Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 23.10.2020

Өзгөрүүгө ишенген жаштар

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоого байланыштуу толкундоолор президент баштаган адамдардын бийликтен кетиши менен жыйынтыкталды. Убактылуу өкмөт дайындалып, мамлекеттик жогорку кызматтарга жаңы адамдар келди. Бирок коомчулукта “кайра эле эски саясатчылар бийликти ээлеп алып, жаштардын ой-максаты уурдалды” деген сын-пикирлер күч. Жаштар алдыда кандай өзгөрүүлөрдү күтөт, алар алдыдагы парламенттик шайлоого катышабы?

Москва Бишкектин мыйзам нугуна кайтышын күтөт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы жагдай боюнча экинчи жолу билдирүү жасап, Бишкектеги окуяларга «кыргыз элинин шору» деп комментарий берди. Мурдараак президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары кала берерин айткан эле. Бул күндөрү кыргыз дипломаты атайын сүйлөшүү үчүн Москвага барды. Кремлдин көз карашы Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу көз карашын бул жолу Орусиядагы «Валдай» (Valdai Discussion Club) эл... Читать дальше...

Ливияда жаңжалдашкан тараптар тынчтык келишимине кол коюшту

Azattyk.org 

Ливиядагы жаңжалдашкан тараптар ок атышууну өлкөнүн бардык аймагында токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бириккен Улуттар Уюму арачылык кылган мындай мунаса 23-октябрда Женевада беш күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин табылды. Бул макулдашууга улай ноябрь айынан башында коңшу Тунисте бирдиктүү өкмөт түзүү жана улуттук шайлоо өткөрүү маселеси боюнча саясий сүйлөшүүлөр өтмөкчү. БУУ Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн жана генерал Халифа Хафтардын "Ливиянын улуттук армиясынын" ортосундагы соңку макулдашууну кубаттады. Читать дальше...



Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 25 партия билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин 25 партия билдирди. Бул тууралуу 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. “2020-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 25 саясий партиядан билдирме келип түштү”, - деп жазылган Башкы шайлоо мекемесинин расмий сайтында. Борбордук шайлоо комиссиясынын... Читать дальше...

А.Мадумаров: Баш мыйзамга кол салууну токтоткула

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Азаттык" үчүн курган маегинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул конституциялык реформа жүргүзүү үчүн референдумга баруу тууралуу кадамын мыйзамсыз деп кескин сынга алды.

HRW Азербайжанды «тыюу салынган ок-дары колдонду» деп айыптады

Azattyk.org 

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Азербайжанды «Тоолуу Карабактагы кагылышууда тыюу салынган ок-дарыларды кайра-кайра колдонду» деп айыптады. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 23-октябрда таратты. Анда азери тарап Тоолуу Карабакта жерге түшкөндө майда бөлүктөрдү эки жакка чачырата турган кластер бомбаларын төрт жолу колдонгону белгиленген. Уюм бул маалымат жеринде жүргүзүлгөн иликтөөлөргө негизделгенин билдирди. Азербайжан да, Армения да кластер бомбаларын колдонушпаганын билдирип... Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 23 ооган аскери мерт болду

Azattyk.org 

22-октябрдын кечинде Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочулары коопсуздук кызматкерлеринин бекетине кол салып, андан бери дегенде 23 ооган аскеринин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү губернатордун басма сөз катчысы Бахрам Хакмал билдиргендей, Хашруд районундагы түнкү чабуулдан кийин талибдер бир нече адамды барымтага алган бойдон из жашырып кетишкен. «Талибан» кыймылы бул окуя боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Жергиликтүү бийлик Ооганстандын аба күчтөрү... Читать дальше...

