Орусияда бир күндө 7 миңден ашык адамдан коронавирус табылды
Бул оору алгач катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды жана илдетке кабылгандардын жалпы саны 106 миңден ашты. Ыкчам штаб бир күндүн ичинде 101 адам каза болгонун, ажал тапкандардын саны миң кишиден ашканын кабарлады.
Коронавирус жугузгандар боюнча Москва алдыда. Илдетке кабылган жана каза болгон адамдардын теңинен көбүрөөгү бул шаарга туура келет. Орусияда өлкө боюнча өзгөчө абал, же өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес.
Апта башында президент Владимир Путин өлкө боюнча эс алуу күндөрүнүн мөөнөтүн 11-майга чейин узарткан. Айрым аймактарда карантин жарыяланган.
Москва шаары менен Подмосковьеде өткөрмө кагаз менен жүрүү режими киргизилген.