Өкмөттүн кызматкерлери коомчулукка кайрылуу жасады
Өкмөттүн мүчөлөрү мыйзамдарды сактоого чакырып, Кыргызстандын жарандарына кайрылышты. 6-октябрда чыккан кайрылууда алар мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин үзгүлтүксүз ишин, коомчулуктун коопсуздугун, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана ишкерликти улантуу үчүн мыйзамдарды сактоого чакырган. "Өз кезегинде биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерибизди аткарууну улантабыз" деп жазылган кайрылууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөт толук курамы менен, премьер-министр өз ордунда иштеп жатканын маалымдады. Читать дальше...