Матрезервдин уну арзан баада сатылат
Өкмөт ундун баасы кымбатташына жол бербөө максатында Мамлекеттик материалдык резерв фондунан алынган унду арзан баада сатууну көздөп турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, Матрезервдин 1-сорттогу бир кап уну 1400 сомдон сатылат.
«Бизге өкмөт тапшырма берди. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун унун 1400 сомдон ашырбай сатыш үчүн атайын жайларды даярдап жатабыз. Бул ун кызыл кулактыкка жол бербеш үчүн дүкөн-базарларга түшүрүлбөйт», - деди Түлөбаев.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин киргизилген алгачкы күндөрү Кыргызстанда ундун тартыштыгы байкалып, баа кескин көтөрүлгөн. 1000-1200 сом турган биринчи сорттогу бир кап ун 1700-2000 сомго чыккан.
Монополияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттик ундун бир килосун 32 сомдон ашырбай сатууну талап кылган.
Буга чейин өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7,9 тонна ун бөлгөн. Ал бардык облустардагы жана шаарлардагы кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга таратылып берилген. (ZKo)