123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 06.10.2020

Экс-мэр Мелис Мырзакматов Ошко кайтып келди

Azattyk.org 

7-октябрга караган түнү Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарынын аэропортуна конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылып, сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан "азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыкдар күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек" деди. Ошондой эле 4-октябрда болгон парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө басым жасап, кыргыз парламентине татыктуу гана адамдар шайланышы керектигин айтты. Ал өз убагында шаарга коно албай... Читать дальше...

Сооронкулова Жапаровду өкмөт башчылыкка талапкерлигин көрсөтпөй турууга чакырды

Azattyk.org 

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова саясатчы Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүүгө макул болбой турууга чакырды. Бул тууралуу ал 6-октябрда “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чогулган чукул жыйында айтты. -Шайланбай эле коюңузчу. Эртең баарыбыз чогулуп чечеличи. Эшиктегилер көнбөйт, Садыр мырза. Баардыгы «кулуар ичинде өтүп жатат» -деп көнбөйт. Ынтымактуу башка фракциялар менен бирге чечели - деди Сооронкулова.   6-октябрда Бишкектеги... Читать дальше...

Байсалов эл аралык медианы Кыргызстандагы кызматтык дайындоолор тууралуу расмий жазбоого чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов эл аралык маалымат каражаттарын Кыргызстандагы өкмөт жана парламенттеги дайындоолорду расмий чечим катары жазбай турууга чакырды. Бул тууралуу элчи "Твиттердеги" баракчасына жазды. “Мен эл аралык медианы кыргыз өкмөтүндөгү дайындоолор тууралуу түрдүү кабарларга мыйзам талап кылгандай парламенттеги керектүү кворум жана процедуралар менен кабыл алынганга чейин жана мамлекет башчысы тарабынан бекитилгенге чейин эч кандай расмий макам ыйгарбай турууга чакырам”, - деп жазды элчи. Читать дальше...



Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң мыйзамдык талаага кайтып келүү аракети күмөндүү бойдон калды. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасын алмаштырды жана премьер-министрликке талапкер сунушташты. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкундоолордон соң өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик кризиси жаралды. 6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү ээлеп алган. Андан бери президент жана өкмөт мүчөлөрү Бишкекте жүргөнү расмий кабарланганы менен иш жүзүндө кайда экени белгисиз. Читать дальше...

Абдылдаев: Cадыр Жапаров премьер-министрликке бекий элек

Azattyk.org 

“Достук” мейманканасында жыйынга чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен жок. Бул тууралуу парламенттин төрагалыгына шайланганы айтылган Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышкан депутаттар Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөттү: "Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Жапаров Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттүк. Эми ал өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын сунушташы керек",-деди... Читать дальше...

Кремль: Кыргызстандагы окуялар тынчсыздандырууда

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди. Ал шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясий каатчылык чукул арада конституциялык талаанын алкагында жөнгө салынат деп үмүттөнүшөрүн айтты: "Биз албетте тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр конституциялык алкактан чыкпай, эркин көрсөтүп, тез аранын ичинде бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз". Песков ошондой... Читать дальше...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кызматын тапшырды

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына: "Мэрдин шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз. Толугураак маалыматты эртең айтабыз," - деп жазды. Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэри деп жарыялады. Ал Таалайбек Сарыбашевдин колунан бийлик өткөрүп алганын айтты. 6-октябрда мэриянын алдына ондогон адам чогулган. Читать дальше...



Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөттү

Azattyk.org 

6-октябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка жактырды. Анын алдында парламент спикери алмашып, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынды. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланды. Жаңы төрага Абдылдаев депутаттарды өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы менен тааныштырды. Депутаттар ачык... Читать дальше...

