Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 19.10.2020

Күндүзгү стационарлар кайрадан ачылды

Azattyk.org 

Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өткөн жума ичинде коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Акыркы күндөрү вирус күнүгө 500гө жакын адамдан чыгып жатат. Мындан улам Бишкектеги күндүзгү стационарлар даярдалып, жугуштуу оорулар ооруканасы карантинге жабылды.

Коронавирус көбөйүп жаткан Алматынын башкы дарыгери жумуштан кетти

Azattyk.org 

Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жаткан шартта Алматы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Камалжан Надыров жумуштан алынды. Алматы акимиятынын маалыматы боюнча, Надыров кызматтан кетүүгө өзү арыз жазган. Ал өлкөнүн ири шаарынын башкы дарыгерлигине быйыл июнь айында дайындалган. Ага чейин өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ал өлкөдө коронавирус жугузгандар көбөйгөн июнь айында жумуштан кеткен саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон соң кызматын алмаштырган. Читать дальше...



«Тез жардам» автоунааларын сатып алуудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине жана башка тиешелүү органдардын башчыларына кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Финполиция 19-октябрда маалымдады. Финполдун маалыматында: «Тергөө-иликтөө иштерини натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, үч «Форд Транзит» үлгүсүндөгү «Тез жардам» автоунаасын жалпы бир млн. долларга кымбат баада сатып алганы... Читать дальше...

Исаков менен Ибраимов абакка кайта элек

Azattyk.org 

5-6-октябрдагы окуяларда түрмөдөн чыгып кеткен саясатчыларды ичинен Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайта элек. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) бир апта ичинде аларга издөө жарыялай турганын билдирди.

УКМК 9-бөлүмүнүн жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-бөлүмүнүн башчысы – УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда кол койду. УКМКнын төрагалыгына мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Журт», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын теңтөрагасы, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун... Читать дальше...

Үгүткө корогон миллиондор жана укуктук талаш

Azattyk.org 

4-октябрдагы шайлоодо бийликчил деп мүнөздөлгөн партияларга байланыштуу каржылык жана укуктук маселе келип чыкты.  «Реформа» партиясы «Конституцияны жана мыйзамдарды бузду» деген негиз менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ишмердигин токтотууну талап кылууда. Аты аталган партиялар буга макул эмес. Ал арада «Мекеним Кыргызстандын» тизмесиндеги Марлен Маматалиев үгүт өнөктүгүндө өзүнүн партиясы колдонгон ыкмаларды «паракорлукту мыйзамдаштырууга» теңеди. Партия жетекчилиги... Читать дальше...

Казакстанга барыш үчүн 16 жашка чыга элек жарандардан паспорт талап кылынат 

Azattyk.org 

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү келишимге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 15-октябрынан тартып Кыргызстан менен Казакстандын 16 жашка чыга элек жарандары мамлекеттик чек арадан паспорт аркылуу гана өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 19-октябрда билдирди.  Маалыматка караганда, эми 16 жашка чыга элек жарандар Казакстанга барыш үчүн жалпы жарандык паспорт алууга тийиш болот.   Буга чейин 16 жашка чыга электер туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен өткөрүлүп келген. Читать дальше...



Оштун милиция бөлүмүндөгү чуулуу өлүм

Azattyk.org 

Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетке кайрылышты.

Камкордук менен мээрим уялаган үй

Azattyk.org 

Өз баласына кошуп өзгөлөргө да көмөк көрсөтүп жүргөн таластык ата. Кыргызча китептер сатылган жалгыз "Нусканын" окурмандары кимдер? Эски орнаменттерди жоолуктарга тогоштурган дизайнер.

«Эркин-Тоо» гезитине Бахпурбек Аленов редактор болуп дайындалды

Azattyk.org 

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун 19-октябрдагы буйругу менен Бахпурбек Аленов «Эркин-Тоо» басылмасынын башкы редактору болуп дайындалды. Премьер-министрдин башка буйругу менен гезиттин мурунку башкы редактору Дыйканбек Керимбаев кызматынан бошотулду. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингдеринен кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып, анын ордуна 6-октябрда митингчилер түрмөдөн бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатат. Читать дальше...

ЭлТР каналына Шаиста Шатманова жетекчи болуп дайындалды

Azattyk.org 

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 19-октябрдагы буйругуна ылайык, ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызматынан бошотулду. Жапаровдун дагы бир буйругу менен телеканалдын башкы директорлугуна журналист Шаиста Шатманова дайындалды. Шатманова Кыргызстандагы  көп нускалуу "Супер Инфо" эркин гезитинде бир канча жыл жетекчи болуп иштеген. 2020-жылдын августунда "жазгандарыбыз бийликке жакпай калды" деген негизде аталган басылмадан кеткен. Читать дальше...

Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын жаңы жетекчиси болуп 19-октябрда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сүйүнбек Касмамбетов 60 жашта. Ал 1995-жылдан бери Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, эксперттик топтун жетекчиси, 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары, жетекчиси болуп үзгүлтүксүз иштеп келаткан.  Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси. Читать дальше...

