29-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
![29-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/FCC1F183-966D-4FE7-A3C4-39C4D1F625DA_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
29-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градус болот.