123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 07.10.2020

"Бир дүйнө-Кыргызстан" саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюму акыркы кырдаалга байланыштуу саясий партияларга кайрылды. Уюмдун 7-октябрда тараткан кайрылуусунда кырдаалдын курч экенин эске алуу менен бардык саясий күчтөр амбицияларын токтотуп, тынчтыкты калыбына келтирүүгө күч жумшашы керектиги айтылат. "Биз бардык саясий күчтөрдү шайлоодон кийинки кырдаалды легитимдештирүү үчүн конституциялык алкакка кайтып, бийликти тынчтык жол менен өткөрүүгө жетишүүгө   чакырабыз" деп жазылган кайрылууда. Аталган уюм курмандыктарга... Читать дальше...

Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтарууда

Azattyk.org 

Бишкекте ушуну менен экинчи түнү Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторан, соода борборлорун кайтарууда. Активисттер баштаган ыктыярдуу топ мамлекеттик номуру жок машинелерди текшерип өткөрүп жатышат. Өкмөт имаратынын алдында да жүздөгөн ыктыярчылар турганы кабарланды. Кайтарууга алынган объектилердин арасында КТРК, өкмөт үйү, мамлекеттик резиденция, Башкы прокуратура, мейманкана, ири соода борборлор жана башка жайлар бар. Кыргызстанда 5-октябрда парламент... Читать дальше...

Садыр Жапаровдун четке кагылган чечими

Azattyk.org 

Бир катар саясий партиялар менен жаштар кыймылдары абактан жаңы эле бошотулган Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөткөн чечимге каршы чыгышты.



Журналист Рыскулбековго карата опуза билдирүүлөр түшүп жатат

Azattyk.org 

Жарандык активист, журналист Эркин Рыскулбековду коркуткандар болуп жатат. Бул тууралуу Рыскулбеков «Твиттердеги» баракчасына жазып, белгисиз адамдар жөнөткөн аудио билдирүүнү жарыялады. Анда белгисиз неме Рыскулбековду орой түрдө тилдеп, «саясатка эмнеге аралашасың, айткан сөздөрүң үчүн жок болосуң» деп билдирген. Эркин Рыскулбеков бул опузаны «Азаттыктын» эфириндеги билдирүүсүнө байланыштырууда. Ал 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Достук» мейманканасында депутаттардын жыйыны боюнча пикирин айткан. Читать дальше...

Парламент депутаттарынын жыйынында кворум чогулган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Депутат Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок. Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Читать дальше...

Түркия Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданат

Azattyk.org 

6-октябрда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялар терең тынчсыздандырарын билдирди. Министрлик «ал окуялар курчуп кетпей, шайлоого байланыштуу бардык пикир келишпестиктер Конституциянын алкагында, коомдун жарашуусу жана акыл токтотуп жөнгө салынышын каалайбыз» деп белгиледи. «Биз Кыргызстан мындай маселелерди акыл токтотуп жөнгө салыш үчүн саясий жактан жетилгендигин көрсөтөрүнөн жана эл тилектештигин билдиреринен күмөн санабайбыз. Биз дос жана... Читать дальше...

Кыргызстан кризистен кантип чыгат?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы окуялар күн эмес, саат сайын өзгөрүп-өнүгүп жатат. Мындай абал мамлекет, деги эле жалпы регион үчүн канчалык кооптуу? Чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар кыргыз жергесиндеги соңку окуяларга кандай баа берип жатышат? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүнөн көрүңүз.



"Президентке импичмент жарыялоо маселеси сунушталса карайбыз"

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Эл өкүлү Рыскелди Момобеков бул жыйынга 40 депутат келгенин кабарлады. Кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок. 6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жакын арада парламент жыйналып, өлкөдө кырдаал жөндөлөрүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков: эч бир тарап сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштай элек

Azattyk.org 

Үч күндөн бери эл алдына чыкпай жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги видеокайрылуусу жарыяланды. Президенттин расмий сайтында жарыяланган кайрылуунун текстинде Жээнбеков кризисти чечүү үчүн саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтүп жатканын билдирген. “Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам. Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу... Читать дальше...

Отунбаева президент менен парламентти абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстанда президент жана парламент өлкөдөгү абалды турукташтырууга салым кошушу керек. Бул тууралуу мурдагы президенти Роза Отунбаева орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. Анда экс-президент өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөр биримдикке келип, буга президент жана парламент жардам бериши керек.  “2010-жылдан айырмаланып, учурда биз канчалык сындасак да, иштеп турган парламент бар. Ал бар жана жаңы шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык даярдыкты көрүшү керек. Читать дальше...

Абдылдаев депутаттар Матраимов менен Жээнбеков Садыр Жапаровду колдоп ишеним кат бергенин ырастады

Azattyk.org 

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынын депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу бүгүн Абдылдаев Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып бышыктаган. Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосунда ал «Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков... Читать дальше...

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кармалды

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктады. Анын айтымында, учурда Матраимов Өзбекстанда жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Аны менен кошо бир нече жакын тууганы болгону кабарланууда. Маалыматтарга ылайык алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөндө колго түшкөн. Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун... Читать дальше...

Химия боюнча Нобел сыйлыгы эки илимпоз аялга ыйгарылды

Azattyk.org 

Химия боюнча Нобел сыйлыгы эки илимпоз аялга ыйгарылды. Франциялык окумуштуу Эммануэл Шарпантье менен америкалык Женифер Дудна бул абройлуу сыйлыкка геномду редакциялаганы үчүн татыды. CRISPR-Cas9 деп аталган геном аркылуу окумуштуулар тирүү организмдердин ДНКсына таамай өзгөртүү киргизе алышат. Адам денесинде триллиондогон клетка бар, анын ар биринде генетикалык код камтылган спираль бар. Эммануэл Шарпантье менен Женифер Дудна бул спиралдан керектүү маалыматтарды кесип салуу ыкмасын ойлоп табышты. Читать дальше...

