ИИМ: Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 11-октябрда кармалды. Алар учурда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгында көрсөтмө беришүүдө.
6-октябрга оогон түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, абактардан ондогон жарандар бошотулган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) менен кылмыш иши козголуп, бирдиктүү реестрге катталган.
Бишкек шаарындагы массалык башаламандыктарга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки жансакчысы: Канат Сагынбаев жана Дамир Мусакеев менен, “СДП” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарып кетишкен.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.
Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрдагы башаламандык учурунда абактан чыккан Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка шайлады. 10-октябрдан тартып президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагында Өзгөчө абал киргизилди. (ZKo)