123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 10.10.2020

Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок. "Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек.... Читать дальше...

Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ички иштер министри кылып дайындады

Azattyk.org 

Жаңы эле Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров ички иштер министрлик кызматка Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарды. Жапаровдун колу коюлган буйрук социалдык тармактарга тарады. Маалыматты “Мекенчил” партиясынын коомдук-саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” ырастады: “Ооба, ошондой буйрук чыкты. Эртең Ниязбеков министрликтин жеке курамына тааныштырылат”. Бакыт Аманбаев вице-премьер-министрлик кызматка ким дайындалары азырынча белгисиз экенин кошумчалады. Читать дальше...

«Тоногондорду тамак менен алдадык»

Azattyk.org 

Бишкекте ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторандарды, соода борборлорун түнү менен талап-тоноочулардан кайтарууда. Ыктыярдуу топтун басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.



Өзгөчө абалдын талабы боюнча Бишкекти курчай блок-посттор коюлду

Azattyk.org 

Башкы штабдын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагына киргизилген Өзгөчө абалдын талабына ылайык шаарды курчай блок-посттор коюлду. Блок-посттор: Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине, Чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдрахманов, Осмонкул, Алматы, Калинин, Жибек Жолу проспектилер менен кесилиштерине, Ауэзов жана Анкара, 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлду. Мындан тышкары Бишкекке сырттан кирүүчү Пригорондный айылынын Фучик көчөсүнө... Читать дальше...

Башкы прокуратура 6-октябрда абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерге талап койду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга эскертүү берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан пайдаланышканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 10-октябрда тараткан билдирүүдө алар судьяларды жана абак администрациясын “ур-токмокко алабыз, өлтүрөбүз” деп коркутуп, жазасын аткарып жаткан жайлардан мыйзамсыз түрдө чыгып кетишкенин маалымдады. Алардын иштери сот органдарында жана тергөө топторунда каралып жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Канат Сагынбаев менен Темирлан Султанбеков 48 саатка камалды

Azattyk.org 

10-октябрь күнү Кой-Таштан кармалган Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев менен «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Бакыт Автандил уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, алар 9-октябрдагы Бишкекте болгон массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалып, камалды. Бишкек шаарындагы массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 10-октябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев... Читать дальше...

Атамбаев жана анын өнөктөштөрү кайра кармалды

Azattyk.org 

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалды. Түрмөдөн бошогон мындан башка дагы бир нече адам, анын ичинде Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев жана башкалар да кайра колго түшүрүлдү. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жылга соттолгон. Кайра тергөө абагына Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу 10-октябрда өткөрдү. Читать дальше...

Жапаров: Жээнбеков өз арызы менен кетсе "экс-президент" деген макамы калат

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматынан баш тарткан соң "экс-президент" деген макамын сактап калат. Бул тууралуу 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эгер мыйзам бузууга барганы аныкталбаса, Жээнбековго эч кандай куугунтук уюштурулбайт. Жапаров ошондой эле ишембиде Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн жана ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө макул болгонун билдирди. "Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...



Жапаров: Күч органдары Райымбек Матраимовду издеп жатышат

Azattyk.org 

Бажы кызматынан мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду күч органдары издеп жатышканын жаңы бекитилген өкмөт башчы Садыр Жапаров 10-октябрда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, - Райым Матраимовду азыр издеп жатышат. Мага жеткен маалымат боюнча күч органдары издеп жатышат, - деп айтты. Жапаров ошондой жыйындын жүрүшүндө башка журналисттердин да  Матраимов тууралуу суроолоруна жооп берип жатып «Мен жаңы эле ишке киришип атам. Раим Матраимов... Читать дальше...

Курсан Асанов кармалды

Azattyk.org 

10-октябрда Бишкектеги массалык башамаландык иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети учурда бул ишке тишеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев эки жансакчысы Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев менен кайра кармалганы белгилүү болгон. Көп өтпөй Фарид Ниязов да кармалган. УКМК аларды 9-октябрда Бишкекте... Читать дальше...

Жапаров журналисттерди коррупция менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаңы шайланган өкмөт башчысы Садыр Жапаров журналисттерди жемкорлук менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-октябрда өткөн басма сөз жыйынында «Азаттыктын» журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Мындан ары журналисттер коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мен силердин күчүңөргө таянам. Силердин жардамыңар керек. Мисалы, Али Токтакуновдун программалары сыяктуу иликтөөлөрдүн авторлоруна рахмат айтуунун ордуна, бийлик тескерисинче аларды каралаган учурлар болду. Читать дальше...

ИИМ: Атамбаевдин балдары күбө катары кармалган

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаевдин балдары массалык башаламандык фактылары боюнча күбө катары кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда 10-октябрда Сейит жана Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Анвар Арматов күбө катары кармалышкан. Алар 9-октябрдагы Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишине күбө катары өтүшүүдө: "9-октябрдагы окуялар боюнча Жазык кодексинин 264-беренесинин ("Массалык башаламандыктарды уюштуруу") негизинде иш козголуп... Читать дальше...

