Чүй милициясы айдоочуларга кайрылды
Чүй облустук милициясы 3-октябрда айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашууга, Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөнүн кабарлады жана кышкы дөңгөлөгү жок автоунаалар менен жолго чыкпоону эскертти.
Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинелер ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого чакырды.
Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнү Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгү болуп саналат.
Төө-Ашуу Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү ашуу. Деңиз деңгээлинен 3586 метр бийик.(SE)