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага дайындалды

Azattyk.org 

Кадыржан Семетеев өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгону 19-октябрда жарыяланды. Кадыржан Семетеев буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы көзөмөл башкармалыгын жетектеген. Жапаровдун ушул эле күнкү дагы бир буйругу менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Элнура Мамбетжунушева дайындалды. Жапаров 14-октябрдагы буйругу менен Мамбетжунушеваны адегенде ушул эле кызматтын төрайымы кылып дайындаган. Читать дальше...

20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 19…24; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

ТИМ: Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан Түркия менен мурда жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу 19-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын башкы дипломаты Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Казакбаев Кыргызстанда ички саясий абал турукташып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү негизде, аткаруу бийлигинин бардык органдары кадимки тартипте иштеп жатышканын айтып берди. Эки министр кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча пикир алмашып... Читать дальше...

Ооганстандагы чабуул коштогон сүйлөшүү

Azattyk.org 

АКШнын чабарманы Залмай Халилзад Ооганстандагы токтобой жаткан чабуулдар расмий Кабул менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө коркунуч туудуруп жатканын эскертти. Ал мындай билдирүүсүн Гор провинциясындагы 14 кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин таратты.

АКШнын өкүлү Ооганстанда атышууну токтотууга чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад бул өлкөдө уланып жаткан чабуулдар расмий Кабул менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шек келтирерин эскертти. Ал мындай билдирүүсүн Гор провинциясындагы 14 кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин таратты.  Халилзад 18-октябрда «Твиттердеги» бир нече билдирүүсүндө бул чабуулду «трагедия» деп атады. Ошондой эле ал АКШ менен «Талибандын» ортосундагы келишимдин жана Вашингтон менен Кабулдун ортосундагы декларациянын шарттары сакталышы керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Азербайжан менен Армения кайрадан атышуу үчүн бири-бирин айыптады

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армениянын араздашып жаткан Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча келишими кайрадан бузулуп жатат. 19-октябрда расмий Ереван колдогон Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги азери күчтөрү түндүк жана түштүк тараптан аткылап жатканын билдирди. Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги болсо армян аскерлери өткөн түнү Геранбой, Тертер, Агдам райондоруна, эртең менен Агжабедин аймагына ок жаадырганын кабарлады. БУУнун Коопсуздук кеңеши 19-октябрда Тоолуу Карабактагы абал боюнча жабык түрдө кеңешкени жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Эстрада

Смешарики и «Академия Эстрада Тинс» выпустили трек «Попурри»





Персональные новости
Казахстан

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай





Жапаров Улуттук банктын төрагасы менен каржы-банк системасындагы абалды талкуулады

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, банк жана төлөм системасынын коопсуздугу боюнча маселелерди жана валюта рыногундагы соңку абалды талкуулады. Бул тууралуу 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров каржы-банк системасынын жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын белгилеп, экономика кабылган коркунучтарды азайтууга чакырды.  ... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барам

Azattyk.org 

Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 19-октябрда Орусиянын «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда президенттик шайлоого байланышкан суроого жооп берди. Ал «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатканын билдирди. Эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтты. «Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам.

ИИМ: Шаар-райондордо күнүгө миңден ашуун милиционер күзөткө чыгууда

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын шаарларында жана райондорунда коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөткө чыгууда. Бул тууралуу 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Жолугушууда өлкөдөгү коомдук коопсуздук маселеси талкууланып, Садыр Жапаров кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды, укук тартибин жана коомдук... Читать дальше...

Финполдун, өкмөттүн мурдагы эки жооптуу кызматкери кармалганы тууралуу расмий маалымат тарай элек

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча ишке байланыштуу кармалды. Алар экөө тең суракка алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар маалымат булактары жазды. УКМК өзү мындай маалыматты төгүндөй да, бышыктай да элек.  Буга чейинки маалыматтарга караганда... Читать дальше...

Жапаров Жээнбековдун аппаратын башкарган эки жетекчини бошотту

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде аппаратын жетектеп келген эки аткаминер ээлеген кызматтарынан бошотулду. Аппаратты жетектеп турган Досалы Эсеналиевди Жээнбеков кызматынан кетерден бир күн мурда, 14-октябрда Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна дайындаган болчу. 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров аны бул кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Эсеналиев президенттик аппаратты 2018-жылдын август айынан бери жетектеп келген. Читать дальше...

Абсаттар Сыргабаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Azattyk.org 

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Сыргабаевди эмгек жамааты менен 19-октябрда вице-премьер-министр Равшан Сабиров тааныштырды.   Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.  Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Садыр Жапаров жана 16-октябрдан тартып УКМКны жетектей баштаган Камчыбек... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг



Москва

Лучшим фильмом основного конкурса ММКФ-2024 назвали картину «Стыд»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net