Чек ара маселелери боюнча кеңешме өттү
![Чек ара маселелери боюнча кеңешме өттү](https://gdb.rferl.org/06DAEDB8-900A-4FCA-BC40-8A4F4EE96872_cx11_cy4_cw67_w800_h450.jpg)
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров онлайн режимде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынга Чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.
Маалыматта «Мадумаров буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында чек ара боюнча маселелердин, ошондой эле чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иштерди сапаттуу улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү тууралуу Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды» деп айтылат.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик тармактык органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Баткен облусунун жетекчилигине жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.