123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 15.10.2020

Осмонов: Парламент Сооронбай Жээнбековду чакырып, сөзүн угушу керек

Azattyk.org 

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жыйынына Сооронбай Жээнбековду чакырып, анын пикирин угушу керек. Коомдук ишмер бул тууралуу 15-октябрда "Азаттык" менен болгон маегинде айтты. "Процедура боюнча Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алышы керек. Парламент жыйынына президентти чакырып, ал канчалык чын ыкласынан, өз каалоосу менен кетип жатканын сураш керек. Парламент анын отставкасын кабыл албай коёт деген жобо жок" - деди Осмонов. Читать дальше...

Алимбеков: Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өз арызы менен президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Исаевдин партиялашы, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурбек Алимбеков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, парламент төрагасы президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. «Бирок Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет», - деди Алимбеков. Ошондой эле Нурбек Алимбеков 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылганын жана анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун... Читать дальше...



Иран эки өкмөттүк мекемесине кибер чабуул коюлганын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын кибер коопсуздук үчүн жооп берген органы хакерлер өлкөнүн өкмөттүк эки мекемесине «кеңири масштабда» чабуул коюшканын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары 15-октябрда маалымат технологиялар уюмунун өкүлү Аболкасым Садегиге шилтеме кылып жазышкандай, айрым өкмөттүк мекемелер да чабуулдардын алдын алыш үчүн Интернет кызматын убактылуу жабышты. Садеги кибер чабуулдар 12-13-октябрда болгонун айтып, бирок кайсы мекемелер бутага алынганын тактаган жок.  Тегеран буга чейинки кибер чабуулдарды... Читать дальше...

Сариев: Конституциялык жол менен кетиш үчүн шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда конституциялык жол менен кетиш үчүн парламенттик жана президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул тууралуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү шартта мыйзамга ылайык 20-декабрга чейин парламенттик, 15-январга чейин президенттик шайлоо өтүшү керек. «Бирок «эки шайлоону бир күндө өткөрсөк болот» деп да айтып жатышат. Эгерде бул шайлоону өткөрбөсөк, конституциялык нуктан чыгып кетебиз. Бирок 2010-жылы өзгөчө... Читать дальше...

Осмоналиев: Садыр Жапаров өзү да кырдаалдын барымтасында калгандай туюлуп жатат

Azattyk.org 

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев 15-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал кечээ президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн президентти кетирип, эми парламенттин кетишин талап кылып жатышканына түшүнбөгөнүн билдирди: «Менде ушундай ой пайда болду: Садыр мырза өзү да кырдаалдын барымтасында калып жатат. Балким ал жерде түрдүү адамдар болуп жатканы да таасир этиши мүмкүн. «Кетсин» деп тургандардын көпчүлүгү жаштар... Читать дальше...

Жээнбековдун күтүүсүз чечими

Azattyk.org 

2017-жылы 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 920 миң шайлоочунун колдоосу менен бийликке келген Сооронбай Жээнбеков үч жылдан кийин, 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүнү чечкени боюнча маалымат чыкты.



Садыр Жапаров: Президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү

Azattyk.org 

15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент да, парламент төрагасы да кызматтан кеткенин, бүгүнтөн тарта ал премьер-министрдин дагы, президенттин дагы милдетин аткара турганы билдирди.

Саясий кырдаал: Мыйзам жана талап

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө арыз жазганы жарыяланды. Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалды “Азаттыктын” эксперттер талдайт берүүсүндө талкууладык.

Cалянова: Конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салыш үчүн тез арада таза шайлоо өткөрүү зарыл. Эч кандай конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, президент кеткен учурда 28-октябрдан кийин анын ыйгарым укуктары премьер-министрге өтүшү мүмкүн. «Ошондо сот бийлигин эсепке албаганда өлкөдө бир эле бийлик калат. Президенттин да, премьер-министрдин да ыйгарым укуктары бир адамга өтөт. Парламент ишин токтотот. Читать дальше...

Сурамжылоо: Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз?

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алды. "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз? Бийликтен эмнени күтөсүз?" деген суроолорду узатты.

Турсунбек Акун: Жээнбеков менен Жапаровдун сүйлөшүүсүндөгү сөздөр жашыруун болбошу керек

Azattyk.org 

Мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү тууралуу чечими жөнүндө өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, бул күтүлгөн нерсе болгонун айтты. Акун ошентсе да процесстин арты жашыруун болуп жатканына кабатырланды:  «Президент 5-октябрдан кийин эле жалпы журтка кайрылып, кызматтан кетерин билдирген. Ал эки айдан кийинби, же беш күндөн кийинби, кыскасы ушундай позициясын айткан. Ошондуктан анын кызматтан кетиши күтүлгөн нерсе эле. Бирок башка жагдай - «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык... Читать дальше...

Садыр Жапаров: президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү (видео)

Azattyk.org 

Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент кызматтан кеткенин, парламент төрагасы мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу арыз жазып бергенин жарыялады. Ал ушул мүнөттөрдө Эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп төмөнкүдөй билдирүү жасады: «Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канатбек Исаев «анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен» деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин... Читать дальше...

Абдрахматова: Жогорку Кеңеш жоопкерчилигин сезип, иштөөгө тийиш

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы депутаттары таркабашы керек экенин, алардан тарап кетүүнү талап кылуу туура эмес болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. Анын айтымында парламент өзү менен кошо көпчүлүк коалицияны жоюп салып, өкмөттү өзү менен кошо алып кетиши мыйзамдуу болот. «Эгер аларды азыр таркатып жиберсек, даана укуктук туңгуюкка такалабыз. Ошондуктан азыр «Жогорку Кеңеш тарасын, Исаев кетсин» деп кыйкырууга негиз жок. Читать дальше...

