Митингчилер УКМКга кирип барышканы кабарланууда
Жарандык активист Улан Үсөйүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдына барган адамдар мекеменин дарбазасын талкалаганын "Фейсбукка" жазды.
“Спецназ чыгып эл менен экенин билдирди. Эл Жапаров, Исаков, Атамбаевди бошотууну талап кылууда", - деп жазды Үсөйүн.
Маалыматты расмий булактардан тактоого азырынча мүмкүн боло элек.