123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 14.10.2020

Түркияда ичимдикке ууланган 49 киши мүрт кетти

Azattyk.org 

9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада 50дөн ашык бейтап дарыланып жатканын билдирген. Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табыш үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган. Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин... Читать дальше...

Өзбекстанда саясий туткун кенемте сурады

Azattyk.org 

Эгемендүү Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу сот мурдагы саясий туткундун материалдык жана моралдык зыяны үчүн мамлекеттен кенемте талап кылган талабын жарым-жартылай канааттандырды.

Коронавирусту жеңүү үчүн шайлоо эрте өтүшү керек

Azattyk.org 

Деги, COVID-19 илдети күчөп, социалдык көйгөйлөр улам тереңдеген сайын кризисти башкарууга жөндөмдүү өкмөткө жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңешке муктаждыгыбызды сезип жатабызбы? Буга кантип жетишүүгө болот? Гүлдана Мурзакулдун блогу.



Жапаровдун өкмөтүндөгү эски-жаңы жүздөр

Azattyk.org 

Кыргызстан 6-октябрдагы окуялардан соң укуктук жолго түшүп, Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров жетектеген өкмөт курамын бекитти. Анын курамына кимдер кирди?

Кыргызстандын президенти эл аралык коомчулуктун колдоосуна таянарын билдирүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эл аралык коомчулуктун жана кыргызстандыктардын колдоосуна таянат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” билдирди.  “Бүгүн парламент өкмөттү бекитти. Президент ага кол коюп берди. Биз муну укук жолуна түшүүнүн бир кадамы деп баалайбыз. Белгилүү болгондой президент бүгүн эртең менен парламентке “Садыр Жапаровду бардык мыйзамдарды сактап, өкмөт башчы кылып шайлоо маселесин карап чыгуу сунушу менен кайрылды. Ал “өлкөдөгү кырдаалды... Читать дальше...

"Эксперттер талдайт": Жаңы өкмөт жана жаңы шайлоо

Azattyk.org 

14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайлап, өкмөттүн курамын жана түзүмүн жактырды. Удаа эле президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңы өкмөттүн иши, туруму жана шайлоонун айланасындагы талаш-тартыш азыр коомчулуктун көңүл чордонунда турат.

Стамалиева: Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү мөөнөтүн айткан эмес

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков эч бир сүйлөшүүдө кызматтан кетүү мөөнөтүн айтпаганын анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди: “Азыр соцтармактарда президент Жээнбеков кызматтан үч күндүн ичинде кетүүгө убада берген деген маалымат тарап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин айткан, бирок Садыр Жапаров менен тарапташтары кайсы үч күн жөнүндө айтып жатканы белгисиз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө дагы Жапаров “он күн өтүп кетти” деди”. Стамалиеванын маалыматына караганда президент... Читать дальше...

Жапаров: Президент Жээнбеков кетет

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилердин алдына келип маалымат берди.  «Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам», - деди Жапаров. Митингчилер аны укпай, резиденцияга барууга чакырып атышты. Мурдараак президенттин... Читать дальше...



Жапаров койгон министрге Матраимовдун аты илешти

Azattyk.org 

Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган Улан Ниязбековдун айланасындагы талкуу күчөдү. Ал Садыр Жапаровдун өкмөтү менен кызматка келген. Айрымдар Ниязбековдун компетентсиздигине даттанса, кээлери аны мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланыштырууда. Жаңы министрдин баяны Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттар тобу 10-октябрда Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлары менен, ал ошол эле күнү дароо ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарды. Читать дальше...

Стамалиева: Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кетет

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирди: «Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр «президент бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койду. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап кете албай турганын, бул өлкөгө... Читать дальше...

Элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырууда

Azattyk.org 

Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев шаар тургундарын Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырды. Ал бул тууралуу 14-октябрда басма сөз жыйынында айтып, кырдаалды олку-солку кылууну көздөгөн топторго каршы бир муштум болуп чыгууга чакырды. Тербишалиев саясий күчтөрдүн жетекчилерине кайрылып, саясий маданиятка ылайык сүйлөшүү жүргүзүүгө, талоончулук менен бүлдүрүүгө жол бербөөгө үндөдү. «Коомдук тартипти бузбасаңар. Талап-тоноп, талкалоонун кереги жок, анткени анын баары элдики. Читать дальше...

