Жарандык көзөмөл комитети оппозиция лидерлерин камабоого чакырууда
Жарандык көзөмөл комитети президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына кайрылып, оппозициялык лидерлерди камоону токтотууну талап кылды.
«Кыргызстан мыйзамсыздыктын сазына батты. Коопсуздук сектору менен анын болгон ресурстары мыйзамды сыйлаган жарандарды, Конституцияны коргоого багытталбай, саясий оппоненттердин ич ара тирешинин куралына айланды. Саясий оппозиция азыр чоң коркунучта. Жарандык көзөмөл комитети оппозиция лидерлерине кол салып, коркутуп, камоолорду токтотууну талап кылат», - деп жазылган кайрылууда.
Кайрылууда 9-октябрда жаңжал менен коштолгон Ала-Тоо аянтындагы митингди мисал келтирилип:
«Аянтта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун принциптерине ылайык, тынч адамдардын митингге катышуу коопсуздугун камсыз кылчу бир да милиция жок болду. Натыйжада кагылышуу болуп, бир нече адам жараат алды. Эртеси бул кагылышууга айыптууларды издегендин ордуна укук коргоо органдары президент Алмазбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековду кармап, массалык башаламандык уюштурду деп камап коюшту. Ошол эле маалда соттон толук акталган чечими чыга элек Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жыйын болду».
Кайрылууда ошондой эле 9-июлдан баштап өзгөчө абал киргенине карабай Жапаровдун тарапташтары аянтта коомдук тынчтыкты бузуп, түн оокумга чейин бийлеп, сайрандаганы сынга алынган.
9-октябрда үч жерде кайчылаш митингдер өтүп, Ала-Тоо аянтындагы митингде чыккан жаңжалда таш, бөтөлкө ыргытылып, ок атылган жана анда кеминде жети киши жараат алган. Муну Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурганы кабарланып, бул дооматты алар төгүндөгөн. Бул учурда жанаша жайгашкан Ала-Тоо аянтында Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышкан.
Президент Жээнбековдун жарлыгы менен 9-октябрдан баштап Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилген. 10-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка шайлаган. (BCh)