Саясий кризистин эпкини кендерге жетти

Azattyk.org 

Акыркы күндөрдөгү башаламандыктан улам 6-октябрда Таластагы Жерүй алтын кенинде имарат өрттөлдү. Белгисиз адамдар Нарындагы Кара-Кече көмүр кенин басып алышты. Мындан тышкары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Терек-Сайда жайгашкан алтын комбинаттары ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Токаев менен Мирзиёев Кыргызстандагы окуяларды талкуулады

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча пикир алышты. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, алар казак-өзбек мамилесинен сырткары аймактагы окуялар боюнча пикир алмашкан. Анда коңшу өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандагы кырдаал Конституциянын негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Читать дальше...

Кайрылуусу бар, карааны жок президент

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү абал боюнча элге жана саясий күчтөргө экинчи жолу кайрылды. Ал дагы бир ирет саясий лидерлерди мыйзамдык талаага кайтууга чакырып, бийликке келүүнү каалагандар максатына жетишкенин айтты. Сооронбай Жээнбековдун администрациясы жайгашкан имаратты алдырган күндөн бери элге эки жолу кайрылды. Анын чакан тексттин басма сөз кызматы таратты. Кайрылуу элге жана саясий күчтөргө багытталып, президент мыйзамдык талаага кайтып келүү керектигин кайталап жатат. 7-октябрдагы... Читать дальше...

Байкоочу кеңеш КТРКда баскынчылык болгонун айтууда, каналда эки жолу жетекчи алмашты

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши 7-октябрда билдирүү таратып, белгисиз адамдар тобу өз алдынча жана мыйзамсыз түрдө башкы директордун милдетин аткаруучу кылып Мирлан Самыйкожону дайындаганын билдирди. Маалыматта Самыйкожо Байкоочу кеңештин жоюлганын жана корпорациянын кайрадан «улуттук» макамга өткөнүн жарыялаганы айтылат. Байкоочу кеңештин билдирүүсүндө, буга чейин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын негизинде Байкоочу кеңеш чукул жыйынга чогулуп... Читать дальше...


Музыкальные новости
Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина опубликовала редкое фото матери





Персональные новости
Сергей Брановицкий

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.





Парламент кезексиз жыйынга чогулууга аракет кылууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулууга аракет кылышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин 30га жакын депутат парламенттин бир бөлүгү спикер катары шайлаганын жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев менен жолугушту. Жолугушууда парламенттин толук жарамдуу кезексиз жыйынын чакыруу, анын жүрүшүндө легитимдүү өкмөт башчыны бекитүүнүн жол-жобосу талкууланган. Нурбаев элдик ишенимдеги өкмөттүн башчысын шайлоо ачык-айкын өтүшү керек деп эсептейт. Читать дальше...

Стамалиева: Президент Бишкекте

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте. Бул маалыматты анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында президент бул күндөрү эч жакка кеткен эмес. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан. Президент... Читать дальше...

«Каркыра» өткөрмө пунктун жабуу жөнүндө сунуш киргизилди

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун жабуу жөнүндө сунуш Мамлекеттик чек ара кызматына жиберилди. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев мындай чечим Каркырада жааган калың кардан улам кабыл алынганын билдирди: «Облустун ыкчам штабы бүгүнкү отурумунда «Каркыра» текшерип өткөрүү пунктун убактылуу жабууну чечип, сунушту Мамлекеттик чек ара кызматына жиберди. Түндө Түп районунун Каркыра өрөөнүндө 15 см кем эмес кар жааган. Ушундан улам автоунаалардын каттамына тоскоолдуктар жаралып калышы мүмкүн». Читать дальше...

БУУ Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салуу жөнүндө кабарларга кабатыр

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-октябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өлкөдөгү өкүлү Озонниа Ожиелону кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Озонниа Ожиело Кыргызстандагы кырдаалга БУУ тынчсыздануу менен көз салып турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, уюм өзгөчө чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салууга кабатырланууда. Озонниа Ожиело Кыргызстан тез арада тынч сүйлөшүү аркылуу мыйзам жолуна түшүшү зарыл экенин белгиледи. Читать дальше...

Аксыдагы чатакта алты киши жабыркады

Azattyk.org 

Аксы районунун борбору Кербен шаарынын администрациясынын алдына чогулгандар ортосунда чыр чыкты.  Бул маалыматты «Азаттыкка» Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев билдирди. Бүгүн, 7-октябрда эртең менен райондук администрациянын алдына болжол менен 500дөй адам чогулган. Топтолгондордун арасында пикир келишпестик чыгып, бир тарабы акимди «кызматтан кетсин» десе, экинчи тарабы «анын кызмат орду мыйзамдуу жол менен каралсын» деген пикирин айткан. Окуядан жабыркаган алты жаран райондук ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын жолугушуусу өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушуу өткөрүүдө. «Азаттыктын» ишенимдүү булагы кабарлагандай, жолугушууга 6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев жана ал жыйынга катышпаган депутаттар, айрым саясий партиялардын лидерлери катышып жатышат. Жыйында учурда жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдору, парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу боюнча маселелер талкууланууда. Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Россиянка покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Мособлдума выступила за присвоение Красноармейску высокого звания


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Ходырева

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»



Москва

Сергей Собянин: Новый путепровод улучшит пропускную способность других трасс

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net