COVID-19: Орусияда бир күндө 244 адам көз жумду

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө оорудан бир күндө 244 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүчтөргө карабай орус өкмөтү карантин киргизүүдөн баш тартып жатат.

Чехияда бир күндө 8325 кишиге коронавирус жукту

Azattyk.org 

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирус жайылып жаткандыктан катаал чараларды көрүп, карантин киргизип жатат. Чехияда 14-октябрдан тартып бардык бар, ресторан, клубдар, спорттук жайлар 3-ноябрга чейин жабылды. Мектептер, жогорку окуу жайлары толугу менен онлайн окууга өттү. Коомдук транспорт, дүкөн, башка жабык жайларда беткап тагынып жүрүү эрежеси буга чейин эле киргизилген. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Роман Примула алдыдагы үч жума эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн абдан маанилүү экенин эскертти... Читать дальше...

Британия Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракетин колдойт

Azattyk.org 

Британ өкмөтү бүгүн, 14-октябрь күнү Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады. «Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоо жана мыйзамдуулук - эки тараптуу кызматташуунун негизи. Көптөгөн жылдардан бери Кыргызстан активдүү жарандык коому, демократиялык шайлоолору жана сөз эркиндиги менен аймакта өзгөчөлөнүп келген. Ага карабай, 4-октябрдагы шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнү нааразылык менен коштолду. Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктын курчушу Кыргызстанда мыйзамды сактоо зарылчылыгын көрсөттү»... Читать дальше...

Азербайжан Армениянын аймагына сокку урганын бышыктады

Azattyk.org 

Азербайжан Армениянын аймагындагы ракета комплексине сокку урганын бышыктады. Баку муну менен биринчи жолу кошуна өлкөдөгү жайды бутага алганын моюнга алды. Азербайжан Коргоо министрлиги армян тарап Гянжа шаарына, карапайым эл жашаган жерге ракета атууга даярданганын билдирди. Армениянын Коргоо министрлиги бул дооматты четке кагып, азери аймагындагы аскердик объектилерге сокку урууга укуктуу экенин билдирди. Эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак аймагынын айынан  27-сентябрда куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Читать дальше...

Коомдук телеканалга жаңы жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) жетекчилиги кайра алмашты. Байкоочу кеңештин чечими менен коомдук телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев дайындалды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү, мурдагы төрага Азамат Болгомбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучуну бекитүү маселеси бүгүн, 14-октябрда каралды. «Байкоочу кеңештин 11 мүчөсүнүн колдоосу менен Бактияр Алиев Коомдук телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Канттагы авиабаза тууралуу келишим ошол бойдон калат

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен мамиле кандай болоору тууралуу оюн айтты. «Биздин стратегиялык эң негизги өнөктөш – бул Орусия. Анткени бизди көп нерсе байланыштырып турат. Андан ажырап кете албайбыз. Ал эми жолугушууларды азырынча пландай элекпиз. Эртең ишке киришсем белгилүү болот», - деди Жапаров. Садыр Жапаров: «Орусиянын Канттагы аскердик авиабазасы тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүнбү?» - деген суроого... Читать дальше...

Зомбулуксуз жашоого умтулуңуз

Azattyk.org 

Ала качуу аркылуу баш кошууга мажбур болгон, зомбулукка кабылган, аны жеңип чыккан келин жөнүндө баян. Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси кендирди кескен көйгөй бойдон калууда. "Азаттык" радиосу "Айкын багыт" уюму менен биргеликте аялдардын укугун коргоого чакырган, зомбулукту жеңүүгө үндөгөн аудиобаяндардын сериясын сунуштайт.

