Журтташтар: Кыргызстанды cактайлы
Чет жактагы журтташтар парламенттик шайлоодон жана жаңы келчү парламенттен эмнени күтүшөт? АКШ, Европа жана Жапониядагы журтташтарлын пикири кандай?
Чет жактагы журтташтар парламенттик шайлоодон жана жаңы келчү парламенттен эмнени күтүшөт? АКШ, Европа жана Жапониядагы журтташтарлын пикири кандай?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө соңку кезде көп жарнама болуп жаткан биоактивдүү кошулмалардын пайда-зыяны тууралуу баарлаштык. Адистер биокошулмаларды туура эмес ичсе адам айыккыс дартка кабылат дешет. Сиз кандай ойлойсуз? Сиз дагы биокошулма ичесизби?
3-октябрда үгүт иштери токтотулуп, шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталган. Бишкек шаарындагы №1007 шайлоо участкасынын мүчөлөрүн бир күн бою белгисиз жаран коштоп жүргөн.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту дене табы көтөрүлгөн адамдар парламенттик шайлоодо добуш бере албайт деген алгоритмге каршы чыкты. Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуш берүү боюнча мындай алгоритми шайлоочулардын конституциялык укугун чектейт. Ал алгоритм жарыяланган күндөн тартып БШКга кат жазганын, бирок жооп албаганын айтты. Акыркы жолу акыйкатчы 3-октябрда да БШКга кат жолдогон. “Акыйкатчы институту 12-сентябрда БШКнын шайлоодогу санитардык гигиеналык... Читать дальше...
Казакстанда Орусияга каршы чакырыктары менен таанылган Маргулан Боранбаев кармалды. Адвокаты Ануар Байдар ал Алматыда камакка алынганын билдирди. "Ага каршы тергөө былтыр ачылган, бирок далил жетишсиз болгондуктан кийинкиге калтырылган эле. 1-октябрь күнү тергөө кайра ачылганы тууралуу кокустан кабардар болдук. Тез арада эле Боранбаевди камакка алышты", - деди Байдар. Бир апта мурда орусиячыл блогер Эрмек Тайшибеков кармалган. Мындан улам айрымдар Москванын ачуусуна тийбеш үчүн улутчул көз караштагы Боранбаев да камалганын божомолдошууда. Читать дальше...
Парламенттик шайлоо маалында санитардык-гигиеналык талаптар тууралуу 7-сентябрда атайын алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, шайлоо күнү дене табы көтөрүлгөн атуулдар добуш берүүгө киргизилбейт. БШКнын айрым мүчөлөрү жана омбудсмен мындай алгоритмге макул эмес. Коронавирус жугузуп алган же оорунун белгилери бар адамдар 2-октябрда шайлоо участкасына арыз менен кайрылып, 3-октябрда үйүнөн, көчмө шайлоо урнасына добуш бере алары айтылган. Мындай арыз менен канча адам кайрылып, добуш бере турганы азырынча беймаалым. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо аны ойлондурган маселе - добуш сатуу көйгөйү болуп жатканын айтып, жарандарды мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу 3-октябрда "Биринчи радиого" берген кезектеги интервьюсунда билдирди. "Өзүнүн, балдарынын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам добуш сатпайт. Бул мамлекеттин келечегине, балдарынын келечегине, өзүнүн келечегине балта чабууга барабар",- деди Жээнбеков. Ошондой эле президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына... Читать дальше...
Орусиянын Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалды колдогон кезектеги акция уюштурулду. 2-октябрда жарандар "Путин бизге керек эмес!" - деген чакырык менен жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулар жаанчыл аба ырайына карабай, миңдей адам акцияга катышканын кабарлашты. Мэрия болсо беш жүздөй киши болгонун маалымдады. Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам байланыш номуруна 3-октябрда 360тан ашуун адам чалып, мыйзам бузуулар тууралуу эскертти. Андан тышкары, добуш сатып алуу, административдик ресурска каршы укук коргоо органдары менен биргеликте иштеген ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топко ушул эле күнү алты арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирди. Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. 3-октябрда эртең менен саат сегизде үгүт иштери токтотулган. Читать дальше...
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдар тобу менен барып, добуш берүүгө чогулганы тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова "Азаттык" радиосуна билдирди. Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. Жекшембиде үгүт иштери токтотулуп, шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталган. Бул жараян эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин уланат. Читать дальше...
Орусиядагы Маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин жана журналисттердин кесиптик кошууну Ирина Славинанын өлүмүнө терең кайгыруусун билдирди. Билдирүүдө бул окуянын түбүндө адамды өзүн өлтүрүүгө түрткөн кылмыштын белгилери бар экени айтылып, ал иликтениши керектиги белгиленген. Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина 2-октябрда Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койгон. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей каза тапкан. Читать дальше...
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Кезектеги алтынчы жана акыркы чыгарылышта Элмурат эки кыргызстандыкты кепке тарткан. Алардын ишениминдеги окшоштук – алар экөө тең кандайдыр бир диний окууга бекем карманбаганында. Бирок алар атеист же агностик дагы эмес. Алардын ишеними тууралуу өздөрүнөн угуп көрүңүз. Подкаст жана автор тууралуу: Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган... Читать дальше...
