Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 26.10.2020

Күрөш: Айылдан Олимпке карай жол

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда ушул тапта күрөш боюнча курама команданын машыгуулары өтүп жатат. Күрөшкө болгон элдин кызыгуусуна эмне себеп? Таласта эмнеге балдарды балбан кылып тарбиялашат? Жеңилүү ызасы, күйөрмандын талабы жана көптөн күткөн алтын медаль “Данисте” берүүсү бул жолу кыргыз эли сүйгөн күрөшкө арналат.

COVID-19: Экинчи толкундун эпкини

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, соңку бир жумадан бери вирус жуккандардын саны 400дөн түшө элек.



Орус-казак чек арасында өзбекстандыктар топтолуп турат

Azattyk.org 

Өзбекстандын 200дөй жараны Орусия менен Казакстандын чек арасында, Астрахан облусунда мекенине өтө албай турушат. Алар чек ара ачык деген туура эмес маалыматты угуп алып жолго чыгышкан. Бирок Казакстан аймагына ал жакта туруктуу жашагандар, жакын туугандары казак жарандары болсо, катуу ооруган жакындарын караганы же өздөрү дарылануу үчүн баратса гана кире алышат. Өзбекстандыктар акчасы түгөнгөнүн, суук түшкөнүн, жергиликтүү тургундар аларга тамак-аш жагынан жардам берип жатышканын айтышууда. Мигранттар машинелерде... Читать дальше...

Пакистанда жардыруудан үч адам мерт болду

Azattyk.org 

Жардыруу 25-октябрда өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан аймагынын борбору Кветта шаарында болду. Бул шаарда ушул күнү оппозициячыл партиялардын тарапкерлери Пакистандын премьер-министри Имран Хандын бийликтен кетишин талап кылып митинг өткөрүп жатышкан. Бул жерден бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан базардын жанында мотоциклге орнотулган жардыруучу зат жарылды. Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн тасмада бир нече автоунаа күйүп жатканын көрүүгө болот. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Читать дальше...

Жанарбек Акаев: Бишкек мэрине талапкерлигим көрсөтүлгөнү боюнча кабарым жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Акаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, борбор шаардын башчылыгына талапкерлиги көрсөтүлгөнү боюнча такталбаган кабарларды маалымат каражаттарынан окуган. «Мага мэрлик кызматка барууну эч ким сунуш кылган жок жана маалыматтын кайдан чыкканын билбейм. Бишкектин мэрлигине баруу планым жок», - деди Акаев. Буга чейин айрым маалымат каражаттары өкмөттөгү булактарына таянып... Читать дальше...

«Журналисттик иликтөөлөр фонду» эл аралык тармакка мүчө болду

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Журналисттик иликтөөлөр фонду»  GIJN - Глобалдык иликтөөчү журналисттердин тармагына мүчө болуп кирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» фонддун аткаруучу директору Аделя Лаишева маалымат берди.  GIJN - журналисттик иликтөөлөр менен алектенген мекеме-уюмдарды өзүнө камтыган дүйнөдөгү алдыңкы биримдиктердин бири. Учурда ассоциацияга 81 мамлекеттен 203 мекеме мүчө. «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Журналисттик иликтөөлөр фонду»  2018-жылы 14-сентябрда түптөлгөн. Читать дальше...

Шайлдабекова: Бишкектин мэрин шайлоо дайындалбайт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын 26-октябрдагы жыйында билдиргени боюнча, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо дайындалбайт. Анткени борбор калаанын макамына байланыштуу шаардык кеңештин жана шаар башчысынын кызмат мөөнөтү жарым жыл калганда түрдүү себептер менен токтотулса, шайлоо дайындалбайт.  «БШКнын юридикалык кызматы тарабынан коомчулукка расмий түшүндүрмө берип коюуну туура көрдүм. Борбор шаардын макамына ылайык, Бишкектин мэри иш мөөнөтү жарым жыл калганда ушундай өзгөрүүлөр болуп жатса... Читать дальше...



Баткенде тажикстандыктар суу түтүктөрүн чыгарып кетишти

Azattyk.org 

26-октябрь күнү тажикстандык жарандар Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө аймагына бир күн мурун койгон суу түтүктөрүн чыгарып кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев журналисттерге билдирди: «25-октябрдан бери эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Биз тажик тараптан кечээ орнотулган суу түтүктөрдү чыгарып, жолду калыбына келтирүүсүн талап кылдык. Бүгүн алар түтүктөрүн чыгарып, жолду калыбына келтиришти». Алимбаевдин маалыматына караганда... Читать дальше...

БШК парламенттик шайлоону жылдырууга каршы

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин административдик сотунун 20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоону жокко чыгарган токтомуна каршы арызданат.

«Реформа» партиясы парламенттин чечимине каршы Конституциялык палатага кайрылат

Azattyk.org 

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын маалыматына караганда, 22-октябрда парламент кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылуу даярдалды. Анын айтымында, бул мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт. «Мындай болуп кабыл алынган Конституциянын өзү легитимсиз болуп калат. Баркын жоготуп коёт. 52-беренеде так жазылып турат. Читать дальше...

Адвокат: Атамбаевди №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которушту, ал ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу 26-октябрда «Азаттыкка» анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаевди бүгүн, 26-октябрда УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушту. Ошондой эле адвокат Жоошев А.Атамбаев ачкачылык акциясын баштаганын, ушундан улам абалы начар экенин билдирди. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Адистер Жапаров шайлоого кетсе өлкө укуктук туңгуюкка кабыларын болжоп жатышат

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун билдирүүсү юристтердин талкуусуна жем таштады. Мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда мамлекетти башкаруу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү мүмкүн. Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова  «Vesti.kg» сайтына Садыр Жапаров президенттик шайлоого кетсе өлкөдө укуктук туңгуюк жаралышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин милдетин парламент төрагасы гана аткара алат. Читать дальше...