Химиялык куралды тыюу уюму: Навальный "Новичок" менен ууланган

Azattyk.org 

Химиялык куралды тыюу уюму немис өкмөтүнө орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жөнөттү. Анда Навальный "Новичок" заты менен ууландырылганы аныкталганы айтылат.  Уюмдагы немис өкмөтүнүн өкүлү корутундуну Химиялык куралга тыюу салуу боюнча Конвенцияга кол койгон өлкөлөрдүн баарына жөнөтүүнү жана коомчулук үчүн ачык коюуну суранды. Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин спикери алмашканы кабарланды

Azattyk.org 

6-октябрдын кечинде Бишкектеги "Достук" мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Жыйынга вице-спикер Мирлан Бакиров төрагалык кылды. Ошондой эле бүгүнкү отурумда депутат Мыктыбек Абдылдаев жаңы төрага болуп шайланганы кабарланды. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, сот укуктары комитети  Абдылдаевдин парламент төрагасы болуп шайлануусуна макулдугун берди. Бул тууралуу... Читать дальше...

Немис канцлери Меркель Берлинде Светлана Тихановская менен жолукту

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркель шейшембиде Берлинде беларус оппозиция лидери Свтелана Тихановская менен жолукту. Анын алдында Тихановская телеграм-каналына "жолугушуунун күн тартибинде Беларустагы жаңы шайлоону уюштурууга Германиянын катышуу маселеси" турганын жазган. Канцлердин кеңсеси Меркель Тихановскаяны беларус оппозиция лидери катары кабыл аларын билдирген. Германия дагы башка Европа өлкөлөрү сымал эле Александр Лукашенконун жеңишин тааныган эмес. Ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан... Читать дальше...

Таласта жаштар облустук акимчиликти кайтарууда

Azattyk.org 

Активисттердин бири Адилет Дуулатовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, Талас шаарындагы облустук администрация жайгашкан мекемени ондогон адамдар кайтарып жатат: "Эртеден бери жаштар турабыз. Биз Бишкектегидей абалды жаратпаш үчүн кайтарып жатабыз. Үч жолу имаратты талап-тоноодон сактап калдык. Бирок, түнкүсүн кандай болоору белгисиз". 6-октябрда Таласта эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Облустагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мураталиев... Читать дальше...

Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алды

Azattyk.org 

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин 6-октябрда саат 15.00 чамасында топ киши басып алды. Бул тууралуу Кара-Кече көмүр кенин караган «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, ишкананын Кара-Кечедеги филиалын 100дөй кишиден турган топ ээлеп алган. "Кыргызкөмүр" ишканасы кенди басып алууну "Саяк" деген каймана аты бар кримавторитет Кадыркулов уюштурган деген маалымат бар экенин кабарлады. Ишкананын маалыматына караганда, басып алгандар филиалдын кассасынан акча... Читать дальше...

ИИМ: Бишкектеги кырдаал көзөмөлдө

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн, 6-октябрь күнү кечке жуук, ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын курамы менен жолугуп, коомдук коопсуздукту сактоону тапшырды. Координациялык кеңештин маалыматына караганда, борбор калаа Бишкекте талап-тоноочулукка жол бербөө максатында саясий партиялардын мүчөлөрүнөн жана ыктыярчы жаштардан турган топтор ири соода борборлорун, банк, кафе-ресторандарды, дүкөндөрдү кайтарууга алышты. Читать дальше...

Евробиримдик Кыргызстанды ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү Конституциянын алкагында иш алып барууга жана карама-каршылыктарды тынч жол менен чечүүгө чакырат. Уюм мындай мазмундагы билдирүүсүн 6-октябрда таратты. Анда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныганы эске алынып, өлкөдө ачык-айкын шайлоо өтүшү зарыл экени белгиленген. “Биз Кыргызстандын эл аралык убадаларына жана жарандарынын демократиялык укуктарына төп келген, ишеним жараткан, ачык-айкын жана... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков тараптарды ар кандай иштерди токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда Би-Би-Си радиосуна маек куруп, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү. “Алардын максаты - шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын бол. Баарыбыз көрүп жатабыз, эртең менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Читать дальше...

