Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 27.10.2020

Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты

Azattyk.org 

Эл аралык мобилдик (уюкфондук) кино фестивалынын уюштуруучулары маалымдагандай, кыргызстандык режиссер Алия Макешованын “Өтмүш порталы” тасмасы “Мыкты даректүү тасма” номинациясы боюнча жеңүүчү болду. “Кеч калган” тасмасы “Мыкты актриса”, “Мыкты актер” жана “12 мүнөткө чейинки категориядагы мыкты тасма” номинацияларын утуп, 500 доллар байгеге ээ болду. Уюкфондук кино фестивалына Болгария, Индия, Иран, Испания, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Орусия, Польша, Франция жана Чилиден 50 тасма катышкан. Mobile Blockbuster film festival (MBff) ... Читать дальше...

Казакстан ПЦР маалымдамасы жок чет өлкөлүктөрдү депортациялоодо

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирустун тездеп жайылышына бөгөт коюу чаралары катаалдашты. Коронавирустун бары-жогун аныктоочу полимераздык чынжыр реакциясы  (ПЦР) тесттеринин мөөнөтү өтүп кеткен же экспресс маалымдама менен гана өлкөгө келген 31 чет өлкөлүк жаран Казакстандан кайра артка чыгарылды. Алардын ичинде Орусия, Украина, Беларус, Түркия, Британия жана Германиянын жарандары бар. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Садвакас Байгабулов 27-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда... Читать дальше...

Орус тышкы министри коронавирустан улам обочолонууга кетти

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров коронавирустан улам Балкан өлкөлөрүнө пландалган сапарын токтотту. Ал буга чейин коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгону аныкталган. Орус тышкы саясат мекемеси 70 жаштагы министрдин саламаттыгы жайында экенин, бирок алдын-алуу максатында обочолонууга кеткенин билдирди. “Мурда пландалган сапарлар кийинкиге жылдырылды”-деп билдирди министрликтен. Сергей Лавров 26-октябрда Грециядан сапардан кайтып келген. 28-29-октябрда Босния жана Герцеговина жана Сербияга сапар менен бармак.



Армян премьери ок атпоо режими бузулганын билдирди

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабактагы ок атпоо режимин бузганы үчүн бири-бирин айыптады. АКШнын арачылыгында кабыл алынган режим 26-октябрдан тартып күчүнө кирген. Бирок акыркы эки күндө бул режим бузулуп жатканы боюнча маалыматтар байма-бай келип жатат. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл аралык коомчулуктун эки тарапты элдештерүү боюнча кезектеги аракети ийгиликсиз болгонун айтып чыкты. «Анын жыйынтыгы катары Азербайжандын аткылоосунун жыйынтыгында жайкын тургундары каза таап... Читать дальше...

Өкмөт: Исмаилова менен Кочкоров кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаровдун 27-октябрдагы жарлыгы менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова кызматынан бошотулду. Садыр Жапаровдун ушундай эле буйругу менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров да ээлеген кызматынан алынды. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, экөө тең кызматтан өз арыздарынын негизинде бошотулду. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматка быйыл апрель айында дайындалган. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Дүйшөбаевдин кызматта калууга моралдык укугу жок болчу

Azattyk.org 

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматында иштөөгө моралдык укугу болбогондуктан кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын алдын албаганы үчүн ишмердиги териштирилиши керек. “Ал жоопко тартыла турган адам. Ал кантип Коопсуздук кеңешинин башында турушу керек эле?”,-деп билдирди Жапаров. Ошондой эле премьер-министр Жапаров... Читать дальше...

Премьер-министр кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан кетиргенин айтты

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кеңешчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровду кызматтан алганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 27-октябрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, Акылбек Жапаровдун билими жана тажрыйбасын эске алуу менен кеңешчи болууну сунуштаган. Бирок өкмөт башчы соңку маалда Акылбек Жапаровдун дарегине айтылган сындан жана анын билдирүүлөрүнөн улам кызматтан алууну чечкен: “Үч күн мурунку теледебатын көрдүм. Темирлан... Читать дальше...



«Саясий туткундарды коргоо комитети»: Саясий куугунтукка кабылгандар жалпы акталсын

Azattyk.org 

«Саясий туткундарды коргоо комитети» 27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуу ээлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларга куугунтук болуп, түрмөгө камалганын белгилешкен. Анда: «2016-жылдан бери саясий туткун деп эсептеген 24 адамдын укугун талашып, Кыргызстанда репрессия болуп жаткандыгын БУУга чейин жеткирдик. Биздин комитет сиздин жана команданыздагы саясий өңүттө соттолгон Камчыбек Ташиев... Читать дальше...

Осмоналиев: Жапаров шайлоого кетсе президенттин милдетин спикер аткара алат

Azattyk.org 

Азыркы президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга кетсе, өкмөт башчылык ишин тапшырып, анын ордуна премьер-министрдин милдетин аткаруу премьер-министрдин орун басарына өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасына өтүшү ыктымал.  «Президенттин милдетин аткаруучунун кызматын тапшыруусу... Читать дальше...

