Вирус жугузган медкызматкерлер 3400дөн ашты
Бир сутка ичинде Кыргызстанда 22 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, илдетке чалдыккан кызматкерлердин сегизи Ош облусунда, алтоо Ош шаарында, төртөө Баткен, дагы төртөө Жалал-Абад облусунда. Ал эми бир суткада стационардан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкканы кабарланды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медициналык кызматкерлер 3415ке жетти. Читать дальше...