"Дордойдун" соодагерлери өкмөткө таарынды

Azattyk.org 

“Дордой” базарындагы соодагерлер салык төлөөдөн баш тарта турганын айта баштады. Себеби ишкерлердин көпчүлүгү эки-үч айдан бери Кытайдан товарын алып келе албай жатат. Алар кыргыз өкмөтү кошуна өлкө менен сүйлөшүүдө чабалдык кылып жатканын, анын айынан сатуучулардын алды банкрот абалына кептелгенин билдиришти. Мамлекеттик бажы кызматы чек арадагы чектөөлөргө коронавирус пандемиясын күнөөлөп жатышат.



Баш мыйзамды тооруган онунчу сыноо

Azattyk.org 

Кыргызстандын Конституциясы онунчу жолу өзгөртүлгөнү турат. Ага жол ачкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Айрым депутаттар, юристтер Жапаров баштаган саясий күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүп президенттин бийлигин күчөткөнү жатканын эскертишүүдө. Бул коомчулукта бийликти узурпациялоо катары кабыл алынды. Кыргызстан парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен акырындап чыгып, мыйзам алкагына кайтып калган кезде конституциялык реформа маселеси көтөрүлдү. Читать дальше...

Баш мыйзамга байланган саясат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып, конституциялык реформа баштаганы турат. Депутаттар мындай чечимди чагылгандай тез кабыл алышты. Учурдагы бийлик өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жана реформаларга шарт түзүү үчүн Конституцияны өзгөртүүгө барып жатканын тушүндүрсө, бир катар саясий күчтөр "бийлик узурпациясы" деп баалап жатышат. Соңку кабыл алынган саясий чечимдер Кыргызстанды кайда алып барат?

Москвада Казакбаевден мурдагы президенттин макамын сурашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Москвадагы сапарында журналисттер Атамбаевге кепилдик берүү тууралуу суроо узатышты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен биргелешкен басма сөз жыйынында «Россия 24» телеканалынын журналисти: «Өлкөнүн мурдагы жетекчилигине жана Атамбаевге кепилдик каралабы?» - деген өңүттө суроо узатты. «Анын баары Кыргызстандын мыйзамдарына жараша чечилет. Эгер экс-жетекчи макамы берилген болсо, анда кепилдиктер жана жеңилдиктер берилет»,- деди Казакбаев. Читать дальше...

Трамп менен Байден соңку дебатта беттешти

Azattyk.org 

АКШда экинчи кызматтык мөөнөттү көздөгөн президент Дональд Трамп менен анын саясий атаандашы, Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден соңку теледебатка катышты.

Ысык-Көлдө окуучу үстөмдүктөн улам өз өмүрүнө кол салганы айтылууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу  Түп районундагы Бирлик айылынын тургуну Дүйшө Молдакунов небереси, 8-класстын окуучусу өз жанын кыйганга аракет кылган жеринен кармап калганын айтты. Маалыматты облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктап, бала мал сарайга кирип асынып алганын билдирди. Азыр окуучу Түп райондук оорукансында жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, ага 9-класста окуган бала «салык салган». Окуучу айласы кеткенде жанын кыюуга аракеттенген. Читать дальше...

Орусиянын башкы дипломаты кыргызстандык кесиптеши менен маалымат жыйынында «үй ээсин сыйлоого» чакырды

Azattyk.org 

Москвадагы басма сөз жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен журналисттин ортосунда болгон кыргыз тилиндеги суроо-жооп орусиялык кесиптеши Сергей Лавровго жаккан жок. Казакбаев «Ала-Тоо-24» телеканалынын журналистинин суроосуна кыргыз тилинде жооп берип жатканда: «Кечириңиз, сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек го ээ? Бардык маанисинде...», - деди Лавров. 23-октябрда Москвада Орусиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Руслан Казакбаев журналисттер үчүн жыйын куруп... Читать дальше...

Ишкер Дөөлөталиева: Биз мындан ары салык төлөй албайбыз

Azattyk.org 

Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушат. Бул тууралуу 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева билдирди. Ал кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын айтты. Читать дальше...

