Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 04.10.2020

“Ыйман Нуру”: Макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керек

Azattyk.org 

4-октябрда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков өз тарапташтары менен жолукканда "Кайсы бети менен жеңип чыктык деп айтат ошолор? Кайсы өлкөдө эң арты булганган адам партия менен келип өтүп кетет?” деп суроо коет. ​ “Тарых бизге үйрөтүп атат, дагы деле акылыбызга келбей жатабыз. Бир ийиндеги жыланга үч-төрт жолу чактырып атабыз. Биз эми чечим кабыл алабыз. Бирок биз муну менен макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керек!” дейт Кадырбеков. Читать дальше...

Москвада “Бүтүн Кыргызстан” ат чабым алдыга чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москва шаарында үч тилке ачылып, 4075 адам добуш берүүгө үлгүрдү. Москвадагы электрондук урналардын алгачкы жыйынтыгы интернетке жарыяланды. Добуштардын жарымынан көбү, же 2252 шайлоочу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы үчүн берилген. Экинчи орунду 581 добуш менен “Мекенчил” партиясы камсыздаган. Ал эми “Ата Мекен” партиясы 267 добуш алып, үчүнчү орунда. Республикалык жалпы жыйынтыкта ийгилик жаратып, биринчи орунду алганы көрсөтүлгөн “Биримдик” 58, ал эми “Мекеним Кыргызстан” 28 добуш алышкан. Читать дальше...

Тизмени текшергендер, бюллетенди сүрөткө тарткандар

Azattyk.org 

Шайлоо күнү "Азаттык" радиосунун WhatsApp номерине элден келген видеолордун топтомун сунуштайбыз. Парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,53%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,74%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү.



Лондон жана Стамбулда “Реформа” партиясы алдыга чыкты

Azattyk.org 

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы шайлоо тилкесинде 100 адам добуш берди. Анын жыйынтыгы боюнча, 29 адам “Реформа”, 19у “Ата Мекен” партиясына добуш берген, “Республика” партиясы 13 добуш алган. Ал эми калган партиялар 10го жетпеген добуш алышкан. Түркиянын Стамбул шаарындагы добушканада 151 адам добуш берген. Протоколго ылайык, “Реформа” партиясына 32 жаран, “Ата Мекенге” 20, “Ыйман Нуру” партиясына 13 адам добуш берген. Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. БШКнын алдын ала жыйынтыктары боюнча... Читать дальше...

"Реформа": шайлоону тааныбайбыз, бийлик легитимсиз

Azattyk.org 

4-октябрдагы шайлоого катышкандардын дагы бири, эски саясатчыларды таптакыр тазалоо, люстрация урааны менен чыккан "Реформа" шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. “Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алуулары, коркутуп-үркүтүүлөр менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алуулары бул шайлоону эң ыплас кылды. Ошондуктан, биз, “Реформа” саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Читать дальше...

Оппозиция 5-октябрда элди митингге чыгууга чакырды

Azattyk.org 

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү.  Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык  акциясына чакырышты. «Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз»... Читать дальше...

«Бир Бол» шайлоо жыйынтыгын тааныбайт

Azattyk.org 

«Бир Бол» партиясынын тизмесин баштап чыккан Алмамбет Шыкмаматов бул жолку парламенттик шайлоодо жалпысынан «40-50% ашык добуш уурдалганын» партиянын мүчөлөрү уюштурган басма сөз жыйынында билдирди. Ал жалпы добуш берген 1,9 млн. кишинин басымдуу бөлүгү коркутууга кабылганын, административдик ресурс ашкере колдонулганын баса белгиледи. Бийликтин коррупция менен күрөшүү тууралуу айткандарын төгүнгө чыгарды. «Тарыхта болуп көрбөгөн, ачыктан ачык, «билгениңерди кылгыла, эл эч нерсени чечпейт, эл мал» деген мамилени бүгүн бийлик жасады. Читать дальше...

«Замандаш» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

Azattyk.org 

БШКнын алдын ала жыйынтыгы менен парламенттик шайлоодо жети пайыздык босогону өтө албай калган «Замандаш» партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партиянын штабында басма сөз жыйынында «Замандаштын» лидери Жеңиш Молдакматов билдирди. Анын айтымында, шайлоодо добуштарды сатып алуу массалык мүнөздө болуп, жыйынтыгы ишеним жаратпайт. «Шайлоонун жыйынтыгын «Замандаш» партиясы тааныбайт. Парламентке административдик ресурс жана добуш сатып алган партиялар келди», - деди Молдакматов. Читать дальше...



