Суваналиев: Бир да аткаминерди сыртка чыгарбайбыз
Өмүрбек Суваналиев "президент кайда экенин билбейбиз. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз" деди.
Өмүрбек Суваналиев "президент кайда экенин билбейбиз. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз" деди.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди. Ал “Азаттыкка” Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты. “Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Читать дальше...
Бишкектеги президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн каптап, түтөп жатат. Азырынча имараттын жанында эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. Читать дальше...
Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан “Твиттерге” жазды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган. Мунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутат Садыр Жапаров да абактан бошотулган. 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иретинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан чыгарылды. Аны тарапташтары барып тосуп келишкенин Исаковдун адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” кабарлады. Адвокаттын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялардан соң жарандардын талабы менен Сапар Исаков абактан чыкты. “Бирок мыйзамга ылайык, жакын арада Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери кайрадан сотто каралып, актаган чечим чыгышы керек. Баары укуктук талаада болушу керек”, - деди адвокат. Читать дальше...
№27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтка алынып келгенден кийин митингчилердин алдында сөз сүйлөдү. Ал элди аянттан тарап кетүүгө, бардык маселелерди мыйзамдуу, легитимдүү жол менен чечүүгө, мыйзамсыздыктан алыс болууга чакырды. «Каракчылык, басып алуу жолу менен эч нерсе чечилбейт. Сабырдуу болуңуздар», - деди Жапаров. Митингдин катышуучулары «Тарабайбыз!» деп кыйкырып жатышат. Буга чейин митингчилер УКМКга кирип барып, атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Читать дальше...
5-октябрда башталган митингдер массалык башаламандык менен уланып, №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтта чогулган митингчилерге келди. Азыркы тапта ал чогулгандарга сөз сүйлөөгө аракет кылып жатат. УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган. Буга чейин митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотушкан. Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео да социалдык желеге тараган. Анын алдында митингчилер УКМКга кирип барышкан эле. Читать дальше...
Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат абактан чыгарылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «качандыр бир кезде Кулов жасагандай, кайрадан түрмөгө барып, сот аркылуу бошонушу керек» деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» барагына жазды. Ошондой эле профессор кырдаалдан чыгуунун жолу катары «Жээнбеков кетип, ноябрда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек, өкмөт куралып, жаңы депутаттар премьерди шайлашы керек» экенин билдирди. Абактагы мурдагы президент... Читать дальше...
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров катуу сабалганы тууралуу кабарларды партиянын тизмеси менен шайлоого катышкан мурдагы депутат Исхак Масалиев төгүндөдү. Анын айтымында, Мадумаров аянттагы чогулган элге барганда Садыр Жапаровду бошотуу жөнүндө талап коюлуп, оозеки кайым айтышуу болгон. Партия лидери автоунаага түшүп кетип бара жатканда айрымдар автоунаага кол салууга аракеттенишкен. «Мунун баары саясатчыны тааныбай калып, башаламандыктан улам болду. Чогулган элди айыптаса болбойт. Читать дальше...
Коомдук телеканалдын имаратына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан партиялардын 20дай өкүлү барып, түз эфирде элге кайрылып жатат. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулаганын айтышты. Элди талоончулукка барбоого, мамлекеттин мүлкүн сактоого жардам берүүгө чакырышты. КТРКнын жетекчилиги аларга түз эфир берүүгө макул болгон. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков «бардык саясий күчтөр өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактап каларына ишеним» билдиргенин «Азаттыкка» анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Ага чейин Стамалиева Жээнбеков Бишкекте экенин, саат 02.00гө чейин Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн маалымдаган. Буга чейин митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына кирип барып, жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнө киришкен. Ал арада... Читать дальше...
Кыргызстандагы саясий кризистен чыгыш үчүн 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган 13 партиянын мүчөлөрүнөн координациялык кеңеш түзүш керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди. Депутаттын айтымында, абалды көзөмөлгө алуу үчүн элдик ишенимдеги өкмөт түзүлүшү зарыл. Конституциялык алкактан чыкпаш үчүн VI чакырылыштагы парламент чукул жыйынга чогулуп, төраганы алмаштырышы керек. Андан соң жаңы шайлоо белгиленет. ... Читать дальше...
