Бишкекте инвесторду коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Борбор калаада уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү чет элдик ишкерди опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 31-октябрда кабарлады. Анда айтылгандай, 28-октябрда Түркиянын жараны (А.И.) милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 27-октябрда кеңсесине белгисиз жарандар келип, өздөрүн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары тааныштырып, андан 20 миң сом талап кылышканын айткан. Коркутууга алгандар камакта жаткан кримтөбөлгө колдоо керек болуп жаткандыгын айтып... Читать дальше...