Жапаров президент Жээнбеков кызматтан кетерин айтты (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып берип, кете турган болду. Бул тууралуу ушу тапта парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров билдирди: "Сооронбай Шарипович менен жолуктум бүгүн. Сиздер өкмөттү бекитип берсеңер арыз жазып берип, кетем деп өз сөзүн айтты". 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу кажети жок (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш премьер-министр катары сунушталып жаткан Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу Жапаров парламенттин ушу тапта өтүп жаткан кезексиз жыйынында айтты:   “Кумтөрдү сегиз жыл мурда алсак болот эле. Азыр кеч болуп калды. Андан бери запасы калбай деле калды. “Центерраны” аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтиртүү зарыл". Жапаров парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошонуп чыккан. 6-октябрда... Читать дальше...

Садыр Жапаров депутаттар алдында өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер катары сөз сүйлөөдө (видео)

Azattyk.org 

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысына жалгыз талапкер катары сөз сүйлөп жатат. Ал өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына жалпысынан 63 депутат катышууда, алардын ону ишеним кат жазып беришкен. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, кворум бар экенин жарыялады. Абдылдаев өкмөт отставкага кеткенин, 6-октябрдагы жыйын мыйзамдуу болгонун, бүгүнкү жыйында өкмөттүн программасы, структурасы жана курамы караларын айтты.  4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы... Читать дальше...

УКМК: Фарид Ниязов кармалды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Бишкекте жапырт башаламандык уюштурууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады. Мекеме билдиргендей, Ниязов борбор калаадагы башаламандык боюнча ыкчам тергөө иштеринин алкагында кармалды. Азыр бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды да издөө уланып жатканы белгилүү болду. 4-октябрда өткөн парламенттик... Читать дальше...

Парламенттин чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн соң башталмай болду

Azattyk.org 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн кийин башталмай болду. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, лидерлер менен өзүнчө жыйындар залына кирип кетти. Алгач саат 11ге белгиленген жыйындын убактысы саат 16га которулган. Бирок саат 18ге чейин жыйын баштала элек болууда. Буга чейин жыйындын күн тартибинде Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкерди кароо деген үч маселе бар экени айтылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина опубликовала редкое фото сына





Персональные новости
Динамо

Отставка Кудашова и уход Гусева и Уила: кого «Динамо» рискует потерять после вылета из Кубка Гагарина





Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги алмашты

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен анын орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда кол койду. Азырынча анын себептери белгисиз. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин чукул жыйынында кворум чогулбай жатат (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин чукул жыйынына азыркы убактыка карата 46 депутат келди, дагы алтоо ишеним катын жазып беришкен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.   6-октябрдагы чукул жыйында спикер болгону айтылган Мыктыбек Абдылдаев кеминде 61 депутат катышуусу зарыл экенин айтууда: "Кворум чогулбаса, анда, албетте, парламент бийлик бутагы катары жок экени белгилүү болот". Жыйын алгач эртең мененки саат 11де болору айтылган. Кийин саат 16га которулган. Андан бери дээрлик бир жарым саат өттү, жыйын баштала элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрь күнү Кой-Таштагы үйүндө кармалды. Аны менен кошо жансакчылары Канат Сагынбаев менен Дамир Мусакеев да кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, алар 9-октябрда Бишкектеги "массалык башаламандыкты уюштуруу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүүдө. 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент... Читать дальше...

“Саясий репрессияга каршы комитет” Бабановду жана Жапаровду премьерлик ниеттен баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

“Саясий репрессияларга каршы комитет” бирикмеси саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаровду премьер-министр болуу ниетинен ачык баш тартууга чакырды. Бирикменин 10-октябрда жарыяланган кайрылуусунда соңку окуялар өлкөдө элдин көпчүлүгү колдой турган улуттук масштабдагы лидер жоктугун көрсөткөнү, Бабанов да, Жапаров да андай боло албаганы, кырдаалды жөнгө салуу максатында экөө тең өкмөт башчылык ниетинен баш тартышы керектиги белгиленди. Андан көрө партиялык иштер менен алектенип, шайлоого катышып... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулууда (видео)

Azattyk.org 

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ушу тапта алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталууда. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, күн тартибинде үч маселе бар: Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкер. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Читать дальше...

Sputnik.kg сайтынын редакциясы коркутуп-үркүтүүгө кабылганын кабарлады

Azattyk.org 

Бишкекте Sputnik.kg маалымат сайты кеңсесине 25-30 чакты белгисиз бирөөлөр барып коркутканын, алар саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингди чагылдырууну талап кылганын кабарлады. Ал адамдардын митингге тиешеси бар же жогун аныктоо мүмкүн болгон жок. Редакция эркектер тобу барып, 30 мүнөт ичинде митингди чагылдыра баштабаса эшиктерин талкалап, күзөтчүнү ур-токмокко ала турганын билдиришкенин маалымдады. Sputnik сайтынын редактору Эркин Алымбеков милиция чакырууга аргасыз болушканын билдирди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Трехкратный обладатель Кубка Гагарина уволил тренера и назначил нового


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Рыбакина, наряду со Свёнтек, имеет 70% побед на WTA-1000 против соперниц из топ-10


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

КОМПАНИЯ LG НАЗВАНА ПАРТНЕРОМ ГОДА ENERGY STAR 2024





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов!



Москва

Еще одному ребенку из числа детей-сирот вручили сертификат на квартиру в Клину

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net