123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 16.10.2020

УКМКнын тизгини Камчыбек Ташиевге тийди (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Ал бул кызматка 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барды. Камчыбек Ташиев кызматка киришип жатып, журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Матраимовдор тууралуу “Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы беш-алты жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары, аны, урматтуу журналисттер... Читать дальше...

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Azattyk.org 

16-октябрда Кыргызстандын президентинин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров өлкө калкына кайрылды. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда Жапаров соңку окуяларды бийликке катуу сабак деп атап, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндиги, демократия, ынтымак жана биримдик сыналганын белгилеген.

Жапаров: Реформалар боюнча комиссия түзөбүз (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзөрүн билдирди. Бул туурасында анын кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтылат. Анда аталган комиссия Кыргызстандын экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөрү жөнүндө сөз болгон. “Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системасында жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан... Читать дальше...



Жапаров өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн доллар тууралуу пикирин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда коррупцияга каршы күрөш, анын ичинде Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жакын делген адамдар жана анын бизнес өнөктөштөрү Кыргызстандан чыгарып кеткени айтылган 700 млн доллардын тегерегиндеги акча тууралуу да сөз калды. "Баарынан мурда биз 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген... Читать дальше...

Жапаров: Саясий иштер боюнча күнөөсүз экенин далилдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда ал башкы максаты “өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү” экенин белгилеген. “Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдерменен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн... Читать дальше...

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылды. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда Жапаров соңку окуяларды бийликке катуу сабак деп атап, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндиги, демократия, ынтымак жана биримдик сыналганын билдирген. "2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга... Читать дальше...

Жээнбековго экс-президент деген расмий макам ыйгарылды

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди жана анда бул макамга ылайык бардык ченемдер сакталат. Бул тууралуу 16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндөгү жарлыкка кол койду: «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз... Читать дальше...

Кыздардын күчү ITде

Azattyk.org 

"Facebook", "Google" өңдүү ири компанияларда программист болуп иштеп, Кыргызстандын атын чыгарган кыздар тууралуу уктуңуз беле? Мыкты программист болуу үчүн эмнелерди эске алыш керек? Кыздардын алдында кандай тоскоолдуктар бар? "Азаттык плюс" бул берүүсүндө дүйнөлүк компанияларда иштеген кыргызстандык кыздар менен тааныштырат.



Жээнбеков Орусиядагы элчи Жекшенкуловду кызматтан алып салганы белгилүү болду

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлык 16-октябрда өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, элчи "ишенимди жоготту" деген түшүндүрмө менен кызматтан алынган. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматы расмий билдирүү тараткан эмес.  Жекшенкулов өзү да бул жарлык боюнча комментарий бере элек. Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурун кеткени тууралуу маалымат 15-октябрда жарыяланган. Читать дальше...

Доллар көтөрүлүп, азык-түлүк кымбаттады

Azattyk.org 

Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллар 81 сом 95 тыйындан сатылып жатат. Чет элдик валютанын кымбаттап жатышы базардагы баага да таасир этүүдө. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, өсүмдүк майы 50 сомго, кумшекер болсо 10 сомго кымбаттап кеткен. Баасы доллар менен бычылып, чет өлкөдөн ташылып келген курулуш материалдарынын наркы да бир орунда турган жок.

БШК мүчөсү Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Жогорку Кеңешке жазган арызынын сүрөтүн ал 16-октябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Абдрахматова Боршайкомдон чыгуу тууралуу чечимин 4-октябрдагы парламенттик шайлоону «даярдоо жана өткөрүү учурунда БШКда көптөгөн мыйзам бузуулар болгону, чийки чечимдер кабыл алынып, чабал иш болгону» менен негиздеди. Өз арызында ал «БШК мүчөлөрүнүн иш-аракети 5-октябрда элдик толкундоолорго, Үмүтбектин өлүмүнө... Читать дальше...

Жээнбеков УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматты жоюп кеткени белгилүү болду

Azattyk.org 

Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антикоррупциялык кызматты жойгон жарлыгы өкмөттүк «Эркин тоо» гезитине 16-октябрда расмий жарыяланды. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков аталган мекемени жойгон жарлыкка 14-октябрда кол койгону жана ал расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирери белгиленген.   16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

Николя Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси боюнча айып коюлду

Azattyk.org 

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге кылмыштуу топко тиешеси бар деген айып коюлду. Бул тууралуу «Le Figaro» басылмасы Башкы мамлекеттик финансы прокуроруна шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка карагана, саясатчы ливиялык диктатор Муаммар Каддафиден президенттик шайлоо өнөктүгүнө акча алган деп шек саналууда. Буга чейин Саркозиге бул иштин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Француз экс-президенти 2007-жылы президенттикке ат салышып жаткан учурда 50 миллион евро алган деп шек саналууда. Читать дальше...

Ташиев президенттик шайлоого барар-барбасын ачык айткан жок

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жаңы жетекчи болуп дайындалган Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышар-катышпасын ачык айткан жок. 16-октябрда мекеменин жетекчиси катары өткөргөн алгачкы басма сөз жыйынында Ташиев журналисттердин: «Сиз президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди: «Бул ачык кала турган саясий маселе. Азыр мен УКМКнын төрагасы болуп дайындалдым. Бул жумушумду мыйзам негизинде аткарам. Партияга байланыштуу иштердин баарынан кетем. Читать дальше...