Кыргызстандагы түнкү окуя дүйнөнүн назарында

Azattyk.org 

Дүйнөлүк медиа каражаттары Кыргызстандагы 6-октябрга караган түнү болгон окуялар тууралуу байма-бай жазып жатат. Алардын айрымдары учурда Кыгызстандын бийлик башында кимдер турганына көңүл бурса, кайсы бири "Октябрь революциясы" ишке ашканын билдиришүүдө.


Музыкальные новости
Юрий Лоза

«У меня такого не было»: Лоза предположил, почему зрители ушли с концерта Серова





Персональные новости
Владимир Потанин

Аддитивные технологии помогают "Норникелю" обрести импортонезависимость





Жанар Акаев: Жоопкерчиликти алган өкмөт курайбыз

Azattyk.org 

Бишкекте акыркы кырдаалды турукташтыруу үчүн кезексиз жыйынга чогулууга VI чакырылыштын 45 депутаты кол коюп берди. Эл өкүлү Жанар Акаев алар "Ата Мекен", КСДП, "Республика" фракциясынын депутаттары жүргөнүн айтты. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 7-октябрга белгиленди.

Шаар тургундары: "Тынчтыкты тилейбиз"

Azattyk.org 

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан. Митингде 509 адам жабыр тартып, бир адам каза тапты.

"Ала-Тоо 24" телеканалынын эмгек жамааты иш таштады

Azattyk.org 

Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналынын элүүдөн ашуун кызматкери иш таштады. Алар муну телеканалга жаңы келген жетекчи Чынар Капарова менен иштешүүнү каалабаганы менен түшүндүрүшүүдө. Жамаат "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген адамдарга кайрылуу жолдоду. Анда: "Өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир Бол” партиясынын өкүлдөрү мамлекеттик... Читать дальше...

Жанарбек Акаев: парламенттин кезексиз жыйынын чогултуу үчүн 45 депутат кол койду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жана элдик өкмөт түзүү үчүн кезексиз жыйын өткөрүүгө 47 депутат макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев депутаттардын 6-октябрдагы кеңешмесине таянып "Азаттыкка" билдирди: "Азыр 45 депутат келип сунушка макулдугун берип, кол коюп кетишти. Дагы келе жатышат. 65ке жеткирели деп жатабыз". Регламентке ылайык кезексиз жыйын депутаттардын үчтөн биринин макулдугуна ылайык чакырылат. Жанар Акаевдин айтуусунда парламент кезексиз жыйынга 7-октябрда чогулган атат. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш эки бөлүнүп жыйын өткөрүп жатат

Azattyk.org 

Кабарчыларыбыздын маалыматына караганда, ушул тапта "Достук" мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушту. Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Кворум болгону, жыйында эмне маселе каралганы белгисиз. Экинчи тарабы Бишкектин борборундагы жыйындар залына чогулду. Ал жерде 47 депутат жыйын өткөрүп жатканы кабарланды. Азырынча жыйындын күн тартиби белгисиз. Депутаттардын арасында Жанар Акаев, "Ата Мекен", КСДП, "Республика" фракциясынын депутаттары жүрөт. ... Читать дальше...

Координациялык кеңеш: Укуктук талаага кайтуу керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда сегиз партиянын мүчөсүнөн куралган Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында кеңештин төрагасы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Маалымат жыйынга Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков, Алтынбек Сулайманов, Жеңиш Молдакматов, Азият Жекшеев, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев катышты.

Спорт в России и мире
Москва

"Спартак" сыграет с "Динамо" в 1/2 финала Пути Регионов Кубка России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Финалисты «Мастерса» в Монте‑Карло опередили Рублева в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Поможем природе вместе — творческий конкурс экоподелок «Турбозавров» и детского познавательного телеканала О!





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт "Орган. TOP 10. Величайшие сочинения" в Петрикирхе



Москва

Жителей Дубны проинформируют о ремонте на детских площадках

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net