Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 25.10.2020

АКШ: Вице-президенттин жардамчысы коронавируска кабылды

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Майк Пенстин аппарат башчысы коронавирус жуктуруп алды. Пенстин басма сөз катчысы Девин О'Мэлли 24-октябрда вице-президент менен анын аялы Карен тест тапшырганын, бирок анализдери таза чыкканын билдирди: "Бүгүн вице-президенттин аппарат башчысы Март Шорттун COVID-19га тапшырган анализи таза болбогондуктан ал карантинге чыкты жана өзү менен байланышта болгон адамдарды аныктоого жардам берди", деп билдирди. Шорт - Пенстин жакын жардамчысы. Анын алдында, ушул эле күнү вице-президенттин... Читать дальше...

Бактыбек Сыдыков аэропортко кызмат көрсөткөн үй-бүлөлүк компаниялары бар экенин тастыктады

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропортуна экинчи ирет президент болуп барган жана жамааттын айрым мүчөлөрү дайындалышына нааразылык билдирип жаткан Бактыбек Сыдыков аэропортко байланыштуу бизнеси бар экенин тастыктады. Анын үй-бүлөсүнө таандык делген «АККА күйүүчү май куючу комлекси» ишканасы учактарга керосин ташыйт. Ал эми «АККА-Кейтеринг» болсо Ош эл аралык аэропортунун кызматын колдонгон жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздайт. “Ооба, аэропорт менен иш кылган менин үй-бүлөмө тиешелүү эки компания бар. «АККА күйүүчү май куючу комлекси» 2014-жылы... Читать дальше...

Украинада жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Украинада 25-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Анда жарандар Донецк менен Луганск облустарынан башка бардык 22 облустук, 110 райондук кеңешке, ошондой эле 1,5 миңдей бириккен аймактык-базалык администрацияга добуш беришет. Андан сырткары шаар мэрлери, айыл башчылары шайланат. Мыйзам боюнча, чакан калаа, айыл-кыштак башчылары биринчи турда эле шайланат. Ал эми 75 миңден ашык адам жашаган шаарларда шайлоодо алдыга чыккан эки талапкер биринчи добуш берүүдөн үч апта өткөн соң экинчи айлампага катышат. Читать дальше...



Өзөктүк куралды тыйган эл аралык келишим кийинки жылы күчүнө кирет

Azattyk.org 

Гондурас 24-октябрда Өзөктүк куралга каршы эл аралык келишимди колдоду жана бул документти ратификациялаган 50-өлкө болуп калды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз өкүлү келишим эми 90 күндөн кийин, тактап айтканда, эмдиги жылы 22-январдан тартып күчүнө кирерин билдирди. "Кызыл Чырым" эл аралык уюмунун башчысы Питер Маурер окуяны "адамзаттын жеңиши" деп баалады. 2017-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган, бул документтин кабыл алынышына салым кошкон Өзөктүк куралды жоюу боюнча... Читать дальше...

COVID-19: АКШда ооругандар жай айларына караганда көбөйдү

Azattyk.org 

АКШда соңку бир аптада коронавирус менен ооругандардын саны орто эсеп менен күн сайын 70 миңден ашты жана бул июль айынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Нью-Йорк баштаган айрым штаттарда илдет жуккан учурлар көбөйүп, ооруканалар толо баштады. Кошмо Штаттарында оорунун жайылышын ооздуктоо, чектөө боюнча жалпы улуттук план кабыл алынган эмес. Мындан улам беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу сактык чаралары боюнча эрежелер ар кайсы штатта ар кандай. Өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

25-октябрда саат 16:45 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары суу түтүктөрүн орнотуп жатканда кыргызстандык чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок тажик жарандары кулак салбай, оозеки кайым айтышууга барышкан. Кыргызстандык чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Учурда ал жердеги иштер токтотулуп Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат. Читать дальше...

Ооганстанда "Аль-Каиданын" лидерлеринин бири өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү "Аль-Каида" террордук тобунун жогорку даражалуу лидерлеринин бири Абу Мухсина ал-Масрини жок кылды. Ишембиде Ооганстандын Улуттук кооопсуздук башкармалыгы "Твиттердеги" баракчасына Ал-Масри бул топто №2 лидер болгонун, аны атайын даярдыктагы жоокерлер Газни провинциясында атып өлтүргөнүн жазды. Бирок окуя кайсы күнү болгонун тактаган жок. Египеттин жараны Ал-Масри ошондой эле Хусам Абд-ал-Рауф деген ысым менен белгилүү болчу. Ал террордук топторду колдоп, америкалык... Читать дальше...

Беларуста "элдик ультиматумдан" кийинки ири акциялар башталды

Azattyk.org 

Беларуста Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктады. 25-октябрда өлкөнүн бир канча аймагында, анын ичинде баш калаа Минск шаарында нааразылык акциялары өтүүдө. Ички иштер министрлиги элди демонстрацияга катышпоого чакырган. Интернеттеги түз эфирлерде жүздөгөн адам жүрүшкө чыкканын көрүүгө болот. Атайын даярдыктагы аскерлер демонстранттарды кармап кетүүдө. "Настоящее время" телеканалы кабарлагандай, Минск шаарындагы акциянын катышуучулары демонстранттарды кара ниет катары... Читать дальше...