Жаңы өкмөт башчы коррупцияны ашкерелеген журналисттерге колдоо көрсөтүү убадасын берди

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров коррупцияны ашкерелеген журналисттерге мамлекеттен колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчылык кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы пресс-конференциясында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып ал коррупция тууралуу жазгандардын жардамына муктаж экенин айтты: “Мага жардамыңар керек болот коррупциялык элементтерди иликтеп чыксаңыздар. Бирок реалдуу түрдө, адилеттүүлүк менен. Эптеп эле бурмалап, жокту бар кылып койбостон, бардык фактылар менен алып келсеңиздер... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо может сыграть Фрэнка Синатру в новом байопике Скорсезе





Персональные новости
Александр Бастрыкин

Бастрыкин запросил доклад по делу о нападении на журналистов в Москве





Кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдашат

Azattyk.org 

20-октябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан паспорт аркылуу гана өтүүгө мүмкүн болот. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, бул 2012-жылы эки тараптуу кол коюлган макулдашуунун күчүнө киргенине байланыштуу.  Жашы жете элек жарандардан да 20-октябрдан тартып паспорт талап кылына баштайт. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз болот. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарына да паспорт талап кылынат. 20-октябрга чейин чек арадан... Читать дальше...

«Ысык-Көл» мейманканасынын, өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-октябрь күнү түштөн кийин Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында чогулгандар митинг өткөрүп, анда легитимдүү бийликти колдоо үчүн келишкенин билдиришти. Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековду легитимдүү мамлекет башчы, ал эми Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары колдой турганын айтып жатышат. 14-октябрда Өкмөт жайгашкан имараттын алдында кайрадан чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышты. Бишкек комендатурасы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Читать дальше...

Касымалиева Садыр Жапаровго: бир да жолу тарапташтарыңызды тынчтандырып койгон жоксуз

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 14-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министр катары жана өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен чукул жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева митингчилерден келген коркутуп-үркүтүү тууралуу айтты. Ал Жапаровго кайрылып, аны сындагандарды коркуткандарды тыюуга чакырды: «Түнү менен эч ким уктаган жок. Сиздин тарапташтарыңыз «үйдү өрттөйбүз, башын жанчыйбыз» деген маселелер болду. Менден эле эмес, башкалардан да дооматтар айтылды. Сиз бир да жолу чыгып, тарапташтарыңызды тынчтандырып... Читать дальше...

Президент жаңы дайындалган өкмөт башчы жана парламент төрагасы менен жолукту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков төрага менен премьер министрди кызмат орундары менен куттуктады. Иштерине ийгилик каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишенерин айтты. Коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна жана күз-кыш мезгилине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Читать дальше...

Садыр Жапаров: өкмөт курамы шашылыш түзүлүп калды

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйында өкмөттүн курамы жана андагы аялдардын орду тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн курамы шашылыш түзүлгөнүн билдирди: «Өкмөттүн курамы эртең менен шашылыш түрдө түзүлдү. Бир-эки ай ичинде кайра карап чыгып, бардык тармактардан карап, өзгөртүү киргизебиз. Сөзсүз түрдө аялдарды кошобуз. 30% аял болушу керек. Анан жаштардан тартабыз. Аны карайбыз. Өзүңөр көрүп атасыңар, акыбал ушундай болуп турат. Мага «парламенттин... Читать дальше...

Жапаров: Атамбаевди мен эмес, президентке баш ийген органдар камады

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын кайра камалышына тиешеси жок экенин билдирди. 14-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып өкмөт башчы аларды президентке баш ийген мекемелер камаганын айтты жана саясий куугунтук болбой турганын белгиледи: «Мен өзүм сегиз жылдан бери саясий куугунтукта жүргөн адам катары мындай куугунтук болбойт деп сөз бере алам. Бир эмес, эки жолу камалып чыктым. Үй-бүлөм, бала-чакам, бир туугандарым запкы жеди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Эксперт рассказала, как правильно выбрать одежду для спортзала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Прямая трансляция первого матча Елены Рыбакиной на турнире в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о сохранении экологии Севастополя





Путин в России и мире
Москва

Первый пуск «Ангары-А5М» с Восточного запланирован в 2027 году


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт ансамбля "Русский тембр"



Москва

«Мотомосква» ведет собственные поиски виновного в убийстве в Люблине

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net