Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 29.10.2020

Уфанын мэри коронавирустан улам каза болду

Azattyk.org 

Башкырстандын борбору Уфанын башчысы Ульфат Мустафин коронавирустан өпкөсү кагынып каза болду. 61 жаштагы Мустафин Уфаны 2008-жылдан бери башкарып келе жаткан. 20-октябрда айрым жергиликтүү маалымат каражаттары шаар башчысы оор абалда учак аркылуу Москвага жеткирилгенин жазышкан. Уфа мэриясы бул маалыматты четке кагып келген. Мустафин Орусияда коронавирустан улам көз жумган алгачкы жетекчилердин бири болду. Буга чейин Чувашиянын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев жугуштуу вирустан улам көз жумганы айтылган. Читать дальше...

Кочкоров: жумуштан өз каалоом менен кеткенимди интернеттен окудум

Azattyk.org 

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. Кочкоров "Фейсбуктагы" баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча пикири менен бөлүшкөн: “Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да интернеттен билдим. Бул - трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучта, туңгуюкка келди”-деди Кочкоров. Читать дальше...

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту. Руслан Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы маалында чогуу аракеттенүүнү макулдашты. Читать дальше...



Францияда террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды

Azattyk.org 

Францияда Ницца жана Авиньондогу кол салуудан соң террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу француз премьер-министри Жан Кастекс кабарлады. Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн полиция жана армия мобилизацияланды. 30-октябрда Франциянын Коргоо боюнча кеңешинин жыйыны өтөт. Кастекс акыркы окуяларды «Франция коркок, варвардык кол салуу менен бетме-бет келди»-деп сыпаттады. Бейшемби күнү Ниццада бычак менен куралданган киши чиркөөдө адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду. Читать дальше...

ИИМ: Сузакта кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүрүү, колдонуу жана ээнбаштык үчүн шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алар мындан тышкары бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө да шектелүүдө. 8-октябрда Сузак районунда эки кылмыш топтун мүчөлөрү бири-бири менен ок атышканы маалымдалган. Ага чейин августта да жаатташып ок атышкан учуру маалымат каржаттарына чыккан. Бул төрт факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...

Ниццадагы кол салуудан кеминде үч киши өлдү

Azattyk.org 

Франциянын Ницца шаарында чиркөөдө болгон кол салуудан бери дегенде үч киши каза тапты. "Шарли Эбдо" журналы түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын шакаба сүрөтүн жарыялаган соң тараптардын кайым айтышуусу уланууда. Европанын бир катар өлкөлөрү кайрадан карантин жарыялашты.

Путин: АКШда президенттикке ким шайланса да иштешүүгө даярмын

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШда президент болуп ким шайланбасын, иштешүүгө даяр экенин билдирди. Путин бул тууралуу “Орусия чакырат” аттуу инвестициялык форумда сүйлөп жатып билдирди. “Биз бул нерселерди абдан токтоо жана кадимки тартипте анализдеп жатабыз. Биз Америка элинин кандай гана чечими болбосун кабыл алабыз жана кайсы гана администрация болбосун иштешебиз. Алар таразалап чечим кабыл алат деп үмүттөнөм”. Владимир Путин АКШдагы президенттик шайлоо жөнүндө кенен пикирин билдирбей турганын... Читать дальше...

Бишкекте электр энергиясы жана жарык берүү калыбына келтирилди

Azattyk.org 

Борбор калаада 29-октябрда кечке жуук жылуулук берүү калыбына келтирилгенин “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта: “Ишкананын адистери имараттардагы жылуулук түтүктөрүнөн абаны чыгаруу жана жылуулук режимин калыбына келтирүү иштерин улантып жатышат. Бул 3-4 сааттык убакытты алат”, деп жазылган. 29-октябрда күндүз Бишкекте электр энергиясы өчүп, батирлерде жылуулук үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу «Электр станциялары» ишканасы маалымат таратып,... Читать дальше...



Өзбекстанда таанымал окумуштуу Андрей Кубатин коронавирустан каза болду

Azattyk.org 

Өзбекстанда таанымал окумуштуу, түрколог Андрей Кубатин 36 жашында коронавирустан улам каза болду. Өзбекстандын Илимдер академиясына шилтеме берип бир нече маалымат каражаты жазгандай, Ташкентте ооруканада дарыланып жаткан Кубатин 29-октябрда үзүлгөн. Андрей Кубатин түрколог жана тарыхчы катары белгилүү болчу. Ал 2017-жылы Өзбекстандын Мамлекеттик архивинен китептин көчүрмөсүн түркиялык компаниянын өкүлүнө саткан деп айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган эле. Окумуштууга карата «Чыккынчылык» беренеси боюнча иш козголгон. Читать дальше...

Лейбористтик партия мурдагы лидери Корбиндин мүчөлүгүн токтотту

Azattyk.org 

Улуу Британияда Лейбористтик партия мурдагы лидери Жереми Корбиндин мүчөлүгүн токтотту. Буга расмий себеп катары партиянын катарындагы антисемиттик билдирүүлөрү айтылды. Буга чейин Британиядагы Адам укуктары жана теңчилик маселелери боюнча комиссия Лейбористтик партия жөөттөрдү дискриминациялоо жана мыйзамсыз куугунтуктоо үчүн жооптуу экенин белгилеген баяндама жарыялаган. Мындан соң Жөөттөрдүн жумушчу кыймылынын өкүлү партияны абалды оңдоо үчүн тезинен чара көрүүгө чакырган. Лейбористтердин учурдагы... Читать дальше...

Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү

Azattyk.org 

Садыр Жапаров баштаган 31-өкмөт 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ал жерде өлкө экономикасы, бюджеттин абалы жана коррупцияга каршы күрөш талкууланды. Финансы министринин маалыматы боюнча, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сомго чейин жеткен. Жыйында Садыр Жапаров кызматтык дайындоолор саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен ишке ашып жатканын жана коррупцияны жоюу татаал экенин айтты.

Баш мыйзам: Кыргызстан кайда багыт алат?

Azattyk.org 

Кыргызстанда Конституцияны 10-жолу өзгөртүү аракети башталды. Бул өзгөрүү демократиялык өнүгүүдөгү башкы баскыч болгон парламенттик башкаруу системасын бекемдейби же тескери багытка бурулуп, бийликти бир колго топтоого шарт түзөбү? Өлкө Грузиядан эмнени үйрөнө алат?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Матраимовдун кармалышы "шоу" болду

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев криминалитет өзүн эркин сезип калганын айтып чыкты. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл деген Камчы Көлбаевдин кармалышын театрлашкан шоу катары сыпаттады.

Түгөй таап, түтүн булаткан төрт эгиз

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунда эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошту. Эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошкон үлпөт Түп районунда да болду. Ошентип, Ысык-Көлдө төрт эгиз түгөйлөрүн таап, түтүн булата баштады. Бул өзгөчө түгөйлөргө суктанып, сүрөткө түшкөнү келген айылдаштары да аз эмес.

Франция жабылып, Орусияда моргдор толду

Azattyk.org 

Францияда коронавируска байланыштуу 29-октябрдан тартып экинчи жолу толук карантин киргизилди. Орусиянын айрым аймактарында өлүкканаларга сөөктөр батпай калганы кабарланууда.

Эне-кыздын өлүмү менен бүткөн зомбулук

Azattyk.org 

Ошто күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин апасы да көз жумду. 22-октябрда жети айлык боюнда бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон. Аялынын жана кайненесинин өлүмүнө шектүү киши эки айга камакка алынды.


Музыкальные новости
Баста

Баста: «Я ходил в компьютерные клубы в Ростове. Любимый боец в MK – Шан Цунг»





Персональные новости
Apple

Apple возобновляет переговоры с OpenAI о внедрении функций ИИ в iPhone





Жогорку сот БШКнын арызын кечирээк алды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын Жогорку сотко экинчи ирет 29-октябрда тапшырды.

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жарык өчтү

Azattyk.org 

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жана «Электр станциялары» ишканасы билдирүү таратып, Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жагдайга байланыштуу түшүндүрмө берди. «Электр станцияларынын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Фейсбукка» койгон маалыматында белгилегендей, алгач «Түндүкэлектр» ишканасынын «Бишкек» көмөкчордонуна (110 кВ подстанция) энергия жиберген ЖЭБдин ачык бөлүштүрүүчү каражатынын (ОРУ - открытое распределительное устройство) кабелдик линиялары чапташып (замыкание) калган. Читать дальше...

Бишкектин дагы бир вице-мэрлигине ишкер Жамалбек Ырсалиев келди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай, коммуналдык чарба маселелерин тейлеген вице-мэрлик кызматына Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Мэрия кабарлагандай, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Жамалбек Ырсалиев ишкер, мурда Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. 29-октябрь эртең менен биринчи вице-мэрликке Алмаз Бакетаев, социалдык саясатка жооптуу вице-мэрликке Айжан Чыныбаева келген. Бакетаев Нариман Түлеевдин ордун, Чыныбаева Виктория Мозгачёванын ордун басты. Читать дальше...

Түрк президенти «Charlie Hebdo» журналын сотко берди

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шакаба чеккен карикатурасы үчүн франциялык «Charlie Hebdo» журналын сотко берди. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазып чыкты. Бир күн мурун Эрдогандын шакаба сүрөтү «Charlie Hebdo» журналынын соңку чыгарылышынын башка бетине жарыяланган. Анда түрк президентин ич кийимчен отургузуп, хижаб кийип, стакан көтөргөн аялдын этегин ачып жатканын тартышкан. Президенттин басма сөз өкүлү Фахреддин Алтун муну «маданий расизмди жана жек көрүүнү козутуу боюнча жийиркеничтүү аракет» деп атады. Читать дальше...

Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду камакта калтырды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алууну чечкен. Анын адвокаттары шаардык сотко даттанышкан эле. Читать дальше...

Франция: Ниццадагы чиркөөдө кол салууда үч киши каза болгону кабарланды

Azattyk.org 

29-октябрда Франциянын Ницца шаарында чиркөөдө болгон кол салуудан бери дегенде үч киши каза тапты. Алардын бирөө мыкчаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланды. Полициянын маалыматы боюнча, бычак менен куралданган адам эки кишини дароо өлтүрүп, үчүнчүсү чиркөөнүн жанындагы барга качып барып, ошол жактан оор жаракаттан жан берди. Дагы бир нече адам жарадар болду. Француз прокуратурасы терроризм боюнча териштирүү баштады. Ниццанын мэри Кристан Эстрози «Твиттердеги» баракчасына кол салуу шаардагы Норт-дам чиркөөсүнүн жанындагы болгонун жазды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В 2024 году исполняется 140 лет созданию в Москве первой общедоступной публичной бесплатной библиотеки





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певец

Певец Победы Александр Самсонов издал книгу о себе, семье и пути в профессию



Москва

Орловщина оказалась рядом с Москвой по росту цен на ЖКХ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net