Коронавируска бекер текшериле тургандардын биринчи тобу аныкталды
![Коронавируска бекер текшериле тургандардын биринчи тобу аныкталды](https://gdb.rferl.org/A53100F8-2538-44F9-AA17-51D9DE5FC47F_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда биринчилерден болуп коронавируска бекер текшериле тургандардын тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу 28-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бул тизмеге өтө кооптуу шартта иштеп жаткан медицина кызматкерлери кирип жатат.
«Бекер текшериле тургандардын биринчи тобу аныкталды, - деди ал. - Алар Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун коронавирус жуккан адамдар, алардын жанындагылар менен жакын контактта болгон кызматкерлери. Алар алдыңкы катарда иштегендер, себеби вирус жаңы жуккан адамдарга карата эпидемияга каршы абдан көп иш жүргүзүлөт».
Үсөнбаев билдиргендей, алгачкы топ текшерилген соң кийинкилердин тизмеси аныкталат.
Буга чейин Бишкектеги №17 жана №3 бейтапканаларынын кызматкерлеринен коронавирус табылганы расмий айтылган.
28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты.
708 адамдын 185и медицина кызматкери.
Жеке менчик Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР-анализ жүргүзөрү кабарланган. (RK)