Министр Казакбаев Орусиянын, Казакстандын Кыргызстандагы элчилерин кабыл алды

Azattyk.org 

Жаңы дайындалган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилери Николай Удовиченкону жана Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды. Андагы маалыматка караганда жолугушууда эки өлкөнүн элчилери Руслан Казакбаевди Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттукташты. Министр Казакбаев элчилер менен жолугушууда Кыргызстандагы кырдаал акырындап турукташып, мыйзам жолуна түшүп келе жатканын айтты.... Читать дальше...

Калчаев: Мыйзамды так сактайбыз

Azattyk.org 

Жарандык активист, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Нарис Калчаев "Ысык-Көл" мейманканасында топтолгон элдин бийликке койгон талабын, азыркы кырдаалда эмнени күтүп жатышканын айтып берди.

Парламенттин мөөнөтү талашка түштү

Azattyk.org 

Азыр иштеп жаткан VI чакырылыштагы парламенттин шайланганына туура беш жыл болду. Эми Кыргызстандагы саясий кризистин тушунда Жогорку Кеңештин мөөнөтү качан бүтөрү тууралуу кайчы пикирлер жаралды.

Вирус күчөп, каражат азайды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.


Музыкальные новости
Гречка

Анна Пересильд, Леон Кемстач, Светлана Иванова, Яна Чурикова, Саша Стоун и другие гости «белой вечеринки» в рамках ММКФ





Персональные новости
Сергей Арутюнов

Финалист шоу “Голос” Сергей АРУТЮНОВ прямо при выезде со своего сольного концерта в Кремле cлучайно сбил девушку. А ей оказалась солистка группы Демо.





Дүйшөбаев: Кызматка кирише элекмин

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-октябрдагы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматын аткарууга толук кирише элек. Бул тууралуу Дүйшөбаев өзү «Азаттыкка» билдирди: «Жарлык чыккан, жамаатка тааныштырышты. Бирок жумушка толук киришкенге жетишкен жокмун. Ызы-чуу болуп кеткенин көрүп жатпайсыңарбы. Ал эми президенттин кызматтан кеткени жөнүндө анын расмий сайты жарыялады. Ошондуктан кантип ишенбей коесуң?» - деди Дүйшөбаев. Кыргызстанда 5-октябрдан бери саясий кризис чечилбей турат. Ал учурдагы... Читать дальше...

Мамлекетти акыл-эс менен сактап калалы

Azattyk.org 

Өлкө каржалып, улут кыйналып, кайран эл карайлап жол издеп, журт башчысымын дегендер менен башчы болгусу келгендер караңгыда көз таппай, кысталышта сөз таппай, кыйналып турат. Кырдаалдан кантип чыгабыз деп жооп издеп турган чакта акылыбыз тайкыраак, билимибиз тайызыраак, абийирбиз, намысыбыз, жоопкерчилигибиз чамалуу экени аз келгенсип, айткан кеңештерге кулак салбай, бири-бирин укпай, аарынын уюгундай ызылдаган кезибиз. Эмне үчүн биз деп жалпылаштырып жатам. Анткени баарыбызга тиешелүү, баарыбыз жооп беребиз... Читать дальше...

БШК Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берди

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырлыштагы депутаты болуп калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Маалыматка ылайык, БШК бүгүн, 15-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери жана партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канагаттандырды. БШКнын бир мүчөсү - Адилет Сатыгулов каршы добуш берди. «Ата Мекен» партиясынын... Читать дальше...

Депутат Сулайманов прогрессивдүү күчтөрдү ынтымакка чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы акыркы кырдаалда бийликтин бир колго топтолбошу үчүн бардык прогрессивдүү күчтөр чогуу иш алып барышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы абалды укуктук алкактан чыкпашы үчүн парламенттин мааниси чоң.  «Азырынча андай күчтөр жыйнала элек. Бирок андай кадамдар байкалбай турат. Бирок кырдаал ошого алып барабы деген ойдомун. Эртең Жогорку Кеңеш өзүн кандай көрсөтөт? Ошого абдан көп нерсе көз каранды», - деди Сулайманов. Читать дальше...

Мэрия: Митингчилерди ташыган автобустарга тиешебиз жок

Azattyk.org 

Бишкектеги митингчилерди ташууга шаардык ишкананын тиешеси жок. Бул тууралуу 15-октябрда баш калаанын мэриясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, аларга митингге чыккан адамдарды шаардын жүргүнчү ташуучу автобустары тейлеп жатканы тууралуу арыздар түшкөн. Шаар башкармалыгы буга байланыштуу расмий сайтына билдирүү жарыялап, ал автобустардын «Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасына тиешеси жок экенин, митингчилер тууралуу тарап жаткан сүрөт жана видеолордогу... Читать дальше...

Эркебаев: Жээнбековго басым көрсөтүлүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү тууралуу чечими күтүүсүз болгонун, мындай абалга өкүнүп турганын «Азаттык» радиосуна билдирди.

Спорт в России и мире
Москва

Победа спортсменов Центра боевых искусств


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина назвала свое преимущество над Швентек


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Экологический телемост регоператора МСК-НТ связал школьников Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

Площадь трех вокзалов в Москве переименуют


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленскому предложили не ограничиваться Бандерой и захоронить на капище под Киевом молекулы Гитлера


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Прокофьев

Мариинский театр 23 апреля отметит рождения композитора Прокофьева



Москва

СМИ: в США блогерша-провокаторша Лена Миро впала в кому и умерла

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net