Христианга турмушка чыкканы үчүн кордолгон кыздын жакындары Франциядан айдалды

Azattyk.org 

Серб тектүү христианга турмушка чыкканы үчүн кызын токмоктоп, чачын кырып салган босниялык мусулман ата-эне жана башка туугандары Франциядан чыгарылды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Геральд Дарманин билдирди.  Безансон шаарында жашаган 17 жаштагы кыздын ата-энеси, үч байкеси жана эжеси өлкөдөн чыгарылган. Эки тууганы камалган. Кыз өзү Франция өкмөтүнүн карамагында болот.  Босния жана Герцеговина полициясы үй-бүлө мүчөлөрү атайын учакта, тартип сакчыларынын көзөмөлүндө баш калаа Сараевого жеткирилгенин тастыктады. Читать дальше...

Аятолла Али Хаменеи эл саламаттыгын бардык көйгөйдөн бийик коюуга чакырды

Azattyk.org 

Ирандын баш көсөмү аятолла Али Хаменеи өлкө бийлигин эл саламаттыгын экономикалык жана коопсуздук көйгөйлөрүнөн бийик коюуга чакырды.  Узаган аптада Иранда COVID-19 инфекциясынан көз жумгандардын саны 32 миңден ашты. Хаменеи өлүм санын азайтуу үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөдү.  Коронавируска каршы күрөшүү комитетинин алдында сүйлөгөн баш көсөм бардык уюмдар вирустун жайылышын азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин кеп-кеңешин толук аткарышы керектигин айтты.  25-октябрга карата бул... Читать дальше...

"Адилет" укуктук клиникасы шайлоого байланыштуу кабыл алынган мыйзамга анализ жасады

Azattyk.org 

"Адилет" укуктук клиникасы парламентте кабыл алынган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамга анализ жасап, ал одоно эреже бузуулар менен кабыл алынганын билдирди.  24-октябрда жарыяланган анализде төрт тыянак чыгарылган. Алардын мазмуну төмөнкүчө: 1. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтүн узартылышы Конституцияга каршы келет; 2.Жарандардын мыйзамдарды талкуулоого жана аны кабыл алууга катышуу укугу бузулду; 3. Мыйзамды артка кайтаруу мүмкүн эместиги жөнүндөгү эреже аткарылбай... Читать дальше...

"Саясатта жүргөн аялды коркуткандар көп"

Azattyk.org 

Саясатчылар позициясын бийлике карап өзгөртүүсүнүн артында эмне турат? Жарандык коомду алдыга жылдырган аялдар саясаттан эмнеге оолак болушат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалды талдадык.

Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктады

Azattyk.org 

Беларуста 24-октябрда нааразылык акциясына чыккандардын арасынан тогуз кишини полиция кармады. Ал күнү жүздөгөн аялдар Александр Лукашенконун режимине каршы салттуу жүрүш жасашкан. Алар кайрадан президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып атышат. Катышуучулардын айрымдары кызыл-ак желекти көтөрүп, айрымдары ушундай түстөгү колчатырларды кармап алышты. Жамгырга карабай, акция бир нече саатка созулду.  Ошол күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Беларустун... Читать дальше...

Пандемия кыргыз театрларын кыстады

Azattyk.org 

Кыргызстанда театрлар карантинге жабылганына жарым жылдан ашты. Мамлекеттик театрлар социалдык тармактарда өз репертуарындагы спектаклдерин жайылтышууда.

26-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометагенттиги 26-октябрда жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 15...20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22, Нарын жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 9...14, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3°. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 2…4°, күндүз 17…19°.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкова сообщила подписчикам об очередной поездке на Мальдивы





Персональные новости
Google

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV





Садыр Жапаров: парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. Бул тууралуу өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Инстаграмдагы" sadyr_japarov деген баракчасына жазды. "Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот",- деген Жапаров. Читать дальше...

Бир суткада 606 адамдан коронавирус чыкты, төрт киши көз жумду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Нарын, Ош, Чүй жана Баткен облустарында. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1134гө жетти. Акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 279у айыкты. Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:   Жалал-Абад облусунда - 184;   Баткен облусунда – 105;   Ош облусунда - 97;... Читать дальше...

Саясий ачкачылык: Тынч ыңкылаптын башатына 30 жыл

Azattyk.org 

Мындан 30 жыл илгери КДКнын демилгеси менен жүзөгө ашырылган саясий ачкачылык иш-чарасы совет кыргыз парламентинде коммунисттик лидердин ордуна атаандаш талапкерди Кыргызстандын туңгуч президенти катары шайлоо өнөктүгү менен коштолгон. Тарыхчынын жана окуя күбөсүнүн блогу.

"РИА Новости": Кыргызстан Канттагы орус авиабазасын кеңейтүүгө даяр

Azattyk.org 

Эгер Москвадан же Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан (ЖККУ) сунуш түшсө Кыргызстан Канттагы орус аскердик авиабазасын кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев айтканын "РИА Новости" агенттиги жазды. "Канттагы базаны сактоо боюнча биз бекем позициядабыз. Мурда кол коюлган макулдашууларды кайрадан карап чыгуу деген болбойт",- деген Казакбаев агенттиктеги маегинде. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жана социалдык желедеги расмий баракчаларда... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck





Путин в России и мире
Москва

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Стинг

Стинг и Эминем – хедлайнеры культурной программы в США



Москва

Молодые белгородцы могут побороться за грант и спецпризы в туристическом конкурсе

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net