ӨКМдин Оштогу түзүмүнүн жетекчиси алмашты
![ӨКМдин Оштогу түзүмүнүн жетекчиси алмашты](https://gdb.rferl.org/52E0F4DC-17B2-47FE-80F3-FB9474431099_cx0_cy29_cw0_w800_h450.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп Асан Сулайманов дайындалды. Аны 28-апрелде эмгек жамаатына министр өзү тааныштырды.
Асан Сулайманов буга чейин аталган башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген тажрыйбасы - 17 жыл. Үй-бүлөлүү, 45 жашта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрликтин Ош облусундагы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алмаз Эргешов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. (ZKo)