Менчик лаборатория COVID-19га тест алат
Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен менчик лабораторияга коронавирусту текшерүүгө уруксат берилди. Бул тармакта 25 жылдан бери ишмердик кылган, аймактарда 40тан ашуун филиалы бар Бонецкий лабораториясына атайын имарат да бөлүндү.