Транспорт жана жолдор министрлиги Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына калың кар жааганын билдирип, Бишкек-Ош жолуна чыккан айдоочулардын автоунааларында сөзүз кышкы дөңгөлөк болушу керектигин эскертти. Аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп жатат. Адистер жолду тазалоо иштерин улантууда. Андан мурдараак Чүй облустук милициясы айдоочуларга кайрылып, Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөнүн кабарлаган жана кышкы дөңгөлөгү жок автоунаалар менен жолго чыкпоону эскерткен. Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун... Читать дальше...
Эки кыргызстандыктын ишениминдеги окшоштук – алар экөө тең кандайдыр бир диний окууга бекем карманбаганында. Бирок алар атеист же агностик дагы эмес. Алардын ишеними тууралуу өздөрүнөн угуп көрүңүз.
АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска чалдыкканына байланыштуу Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна тик учак менен жеткирилди. Ак үйдүн өкүлдөрү Трамп президенттик милдетин ооруканада уланта берерин билдиришти. Трамптын администрациясы АКШ президентинин шайы ооп турганын, бирок маанайы жакшы экенин маалымдаган. Дарыгери Шон Конли президенттин өз милдетин улантууга күчү жетерин айтты. АКШ президенти жубайы экөө коронавирус жуктуруп алганы 2-октябрда кабарланган. Бул... Читать дальше...
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо күнү өкмөт үйүндө телефон борбору тынымсыз иштейт. Расмий маалыматка ылайык, call-борборго шайлоочулар шайлоо эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушуна байланыштуу маселелерде телефон чалып, кабарлашса болот. Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Факс: (0312) 66 61 97. «Кыргызтелекомдун» Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык акы алынат. Читать дальше...
Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барган «Сорос Кыргызстан» фондунун ишмердүүлүгүн «Антитеррор» коомдук уюму айыптап, фонд салык төлөбөй, гранттарды туура эмес таратып, өлкөнүн ички саясатына аралашып жатканын айтып чыгышты. Фонддун жетекчилиги коюлган айыптарды четке кагууда. «Антитеррор» аттуу коомдук бирикменин мүчөлөрү Ильдар Биккенин, Роман Ремнев, Александр Толмачев 1-октябрда басма сөз жыйынын уюштуруп, «Сорос Кыргызстан» фондунун ишмердүүлүгүнө доомат коюшту. Активисттер бийлик жана... Читать дальше...
4-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болот. Абанын температурасы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7... Читать дальше...
Азербайжан президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы жаңжалды жайгаруу жаатында сүйлөшүүлөргө Баку дайыма даяр экенин билдирди. Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалына берген интервьюда айтканын 3-октябрда "Интерфакс" жазды. Алиев Тоолуу Карабактагы конфликтке Армениянын деструктивдүү саясаты негиз болуп жатканын, ошондуктан көп жылдардан бери абал чыңалып келгенин белгиледи. 2-октябрда Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ)... Читать дальше...
Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты. Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты. Жаңы катталгандар: Баткен облусунда - 38; Ош облусунда - 33; Бишкек шаарында - 22; Жалал-Абад облусунда - 17; Ош шаарында - 8; Ысык-Көл облусунда - 6; Чүй облусунда - 2; Нарын облусунда - 2. Читать дальше...
Парламенттик шайлоодо добуш берүү тилкесине бара албай турган 29010 адам катталды. Алардын добушу 3-октябрда эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө урна аркылуу топтолот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, бул жараян өлкө аймагындагы 1834 шайлоо тилкесинде жүргүзүлөт. Шайлоо комиссияларынын ишине байкоочулар жана журналисттер күбө боло алат. "Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн... Читать дальше...
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузакта милицияга баш бербей, каршылык көрсөткөнгө аракет кылган куралчан кишилер кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2-октябрда түштөн кийин Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Милиция ыкчам маалыматтын негизинде ВАЗ2121 үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочуну текшере баштаган учурда белгисиз кишилер келип, ызы-чуу салышкан. Алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтө баштаганда күч кызматкерлери эскертүү иретинде ок атышкан. Читать дальше...
Беларустун Тышкы иштер министрлиги бардык чет элдик маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарды. Бул тууралуу 2-октябрда мекеменин сайтында кабарланды. Расмий маалыматка ылайык, мындай чечим Беларустагы чет элдик маалымат каражаттарын каттоодон өткөрүү боюнча жаңы жобого ылайык кабыл алынды. Чет элдик медиада эмгектенген журналисттердин ишмердигине уруксат берген бардык документтер 2-октябрда токтотулат. Мурдараак tut.by басылмасы "Азаттык" радиосунун беларус кызматынын, "Настоящее Время"... Читать дальше...
Чүй облустук милициясы 3-октябрда айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашууга, Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөнүн кабарлады жана кышкы дөңгөлөгү жок автоунаалар менен жолго чыкпоону эскертти. Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинелер ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого чакырды. Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнү Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгү болуп саналат. Төө-Ашуу Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү ашуу. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдөгү көп мамлекеттерде демократиялык институттар жана адам укуктары коркунучка кабылды. Бир катар мамлекеттерде бийлик пандемияны шылтоолоп, шайлоо жараяндарына, маалымат каражаттарына жана коомдук уюмдардын ишмердигине байланыштуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу "Freedom House" эл аралык адам укуктары уюмунун 2-октябрда жарыялаган "Карантиндеги демократия" деп аталган баяндамасында айтылат. Анда 91 мамлекетке анализ жасалып, 21и эркин, 39у жарым-жартылай эркин, 31и эркин эмес эмес деп сыпатталган. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.