Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Вице-спикер депутаттарга коркутуу болгонун айтты

0
Вице-спикер депутаттарга коркутуу болгонун айтты

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты.

Ал 11-октябрда парламенттин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын «Азаттыкка» билдирди. Бирок ал депутаттардын ысымдарын ачык айткан жок.

«Кечээги жыйында премьер-министрди дайындоо эмес, премьер-министрдин программасын жана өкмөттүн курамын бекитүү маселеси каралды. Депутаттардын көпчүлүгү, жок дегенде 61 депутат ошол жыйында отурушу керек эле. Кечээ мен барда 46 депутат отурган. Алты ишеним кат. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби, биз бир сааттан ашык отуруп калдык. Кворум такыр болбой жаткан. Мен катышкым келген жок. Анткени, башынан эле мыйзамсыз болоруна көзүм жетти. Анын үстүнө ошол жерде «силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер» деп депутат Урмат Самаев коркутуп жүрдү. Мени да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, «келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз деген сөз болду», - деди Аида Касымалиева.

Депутат «Фейсбуктагы» баракчасына мыйзамсыздык болгону үчүн кезексиз жыйындан чыгып кеткенин буга чейин жарыялаган.

Депутат Урматбек Самаевдин өзү менен байланышуу, Аида Касымалиеванын билдирүүсү тууралуу комментарий алуу боюнча аракет азырынча натыйжа бере элек.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапкерлери сессия мыйзамдуу өткөнүн айтып жатышат.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин бекиткен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгонун «Азаттыкка» билдирди.

«Азыркы тапта өлкөдөгү жалгыз легитимдүү орган – парламент. Парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип берип жатат. Өткөндө «Достук» мейманканасында анын талапкерлигин депутаттар бекиткен. Бирок ошондо шашып, өкмөттүн программасы менен курамын бекитпей калышкан эле. Ошондуктан кечээ мамлекеттик резиденцияга кайрадан чукул жыйынга чогулушуп, өкмөт курамы менен программасы бекитилди. Ал жерде премьер-министрди бекитүү маселеси турган эмес. Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду».

Ал эми «Мекенчил» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган парламент жыйынында депутаттар коркутууга кабылды деген пикирин негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди.

Бакыт Аманбаевдин айтымында, парламент жыйынында кворум болгон жана Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамдуу. Ошондой эле ал Аида Касымалиеванын эл өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев коркутуп жүргөн дегенине да кошулбайт:

«Төрт күндөн бери Кыргызстан оор абалда, өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турат. Бирден-бир легитимдүү орган деп Жогорку Кеңеш аталып жатат. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп туруп, өлкөнү укуктук талаага келтирүүгө ар бир депутат өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, отурумга катышып, каршы болсо каршы пикирин айтышы керек болчу да. Тескерисинче отурумга келип, бирок катышпай, кетип калып, ар кандай сөздөрдү айтууну кандай деп бааласак болот? Коркутту десе, ал мектептин кичинекей окуучусу же катардагы адам эмес да. Ал деген Жогорку Кеңештин депутаты. Эмне үчүн ошол жерде маалымат жыйынын өткөрбөйт. Анткени ал жерде ЖМК өкүлдөрү көп жүрдү».

Ал арада Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 10-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо боюнча кезексиз жыйында кворум чогулган жок деп айтып чыкты. Ал жыйында парламенттин регламенти бузулганын «Азаттыкка» маалымдады.

«Кворум болгон эмес. Себеби, 61 депутат ошол жерде отурушу керек болчу. 61 депутаттын ишеним катын санаш керек болчу. Кечээ менин маалыматым боюнча 51 депутат отурган. 10 ишеним кат болгон. Бирок ошол эле кезде кээ бир депутаттар башка фракциядан ишеним кат алышкан. Бул «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга туура келбейт. Ишеним катты фракциянын ичиндеги депутат фракциялашына гана бере алат. Башка фракциянын депутаттарына бере албайт. Мисал катары айтсам, Сайдулла Канболотович (Нышанов - ред.) депутат Иса Өмүркуловдон ишеним кат алган. Мына, бул мыйзамсыз болуп жатат. Ошондуктан, жыйында 61 депутат отуруп, ишеним катты санашы керек болчу».

Парламенттин 51 депутаты катышып, ону ишеним кат менен добуш бергени айтылган 10-октябрдагы кезексиз жыйынга Дастан Бекешев барган эмес. Ал ишеним катты эч кимге бербегенин, анын ордуна эч ким добуш бербегенин айтты.

«Бизди чакырганда ар кайсы талапкерлерди карайбыз деп айтышкан. Тилекке каршы андай болбой, бир эле талапкер көрсөтүлүп калды», - деди Бекешев.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов да Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт», - деп жазды Кулов.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Мэр Собянин: в Москве стартовали испытания первого в РФ беспилотного трамвая


Спорт в России и мире
Москва

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге: «Ингушетия может стать настоящим открытием даже для опытных туристов»





Путин в России и мире
Москва

Путин встретился с патриархом Кириллом


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Посол Белоруссии: Лукашенко и Путин обсудят учения с тактическим ядерным оружием




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

"Зеленскому приготовиться". В Киеве раскрыли, что задумал Порошенко


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Градский

«КП»: могила композитора Александра Градского оказалась заброшенной



Москва

Россияне стали чаще заказывать сборку и ремонт мебели

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net