Жапонияда жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды
Жапон бийлиги коронавируска байланыштуу жагдайдан улам бүтүндөй өлкөгө өзгөчө абал киргизди. Премьер-министр Синдзо Абэ 16-апрелдеги телекайрылуусунда мындай режим бери дегенде 7-майга чейин сакталарын айтты. Ал муну оору тарап жатканы менен негиздеди.
Өкмөт башчы оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу керектигин белгиледи. Өлкөнүн ар бир жаранына карантин маалында ай сайын миң доллардай төлөнүп турарын маалымдады.
Жапон өкмөтү борбор Токио баштаган жети аймакка 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизген. Өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө бир триллион долларга жакын каражат бөлүнөрүн билдирген.
Соңку маалымат боюнча, Жапонияда коронавирус 8,5 миңден ашык адамдан аныкталды, илдеттен 178 киши көз жумду.
Дүйнө жүзү боюнча оору жуктуруп алгандардын саны 2 миллион адамдан ашты. Коронавирустан 134 миңге чукул киши көз жумду. Соңку бир күн ичинде АКШда, Британияда жана Францияда оору жуктуруп алгандардын саны өстү.