123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 22.10.2020

Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүүгө шарт түзгөн мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду. Президенттин басма сөз кызматы бул мыйзамды кабыл алууга бир катар жагдайлар, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал шарт түзгөнүн белгиледи. Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Читать дальше...

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны

Azattyk.org 

22-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармады. «Коля кыргыз» деген каймана ат менен таанылган кылмыш дүйнөсүнүн лөгүнүн ысымы айрыкча быйылкы парламенттик шайлоодо көп аталды. Садыр Жапаровдун бийлиги уюшкан кылмышка каршы күрөш күчөтүлөрүн жарыялады.

Эдвард Сноуден Орусияда туруктуу жашоого уруксат алганы кабарланууда

Azattyk.org 

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусияда туруктуу жашоого уруксат алганы кабарланууда. Бул тууралуу "ТАСС" жана "РИА-Новости" сыяктуу орусиялык мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Сноудендин адвокаты Анатолий Кучеренага шилтеме кылып жазып чыгышты. Анда Кучерена Сноудендин орус паспортун алуу ниети жок экенин билдирген. Ошондой эле Сноуденге Орусияда убактылуу жашоого берилген уруксат быйыл апрель айында бүткөнүн, аны узартуу процесси коронавирус пандемиясынан... Читать дальше...



Кабул мечиттеги чабуулда өспүрүмдөр набыт болгонун четке кагууда

Azattyk.org 

Расмий Кабул Тахар провинциясында мечитке урулган аба соккусунан 12 өспүрүм набыт болгону тууралуу кабарды чет кагууда. Ооганстандын Коргоо министрлиги мечитке сокку урулганын ырастаганы менен жайкын тургундар каза болгонун тастыктаган жок. "12 талиб жоочусу, алардын ичинде командири да өлтүрүлдү", - деп билдирди министрлик. Расмий маалыматта "жайкын тургундардын өлүмү тууралуу кабарлар иликтенип жатканы" белгиленди. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салих да өспүрүмдөр набыт болгону тууралуу... Читать дальше...

“Бир дүйнө Кыргызстан”: Ар бир бешинчи адам жакырчылыкта күн көрөт

Azattyk.org 

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы акыркы эки жылда өлкөнүн ар кайсы аймактарында жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн негизинде өлкөдө ар бир бешинчи адам жакырчылыктын жеткен чегинде жашарын аныктаган. Бул тууралуу уюмдун 22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусунда айтылат: "Негизги маанилүү чакырыктар жана тобокелчиликтер катары башаламан миграция, жумушсуздуктун жеткен чеги, жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, саясий коррупция... Читать дальше...

Экономикалык мунапыс эмне берет?

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялаганын билдирди. Мунапыс берүү менен мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга болобу? Бул жараянды ишке ашырууда аткаминерлердин, жалпы эле элдин коопсуздугун, укугун коргоого шарт түзүлөбү? Репрессиялык, өч алуу көрүнүштөрү орун албаш үчүн эмне кылуу керек? “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн коноктору – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов, акыйкатчы Токон Мамытов, экономикалык... Читать дальше...

Иран менен Орусия АКШнын шайлоого байланыштуу дооматын четке кагышты

Azattyk.org 

Иран менен Орусия АКШдагы 3-ноябрда өтүүчү «президенттик шайлоого кийлигишти» деген маалыматтарды четке кагышты. Иран бийлиги Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын элчисин чакыртып, Америка тараптын билдирүүсүн «негизсиз» деп атады. Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы миссиясы да Тегеран «башка өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишпей турганын» белгиледи. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматы «эч нерсеге негизделбегенин» билдирди. 21-октябрда Кошмо... Читать дальше...

Усупбекова: Баш мыйзамды өзгөртүү - саясий оюн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты. Парламентте сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 21-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган. Читать дальше...



Парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты. Парламентте сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык... Читать дальше...

Парламент кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө сунушту колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты. Мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 21-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүүгө макулдук берди

Azattyk.org 

Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууга багытталган мыйзам долбооруна Жогорку Кеңеш дээрлик бир ооздон макулдук берди. Добуш берүү ачык жүрүп, 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 22-октябрда келип түшкөн. Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, бийликти бир кишинин колуна берүү аракети деп баалашса... Читать дальше...

«Жапаров бийликти бекемдегиси келсе өзүнө ор казат»

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизиш үчүн парламенттик шайлоону артка жылдырууну талкуулап жатат. «Ар-Намыс» партиясынын лидери, саясий ишмер Феликс Кулов парламенттик шайлоону жайга чейин калтырып, конституциялык өзгөрүүгө барууда кандай коркунучтар бар экенине токтолду.

Депутат Бекешев: Парламент бийликтин нотариусу болуп калды

Azattyk.org 

«Бийликтин бардык каалоолорун мыйзамдаштырып берип, Жогорку Кеңеш анын нотариусу болуп алдык. Парламенттик шайлоого акча жок, ал эми президенттик шайлоого акча табылат». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 22-октябрдагы сессияда билдирди. Депутат Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун сынга алып, ага «каршы» добушун берди. Дагы бир депутат Аида Касымалиева «өлкө тагдырын чечүүчү мыйзам кабыл алынып жаткан соң... Читать дальше...

Укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Укук коргоочунун адвокаты Чынара Жакупбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Камил Рузиевдин бөгөт чарасы Каракол шаарынан эч жакка чыкпоо шартынан чакырганда келүү шартына алмаштырылды: «Мындай чечимди бүгүн, 22-октябрь күнү Каракол шаардык соту чыгарды. Прокурорлор буга каршы болушту, бирок сот биздин өтүнүчтү канааттандырды. Мурдагы чечим боюнча ал Караколдон эч жакка чыга албай турган болсо, эми тергөөгө чакырганда сөзсүз барууга милдеттендирилди», - деди адвокат. Читать дальше...

Эки өлкө АКШнын дооматтарын четке какты

Azattyk.org 

Орусия жана Иран АКШнын эмки айдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракеттеништи деген айыптоосун четке кагышты. Шаршембиде АКШнын чалгын кызматы ал эки өлкө добуш берүүчүлөрдү каттоо туралуу маалыматтарга ээ болгонун билдирген.

Шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору 2-3-окуудан кабыл алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна депутаттар ачык добуш беришти, дээрлик бир добуштан кабыл алынды. Добуш берүүнүн алдында долбоордун демилгечилеринин бири, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева... Читать дальше...

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Azattyk.org 

Тилек Токтогазиев айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону 22-октябрда расмий кабарланды.  Токтогазиевдин бул кызматка талапкерлигин парламент бир күн мурда көпчүлүк добуш менен колдогон. 30 жаштагы Тилек Токтогазиев мурда ишкерлик менен алектенген. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен барган. 7-октябрь күнү анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.

Иманалиев: Кыргызстанды Африканын артта калган өлкөлөрүнө теңегиси келгендер Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы сокку уруу аракети катары баалап жатат. 22-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал азыркы чакырылыштагы парламент конституциялык реформа жүргүзүүгө мыйзамдык убактысы да, моралдык жана юридикалык укугу да жок экенин айтты. Иманалиев парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аныктаганын, мөөнөтүнөн мурда президенттик... Читать дальше...

Суук вирустун жаңы толкунун алып келди

Azattyk.org 

АКШда 38 штатта коронавирус жугузгандардын саны кескин өсүүдө, ал эми Европада улам бир өлкө вирустун күч алышынан улам жаңы чектөөлөрдү киргизип жатат. Октябрдын башында Кошмо Штаттарда бир күндө вирус 42 миңдей адамда аныкталган болсо, азыр күнүнө 63 миңге жетүүдө. Бул июлдан берки эң жогорку көрсөткүч. Жалпы ооругандардын саны 8,5 миллионго чамалады. Бир күндө орто эсеп менен 750дөй адам коронавирустан каза таап, пандемияда илдеттен көз жумгандардын саны 220 миңден ашты. Оорулардын алдын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Элтон Джон, Баста, Райан Рейнольдс, Натали Портман — собственники футбольных клубов





Персональные новости
Минфин

Минфин РФ: отсутствие интероперабельности - это препятствие к использованию ЦФА в международных расчетах





Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп дайындалды

Azattyk.org 

Абдрахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону 22-октябрда расмий кабарланды.  Мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевди Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына дайындаган. 19-октябрда Садыр Жапаров аны бошоткон.  Абдрахман Маматалиев буга чейин транспорт министринин орун басары, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-премьер-министр болгон.

Жогорку Кеңештин отуруму жабык өтүп жатат (жаңыланды)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жыйынынан журналисттер убактылуу чыгарылды. Депутаттар кайсы маселени талкуулап жатканы белгисиз, парламенттин басма сөз кызматы алар кеңешип алыш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн он мүнөткө сыртка чыга турууну өтүндү. Азыр, саат 17:49да жыйын жабык өтүп жатат. Парламенттин бүгүнкү отурумунун күн тартибине шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу 21-октябрда биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорун кароо маселеси кирген. Мындан тышкары, парламенттик кайра шайлоону... Читать дальше...

Парламенттик комитет шайлоо эрежелерин өзгөртүү боюнча долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов иштеп чыгышкан. Авторлордун айтымында, эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө... Читать дальше...

Шайлоолорду Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү боюнча долбоор парламент комитетинде колдоо тапты

Azattyk.org 

Кыргызстанда президентти жана парламентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бүгүн, 22-октябрда ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде үч окууда жактырылды. Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду. Негиздемеде азыр Борбордук... Читать дальше...

Акыйкатчы милициянын БШК мүчөлөрүнө кылган мамилесин сындады

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнө кылган мамилесин сындады. Акыйкатчы 22-октябрда билдирүү таратып, күч кызматкерлери өз ишмердигин мыйзам чегинен чыкпай аткарууга тийиш экенин белгиледи. Мамытов БШК ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертти. Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү «Таза шайлоо», «Общее дело» жана «Эгль» уюмдары да таратты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Гостином дворе прошел форум «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Теннисист Рублев разбил ракетку после поражения на турнире в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности проекта «Генеральная уборка»





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Бывшая возлюбленная Тимати сообщила о новом романе



Москва

Бывшего начальник подразделения РЖД из Брянска обвиняют в получении взятки

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net