Кийинки окуу жылын да аралыктан уюштуруу ыктымалдыгына даярдык көрүлөт
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кийинки окуу жылын да дистанттык негизде жүргүзүү ыктымалдыгына даярдык көрөт. Бул тууралуу 30-апрелде онлайн-брифингде министр Каныбек Исаков билдирди.
Ал “Күзүндө коронавирустун жаңы толкуну болушу ыктымал деп жатышат. Окууну кийинки жылы дистанттык негизде өткөрүү маселеси каралып жатабы?” деген суроого төмөнкүчө жооп берди:
“Кыргызда “Жаман айтпай жакшы жок” деген сөз бар. Глобалдашкан коомдо биз бардык кырдаалдарга даяр болушубуз керек. Ошондуктан азыркы тажрыйбаны эске алып, жайында бир жыл бою пайдалана турган видеосабактарды тарталы деген оюбуз бар. Эгерде ошондой кырдаал жаралса биз сентябрдан тартып азыркыдан кадыресе жогорку деңгээлде дистанттык окутууга барабыз деген планыбыз бар”.
Кыргызстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда 1 миллиондун тегерегинде окуучу билим алат.
Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер да убактылуу жабылган. Учурда окуучулар аралыктан билим алып жатышат. (RK)