БШК: Шайлоонун жыйынтыгына ишендире турган бардык каражаттар камсыздалды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) добуш берүү күнүндөгү мыйзам бузуу тууралуу арыздар келип түшүүдө. Эгер алар тастыкталса, тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.   Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санабаш үчүн бардык шарттар түзүлгөн.  «Ар бир автоматтык эсептөөчү урнадан алдын ала жыйынтык жарыяланып турат. Ар бир байкоочу биздин таблицадагы маалыматты ошол урнадагы маалымат боюнча отчёт менен салыштырып көрө алат. Ошентип... Читать дальше...

"Республика": шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү

Azattyk.org 

"Республика" партиясынын өкүлдөрү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү деп эсептейт. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин аталган партия лидери Мирлан Жээнчороев, талапкерлер Алтынай Өмүрбекова жана Руслан Казакбаев журналисттерге маалымат беришти. Алар шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганын айтышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы күмөндүү экенин, партия аны тааныйбы же жокпу бардык добушканалардан протоколдор келип, акыркы маалымат чыккандан кийин жарыялай турганын билдиришти. Читать дальше...

Шайлоонун саат 23:00гө карата алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) саат 23:00гө карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду. Бул маалыматка караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,53%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,74%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,85%, «Республикада» 5,81%, «Ата Мекенде» 4,04%, «Ыйман Нурунда» 3,35%, «Бир Болдо» 3,03%, «Чоң Казатта» 2,33%, «Замандашта» 2,15%... Читать дальше...

Ошто «Реформа» партиясынын лидерине кол салуу болду

Azattyk.org 

Ош шаарында шайлоо бекетинде «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкуловага кол салуу болду. Бул тууралуу ал 4-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя Ош шаарынын Он-Адыр конушунда болду. Сооронкулова шайлоо участокторунда кылмыштуу топтордун өкүлдөрү турганын белгилеп, «бул жерде бийлик да, мамлекет да, милиция да жок экен» деген тыянакка келгенин, акча айдан ачык эле таратылганына күбө болгонун кошумчалады: «Байкоочулар менен сүйлөшүп турсам Умарова деген аял келип калды. Читать дальше...

Матраимов: Шайлоо Oшто ыпылас өттү (видео)

Azattyk.org 

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна парламенттик шайлоо айрыкча Ош шаарында өзгөчө ыплас өткөнүн айтты. «Биринчиден, азырынча биз шайлоонун жыйынтыгына кубана элекпиз. Себеби, санак дагы эле уланууда. Протоколдор толук чыга элек. Ал эми шайлоо учурунда социалдык медиада деле күбө болдук, Ош шаарында өзгөчө ыплас учурлар катталды. Мунун баарын ким кылганын айта албайм. Биз айрым участоктордо алдын ала божомолубузга караганда көбүрөөк добуш алмакпыз», - деди ал. Читать дальше...

«Ата Мекен»: шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй ыпылас өттү (видео)

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев жана Тилек Токтогазиев парламенттик шайлоонун баштапкы эсеби жарыялангандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Рыскелди Момбеков бул шайлоо тарыхындагы эң ыпылас шайлоо болду деген оюн билдирди. «Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт. Шайлоо эмес, жайлоо болду. Шайлоо боло электе эле билинип калган. Оппозициялык партияларга, элге мүмкүнчүлүк берилген жок. Социалдык тармактарда, «Азаттыкта» эмне деген гана мыйзам бузуу көрсөтүлбөдү? Читать дальше...

«Социал-демократтар» партиясы мөөнөтсүз митинг жарыялады

Azattyk.org 

Өкмөт Үйүнүн алдында «Социал-демократтар» партиясынын бир нече мүчөсү шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыгып, мөөнөтсүз тынчтык митингин баштады. Партиянын мүчөсү, парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Темирлан Султанбеков: «Бүгүндөн тартып бийликти уюшкан кылмыштуу топ деп атаса туура. Алар бийликти күч менен пара берип, жасалма жол аркылуу сатып алды. Бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырабыз. Биз эми тынчтык митингин уланта беребиз», - деди. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды... Читать дальше...

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча эки партия алдыда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат. Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8, 78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7, 04% добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, алдын ала эсептөөлөр шайлоо тилкелеринин 82% алынды. (BCh)

Таласта шайлоочулардын 57,4% добуш берди

Azattyk.org 

Талас облусу боюнча шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 57,4% болду. Баштапкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 18,75%  “Мекеним Кыргызстан”, 17,92% “Биримдик”, 10,42% “Кыргызстан” партияларына добуш беришти. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын 7 миңден ашыгы Талас шаарындагы тилкелерде эле. Шайлоонун болжолдуу жалпы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык шайлоочулардын 50,78% добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык... Читать дальше...