Ташиев: УКМКда коррупция боюнча атайын сайт ачылат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) коррупцияга каршы атайын сайт ачылат. Бул тууралуу 16-октябрда мекемеге жетекчи болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев билдирди. Ал «Азаттыктын» «Коррупцияны иликтеген журналисттерге УКМКнын мамилеси кандай болот?» деген суроосуна жооп берип жатып журналисттердин гана эмес, ар бир адамдын жардамына муктаж экенин айтты: «Журналисттер эле эмес, ар бир адам, блогерлер, жарандык коом бар. Эгер кайсы жерде коррупция бар экенин билсеңиздер бизге билдиргиле. Читать дальше...

Кытай Кыргызстандагы жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Кытай кыргыз өкмөтүнөн Чүйдө жана Жалал-Абадда иштеп жаткан компанияларынын коопсуздугун камсыз кылууга жардам сурады. Бүгүн 16-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Кытай элчиси Кыргызстандын аймагында иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк сурап, Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы «Full Gold Mining» алтын кен компаниясы жана Чүйдүн... Читать дальше...

АКШнын өкүлү “Талибан” менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшкөнүн жарыялады

Azattyk.org 

АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен өлкөдө зордук-зомбулуктарды токтотуу боюнча сүйлөшкөнүн билдирди. Буга өлкөдөгү соңку кырдаал Катарда өтүп жаткан Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүгө тоскоол болуп жатканы себеп болду. Залмай Халилзад 15-октябрдагы билдирүүсүн Гильменд провинциясында көптөгөн жайкын тургундардын өмүрүн алган кагылыштар орун алып жаткан мезгилде жасады. Ал "Твиттердеги" баракчасына жазышынча, Ооганстандагы АКШнын аскер күчтөрүнүн кол башчысы Скотт Миллер... Читать дальше...

Ташиев: Камчы Көлбаев ишкерлерге кысым кылса камалат

Azattyk.org 

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартылат. Бул тууралуу 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал ишкерлерге кайрылып, кылмыштуу топтор кысым кылып жаткан болсо атайын кызматка маалымат берүүнү өтүндү жана уюшкан кылмыштуулукка карыш күрөштүн үзүрү жакында көрүнө баштай турганын айтты:  «Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Читать дальше...

Ташиев: Райымбек Матраимовду таап, кылмышы болсо жоопко тартабыз

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши иликтенет. Эгер ал Кыргызстандын аймагында болсо кармалып, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жетекчи болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев алгачкы басма сөз жыйынында «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып айтты. Ташиев жеке өзү аны соңку бир жылдан бери көрбөгөнүн, акыркы жолу бир тууган агасы каза болгондо ал телефондон чалып көңүл айтканын билдирди... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта





Персональные новости
Игорь Маковский

Энергетики привлекают в отрасль студентов профильных специальностей





Жаңы бийликтин милдети жана жоопкерчилиги

Azattyk.org 

Элдик толкундоо маалында абактан чыгып, ушул жумада өкмөт башчы, 16-октябрдан тартып президенттин милдетин аткаруучу болуп калган Садыр Жапаров кеңири ыйгарым укуктарга ээ болду. Ошону менен катар өлкөдөгү жалпы абал үчүн чоң жоопкерчилик да алды.

Өзбекстанда жазуучу Мамадали Махмудов каза болду

Azattyk.org 

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримов учурунда 14 жыл камакта отурган жазуучу Мамадали Махмудов каза болду. Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Махмудов Ташкент шаарындагы ооруканада үзүлгөн. Ал бир күн мурда ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага жеткирилген. Мамадали Махмудов Өзбекстандагы таанымал жазуучулардын бири болчу. Ал Ислам Каримовдун бийлиги учурунда 14 жыл абакта отуруп, 2013-жылы гана бошотулган. Махмудов Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов менен так талашат делгендердин катарында аталып жүргөн. Читать дальше...

Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү ырастады. Маалыматка караганда, Ташиев бүгүн, 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен бул кызматка барды. Камчыбек Ташиев бүгүн, 18.30да УКМКда журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүүнү көздөп жатат. Камчыбек Ташиев мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты... Читать дальше...

АКШ менен Европада коронавирусту жугузгандар көбөйүүдө

Azattyk.org 

АКШнын бардык штаттарында коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Саламаттык сактоо эксперттери мунун себебин так айта албаганы менен кайсы бир деңгээлде элдин эрежелерди анча сактабай калганы, окуучулардын, студенттердин мектеп, коллеждерге кайтуусу менен байланыштырууда. Пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен вирустан 217 миңден көп киши каза болду. Европада да эпидемиянын экинчи толкуну каптаганы вирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйдү. Германияда, Италияда жана Польшада... Читать дальше...

Жээнбеков кетип, Жапаров келди

Azattyk.org 

16-октябрда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, мамлекет башчылыктан кетип жаткан себебин түшүндүрдү. Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу парламент төрагасына өтмөк. Бирок Жогорку Кеңештин жаңы гана шайланган спикери Канатбек Исаев президенттин ыйгарым укуктарынан баш тартты. Эми президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоодо жеңген.

Спорт в России и мире
Москва

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Кабардино-Балкарии стартует крупнейшая экологическая акция «Вода России»





Путин в России и мире
Москва

МИД РФ иронично прокомментировал высказывание Шольца о Путине и Канте


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: на территории Польши и Прибалтики готовят атаки на восток




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Патриарх Кирилл запретил в служении священника, проводившего панихиду по Алексею Навальному



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге



Москва

72% россиян для летнего отдыха рассматривают путешествия по стране

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net