Беларуста Тихановскаянын үзөңгүлөштөрүнүн бири кармалды
8-октябрда беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын үзөңгүлөштөрүнүн бири Анатолий Лебедькону милиция кармаганы кабарланды. Бул маалыматты Минск шаардык полициясынын өкүлү Наталья Ханусевич ырастап, оппозициячы административдик мыйзам бузганы үчүн кармалганын билдирди. Буга чейин Лебедьконун жакындары дайынсыз болуп жатканын кабарлашкан. Тихановская оппозициячыл Бириккен жарандык партиянын мурдагы төрагасы Лебедькону конституциялык реформалар боюнча өкүлү кылып дайындагынын жарыялаган болчу. Читать дальше...