«Замандаш» партиясынын талапкери Мелис Турганбаев күндүз коомдук тартипти жөнгө салуу иштери аткарыларын билдирди. Ал 5-октябрда башталган митинг учурунда өкмөттүн өкүлдөрүнө шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну тынчтык жолу менен чечүү маселесин коюшканы менен натыйжа чыкпай, митингге чыккан элге ок атылгандыктан ушундай кырдаал түзүлгөнүн билдирди. «Мындан ары партия лидерлери сүйлөшүп, элдик бийлик түзүлөт. УКМКдан экс-президент Алмазбек Атамбаев, №27 колониядан Садыр Жапаров жана Сапар Исаков чыгышын да күтүп жатабыз. Читать дальше...
Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратына кирип барган митингчилер «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Тимур Абылаев «Азаттыкка» билдирди. «Ак Үйдүн ичин талкалап салышты. Терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланып, чачылды. 2010-жылдагы көрүнүш кайра кайталанды. Эл катуу ыза болуп, ачуусу келип калган экен. Анткени элге ок атылып, жабыркагандар көп болбодубу», - деди Абылаев. Ал ошондой эле «имарат ичинде эл көп... Читать дальше...
Бишкектеги болуп жаткан окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Акылбек Жапаров «Азаттыкка» пикирин билдирди. Ал фракция лидери Алтынбек Сулайманов менен азыр эле сүйлөшкөнүн, 6-октябрда парламент кезексиз отурумга чогулуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулоо маселеси каралып жатканын кабарлады. «Биз мындай кырдаалды мурда да башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр бийликтин вакууму болбош керек. Эгерде президент өлкөдөн кетип калбаса аны менен чогулуп, кайра шайлоону белгилөө зарыл. Кайра шайлоо мыйзам боюнча 45 күндүн ичинде болот. Читать дальше...
Коомдук телеканалдын имаратынын алдында ушу тапта 20дай киши түз эфир талап кылып турушат. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, алар каналдын жетекчилиги менен телефондон сүйлөштү. Аларга телеканал эфир берүүгө макул болгону кабарланды. Учурда алар каналдын студиясына кирип жайгашты жана элге кайрылганы турушат. Муну менен алар элге маалымат жеткирүүнү көздөй турганын айтышты. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин тынчтык акциясы массалык башаламандык менен коштолду. Читать дальше...
Бишкектеги болуп жаткан окуялардын айланасында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев мыйзамсыздык болуп жатканына өкүнөрүн, мындан ары мамлекеттик бийликти сактап калуу зарыл экенин билдирди. «Мыйзам үстөмдүк кылсын десек, азыр VI чакырылыштын депутаттары жаңы төрага шайлап, мамлекеттин эми эртеңи кандай болот деген маселени чечиши керек», - деди ал «Азаттыкка». 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып... Читать дальше...
Саясатчы Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулганы социалдык тармактарда кабарланып, Жапаровдун сүрөтү жарыяланды. УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган. Буга чейин митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотушкан. Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео да социалдык желеге тараган. Анын алдында митингчилер УКМКга кирип барышкан эле.
Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылганы кабарланууда. Учурда жоон топ адам комитеттин Бишкектеги имаратынын алдында топтолуп турат. Анын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккан митингчилер президенттик администрациянын ичине кирип барышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы эле Бишкекте экенин 24.kg маалымат агенттиги мамлекет башчынын басма сөз катчысына шилтеме кылып кабарлады. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте экенин 24.kg агенттигине анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында саат 02.00гө чейин Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Президент каршылык акцияларынын уюштуруучуларынын акыл-эстүүлүгүнө үмүт артары да кошумчаланат. Буга чейин митингчилер президенттик администрацияга кирип барып, жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнө киришкен. Ал тапта Интернетте... Читать дальше...
Жарандык активист Улан Үсөйүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдына барган адамдар мекеменин дарбазасын талкалаганын "Фейсбукка" жазды. “Спецназ чыгып эл менен экенин билдирди. Эл Жапаров, Исаков, Атамбаевди бошотууну талап кылууда", - деп жазды Үсөйүн. Маалыматты расмий булактардан тактоого азырынча мүмкүн боло элек.
6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти. Бул тууралуу окуянын жеринен “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.