаш керек болчу. Кечээ менин маалыматым боюнча 51 депутат отурган. 10 ишеним кат болгон. Бирок ошол эле кезде кээ бир депутаттар башка фракциядан ишеним кат алышкан. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Монсон заявил, что его спортивная карьера практически завершена


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Крылатчан попросили с пониманием отнестись к спортивному ориентированию





Путин в России и мире
Москва

Кировчанин с позывным Струна стоял рядом с Владимиром Путиным 9 Мая в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассмотрит заявление об убежище от польского суди Шмидта




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Волочкова спасала платье и чуть не утонула на Мальдивах



Москва

Над Белгородской областью сбили два дрона

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net