Сергей Лавров кыргыз-орус алакаларына пикирин билдирди

Azattyk.org 

Евразия фонду Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн убада берген 100 миллион долларды берет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Москвадагы жолугушуусунан соң өткөргөн басма сөз жыйынында айтты: «Евразия фондунун Кыргызстанга 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү тууралуу чечими күчүндө, аны эч ким токтоткон эмес. Биз Кыргызстандын мурдагы өкмөтү менен болгон макулдашууларды, анын ичинде эң башкысы Турукташтыруу жана... Читать дальше...

Чехияда карантин маалында ресторанга барган министр сынга кабылды

Azattyk.org 

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш карантин чараларын бузганы айтылган саламаттык сактоо министри Роман Примулага талап койду. Ал министр өз эрки менен кызматтан кетиши керек экенин, болбосо иштен алынарын эскертти. «Биздин медициналык кызматкерлер жарандарыбыздын өмүрүн сакташ үчүн жан үрөп жатканда мындай нерсе кечиримсиз», - деди Бабиш. Мунун алдында Роман Примула карантинге карабай Прагадагы ресторанга барганы тартылган сүрөт жарыяланып кеткен. «Blesk» гезити анда Примула премьер-министр... Читать дальше...

Милиция Ошто 29 жаштагы кош бойлуу келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгонун билдирди

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти кармады. Ал Бишкекке качып кеткен жеринен колго түшкөнүн шаардык милициянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Баштапкы маалыматка ылайык, ал 29 жаштагы келинчегин көгала кылып сабаган. Жети айлык боюнда бар келин эки күн үйдө жатып, 22-октябрда үзүлгөн. Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан. Ал ооруканада жатат. Кармалган эркек кызганычтан улам аялын сабаганын айткан. Алар жарандык никеде жашашкан. Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Персональные новости
Бизнес

Бизнес-астролог Александра Секачева дала интервью журналу “Фокус внимания”





Инвестициялык форумда бюджеттин абалы начар экени белгиленди

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында абал начар. Бул тууралуу 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Инвестициялык кеңеште сүйлөп жатып билдирди: «Бюджеттин тартыштыгы 28 миллиард сом менен кабыл алынган, бирок мага келген маалыматка караганда, реалдуу картина андан да начар. Жакын арада бюджетибиз боюнча реалдуу жана чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес». Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы 34 миллиард сомго чыгарын божомолдоп жатканын буга чейин маалымдаган. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Абал туруктуу, инвесторлорго эшигибиз ачык

Azattyk.org 

Келерки жылдын март айынан тартып Кыргызстандын бийлиги жаңы система менен иштей баштайт жана өкмөт зарыл болсо өзүнө караштуу жерлерди ишкерлерге бекер берүүгө, аларды салыктардан бошотууга даяр. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы отурумунда билдирди. Жапаров Кыргызстандагы азыркы абал тууралуу айтып, өлкөнүн ичинде туруктуулукту бузууга аракет кылган күчтөр болуп жатканын, аларга жол берилбей турганын белгиледи. Читать дальше...

АКШда президенттик шайлоонун акыркы дебаты өттү

Azattyk.org 

АКШда экинчи мөөнөткө шайланып келүүнү көздөп турган президент Дональд Трамп менен анын саясий атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден акыркы теледебатка катышты. Бейшембиде Нашвилл шаарындагы Белмонт университетинин залында уюштурулган, президенттикке талапкерлердин 90 мүнөттүк дебаты биринчисине салыштырмалуу ирээттүү өттү. Соңку сурамжылоолорго ылайык, бир катар көрсөткүчтөр боюнча саясий атаандашынан артта келе жаткан Трамп дебатта коронавирус пандемиясына каршы күрөш чараларын жактады. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Поклонник Басты сделал предложение девушке на концерте рэпера в Новосибирске



Москва

Министерство культуры подвело итоги прошлого года

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net