Тоолуу Карабакта ок атпоо режими кайрадан бузулганы кабарланды

Azattyk.org 

Армения жана Азербайжан Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча жаңы режимдин бузулушу үчүн бири-бирин айыптап жатышат. Буга чейин  26-октябрдан тартып АКШнын арачылыгы менен эки тарап ок атууну токтотууга макул болушкан. Армениянын Коргоо министрлиги жаңы келишим күчүнө киргенден бери Азербайжандын аскерлери эки жолу ок атканын кабарлады. Мындай маалыматты четке каккан Азербайжандын аскердик жетекчилиги болсо, тескерисинче Армения Тертер шаарын аткылаганын билдирди. Өз кезегинде Армениянын... Читать дальше...

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик кайра шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүнү талап кылды

Azattyk.org 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн митингде президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү талап кылышты жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылышына каршы экенин билдиришти. «120 депутат дагы алты айга мөөнөтүн узартып алышы мыйзамсыз. Булар мыйзамды одоно бузуп, тебеледи. Азыркы парламенттин мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. Читать дальше...

«Шамбала» тасмасы Орусияда өткөн фестивалда эки сыйлык алды

Azattyk.org 

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок» кинофестивалында эки сыйлык алды. Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фондунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, көркөм образды мыкты жеткиргендиги үчүн Шамбаланын ролун аткарган актер Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланды, композитор Мурзали Жээнбаевге сыйлык мыкты музыкасы үчүн ыйгарылды. «Киношок» фестивалы быйыл 17-23-октябрь күндөрү өттү. 1992-жылы негизделген фестиваль көрүүчүлөрдү жана сынчыларды Литвада... Читать дальше...

Дүйнөдө коронавирус жуккандар 43 миллион адамдан ашты

Azattyk.org 

Европанын көпчүлүк өлкөлөрү экинчи толкун менен күрөшүп, чара көрүп жаткан кезде Австралия 26-октябрда жайында илдеттин эпицентри болуп келген Мелбурн шаарында төрт айлык карантин аяктай турганын билдирди. Шейшембиден тартып бардык дүкөндөр жана ресторандар ачылмакчы. 9-ноябрдан тартып шаар тургундары үйлөрүнөн 25 чакырым алыс чыга алышат. Жалпысынан Австралия коронавирусту ооздуктоонун ийгиликтүү үлгүсү катары каралып келатат. 25 миллион адам жашаган өлкөдө вируска 27,5 миң киши чалдыкты, 905 киши көз жумду. Читать дальше...

Беларуста иш таштоо башталды

Azattyk.org 

Беларуста 26-октябрда айрым ири ишканаларда элдик иш таштоо башталды. Анын алдында, жекшембиде оппозиция лидери Светлана Тихановская жарандарды ушундай каршылык акциясын өткөрүүгө чакырган. 25-октябрда Минск баштаган бир катар шаарларда түмөндөгөн адамдар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Күч түзүмдөрү демонстранттарды кууп таратып, ондогон адамдар камакка алынды. Беларуста 2,5 айдан бери Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой жатат. «Элдик ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

После резкого поста о Надежде Стрелец мама Тимати вступила в дискуссию с подписчиками и неожиданно упомянула Ксению Собчак





Персональные новости
Филипп Киркоров

Киркоров потратил 200 млн рублей на ремонт и золотые унитазы





Зеленский «айрым коңшулардан айырмаланып» Украинада шайлоо эркин өткөнүн билдирди

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-октябрда өткөн жергиликтүү шайлоолор эркин өткөнүн жана өлкө туура жолдо бара жатканын билдирди. Ал добуш берүү аяктаган соң «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсүндө Украинада анын айрым коңшуларынан айырмаланып, эркин шайлоо негизги артыкчылык экенин белгиледи. Зеленский шайлоо системасында бир катар маселелер бар экенин моюнга алып, «таза эмес акча жана медиа ресурстар» добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этип жатканын жазды. Бирок украин президенти... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: ЖКга шайлоону кечеңдетүү - мунасалуу чечим болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акыркы саясий кырдаал, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери, парламенттик шайлоо мөөнөтүн кечеңдетүү ж.б. тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы менен маек курду.

БШК: президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда бүтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов 26-октябрда президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда парламент бир жума аралыгында жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек. Жогорку Кеңеш мөөнөттү бекитпеген шартта президенттик... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Декабрдын башында кызматымдан кетип, 10-январда президенттик шайлоого катышам

Azattyk.org 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт жана ага мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Жапаровдун 25-октябрда Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткан видеосу Интернетте тарады. «10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», - деди ал. 16-октябрда... Читать дальше...

27-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

27-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 16…21; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 11…16; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Мыйзамдуулукту жана БШКнын чечимдерин жактагандар митинг өткөрүп жатышат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Бишкектеги баш кеңсесинин алдында учурда ондогон кишилер топтолуп, нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу БШКнын өкүлдөрү «Азаттыкка» маалымдашты. Маалыматка караганда, чогулгандар Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, парламенттик шайлоону мыйзам чегинде Боршайком белгилеген убакытта өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ошондой эле БШКнын парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча чечимдери мыйзамдуу жана туура экенин айтышууда. Акциянын катышуучулары «Конституцияны ордуна кой!»... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о строительстве спортивных объектов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв победил Давидович-Фокину в 3-м круге «Мастерса» в Мадриде, отыгравшись с 0:5 на тай-брейке


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о единых принципах привлечения инвесторов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Генсек НАТО прибыл в Киев: главные заявления Столтенберга и Зеленского


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского



Москва

Смертоносная лихорадка Западного Нила: симптомы и кто в группе риска

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net