Кордолгон Конституция, же мыйзам талаасындагы мыйзамсыз иш-аракет

Azattyk.org 

Кыргызстандагы укукчу илимпоздордун бири, профессор Урмат Аманалиев өлкөнүн Жогорку Кеңеши 22-октябрда бир күндө 3 окууда чукул кабыл алган конституциялык мыйзам делген документке өзүнүн адистик талдоосун сунуштайт.

Дүйшөбаев: Кылмыш дүйнөсү менен аралашкан адамдар жетекчи кызматтарга келип жатат

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 27-октябрда өткөрүп берген Кеңешбек Дүйшөбаев мындай пикирин «Азаттыктын» «Арай көз чарай» берүүсүндө билдирди. Ал бир нече күн мурун кармалып, үй камагына чыгарылган Райымбек Матраимовдун кармалышын «шоу» деп атап, бүгүнкү күнү жетекчилик кызматка келип жаткандардын арасында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен ымалалаш адамдар бар экенин айтты: «Буга далилдер социалдык тармактарда жайнап жүрөт. Чогуу спорт менен машыгып, аш-тойлордо кучакташып түшкөн сүрөттөрү толтура. Читать дальше...

Элмирбек Иманалиевдин эки китеби чыкты

Azattyk.org 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык ырлар жыйнагынын, “Ак таңдагы ак бата” аттуу китебинин бет ачары болду. Китеп 1000 нускада чыкты. Төкмө акын быйыл 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн өткөн.

Сот Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим чыгарды

Azattyk.org 

Сот Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Мекеме ырастагандай, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 23-октябрда Темирбаевдин өзүнүн жазган арызынын негизинде ишти карап, аны канааттандырган. Темирбаевдин абактагы калган жаза мөөнөтү үч ай 20 күн деп эсептелген. Бул мөөнөт сыноо мөөнөтү деп саналып, көзөмөл бекитилди. Темирбаев пробация органдарын жашаган жери... Читать дальше...

Акыйкатчы: Атамбаев сот жараяндарын ачык өткөрүүнү суранды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн акыйкатчысы аркылуу жаңы бийликке кайрылып, ага коюлган айыптар боюнча сот отурумдарынын баарын ачык өткөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу 27-октябрда Атамбаев менен Бишкектин №1 тергөө абагынан жолугуп чыккан акыйкатчы Токон Мамытов билдирди. Омбудсмендин маалымат кызматы кабарлагандай, Атамбаев кечээ аны суу жана канализация түтүктөрү иштебеген, жыт чыгып турган камерага отургузушканын, бүгүн анын баары оңдолгонун айтып берди. Мурдагы президент өлкөнүн жаңы жетекчилигине... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

Вышел трейлер отреставрированной документалки о группе The Beatles





Персональные новости
Арцах

Героическое участие армян в СВО. Часть третья





Баш калаанын тизгини Балбак Түлөбаевге өттү

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Митингде көздөн айрылгандар

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук госпиталдын Көз оорулары бөлүмүнө 5-октябрдагы митингден кийин 80 адам кайрылган. Алардын кыркына операция жасалды. Арасында көзү көрбөй калгандары бар. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын басымдуу бөлүгү жардыргыч заттардан оор жараат алышкан.

Министр Казакбаев британ элчиси менен Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарууну сүйлөштү

Azattyk.org 

2020-жылдын 27-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Эдмунд Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Гаретт Казакбаевди тышкы иштер министринин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, андан аркы ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев Кыргызстанда саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, абал туруктуу экенин, болуп жаткан саясий процесстер укуктук нукка кайткандыгын айтты. Читать дальше...

ЖАМК: Атамбаев №47 абакка которулмай болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин №1 тергөө абагынан №47 колонияга которулмак болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын 27-октябрдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алынганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев №1 тергөө абагына бир күн мурда которулган. Адвокат Замир Жоошев аны мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү шарты жок камерага отургузушканын... Читать дальше...

АКШда Жогорку соттун жаңы судьясы кызматка киришти

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн кечинде судья Эми Коней Баррет АКШнын Жогорку сотунун жаңы мүчөсү катары конституциялык ант берди. Азем Ак үйдө Сенаттагы добуш берүүдөн кийин дароо өттү. Президент Дональд Трамп бул күндү Кошмо Штаттар, өлкө Конституциясы жана мыйзам үстөмдүгү үчүн «маанилүү күн» деп атады. Барреттин талапкерлигин 52 сенатор колдоду, 48и каршы добуш берди. Демократ сенаторлордун бардыгы жана республикачыл бир сенатор каршы болушту. Президенттик шайлоого бир нече жума калганда Барреттин талапкерлигин көргөзүү демократтарды нааразы кылган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Хоккейный клуб из Балашихи выиграл Кубок Регионов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ирина Шиманович

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Ивлеева

Анастасия Ивлеева удалила из Instagram все фотографии и видеоролики



Москва

Восемь человек пострадали в ДТП с участием маршрутки в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net