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылууда

Azattyk.org 

Баштапкы маалымат боюнча шайлоочулардын 45% ашыгы добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө. Ага ылайык: «Биримдик» - 24,85%; «Мекеним Кыргызстан» - 24,33%; «Кыргызстан» - 8,91%; «Бүтүн Кыргызстан» - 7,22%; «Мекенчил» - 6,95%; «Республика» - 5,93%; «Ата Мекен» - 4,1%; «Ыйман Нуру» - 3,42%; «Бир Бол» - 3,08%; «Чоң Казат» - 2,37%; «Замандаш» - 2,19%; «Социал-демократтар» - 2,15%; «Реформа»... Читать дальше...

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча беш партия парламентке өтөт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап жатат. Жергиликтүү саат кечки сегиз жарымда добуштардын 82% саналып бүттү. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, 3,5 миллиондон ашуун катталган шайлоочунун 1,6 миллиондон ашууну (46,12%) добуш берди. Баштапкы маалыматка ылайык, беш партия 7% шайлоо босогосун өттү: «Мекеним Кыргызстан» - 24,57% «Биримдик» - 24,29% «Кыргызстан» - 9,21% «Бутун Кыргызстан» - 7,16% «Мекенчил» - 7,05% Калган 10 партиянын көрсөткүчтөрү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье





Персональные новости
#123ru.net

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга





ИИМ: добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга караганда саат 19.00гө карата шайлоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Султан Маликов 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, катталган фактылардын 14ү кылмыштар, жетөө жоруктарга байланыштуу.  Негизинен добуш сатып алуу боюнча фактылар көп. «21 фактынын ичинен 11и добуш сатып алуу боюнча. Калгандары... Читать дальше...

БШК Ошто мурдатан белги коюлган бюллетень тууралуу маалыматты текшерет

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто шайлоочуга белги коюлган бюллетень берилгени тууралуу маалыматты текшерет. Бул тууралуу 4-октябрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Ош шаарындагы №5551 шайлоо участогунда «Биримдик» партиясынын тушуна белги коюлган бюллетень менен добуш бергени бараткан шайлоочу тууралуу видео Интернетке тарады. Анда «Т-Медиа» басылмасынын журналисттери шайлоочуга алдын-ала белгиленген бюллетень берилгенине күбө болушканы айтылууда. Бюллетень таратып... Читать дальше...

Таластагы байкоочулар коркутуу, бюллетенди сүрөткө тартуу тууралуу кабарлашты

Azattyk.org 

Талас облусунун Кеңеш айылында № 6075 добушканасында «Биримдик» партиясы акча таратып жатканын видеого тарткан байкоочулар аларды айрым адамдар коркутуп жатышканын «Азаттыкка» билдиришти. Байкоочулар видео соцтармакка тарагандан кийин белгисиз адамдар чалып, коркутканын айтышты. Аталган участокто 435 адам катталган. Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү деген белгисиз адам автоунаасынын ичине отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады. Читать дальше...

Талас менен Ошто «Биримдик» партиясы акча берип, бюллетенди алдын ала белгилегени тууралуу видеолор тарап жатат (видео)

Azattyk.org 

Талас облусундагы Кеңеш айылында жайгашкан №6075 участогунда «Биримдик» партиясынын өкүлү деген белгисиз адам машиненин ичинен отуруп алып, паспортун көргөзгөн жаранга акча берип жаткан видео социалдык медиада тарады. Аталган партиянын шайлоо бюллетениндеги тушуна даяр белги коюлган учурду Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринен «Т-Медиа» теле каналынын кабарчылары да тартып алган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу: «Бул окуя тиешелүү ыкчам чара көрүү тобу тарабынан иликтенип... Читать дальше...

БШК: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 45% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, 4-октябрь, саат 18:00го карата 1 млн. 594 миң 763 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45,26% түзөт. Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн активдүүлүгү жагынан Ош шаары алдыда - 101 271 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 56,27% түзөт. Экинчи орунда - Жалал-Абад облусу. Аталган аймакта шайлоочулардын 47,14% добуш берди. Андан кийинки орундарда 46,58% менен Ош облусу, 46,48% менен Талас облусу келатат. Нарын облусунда шайлоочулардын 45,37%... Читать дальше...

Түштүк Кореяда шайлоого эл аз катышты

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктардын 15% жакыны Кыргызстандын парламентин шайлоого катышты. Добушкана жабылгандан кийинки эсепке ылайык, жалпы катталган 1093 шайлоочунун 159у добуш беришкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сеулдагы тилкенин шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмилбек Калилов билдирди. «Кыргыздар Сеулда гана эмес, башка, алысыраак райондордо да жайгашкандыктан, ал жактардан көп келишкен жок. Андан тышкары биометрикалык каттоо, №2 форма менен катталууга жетишпей калышканы себеп болду окшойт», - деди Калилов. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина заявила, что скучает по России, но пока не может приехать


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черного моря до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Денис Мацуев

«Победа над ЦСКА всегда принципиальна, но этот сезон потерян и провален» — Мацуев



Москва

«Диктант Победы» в шестой раз напишут в Псковской области

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net